Биз социалдык тармакта

МОЮН КАН ТАМЫРЛАРЫ ИЧКЕРСЕ БАШ АЙЛАНЫП, КӨРҮҮ НАЧАРЛАЙТ

Баш оору – дүйнөдөгү эң көп таралган оорулардын бири. Анын себептерине жогорку кан басым, стресс, шакый, кан тамырлардын ичкериши, баштан жаракат алуу, мээнин шишиги жана башкалар кирет. Ооруган сайын дары ичүүнү адатка айландырбай, анын себептерин тактап, оорунун булагын табуу кажет. Бул жаатта неврологдор сизге жардам берет. Айтылган оорулардын ичинен моюн кан тамырларынын ичкерип кетишинин кесепети, аны алдын алуу тууралуу маалымат беребиз. 

 

Моюн артериялары мээни кан менен жабдыйт

Моюнда оң жана сол уйку жана омуртка (вертебралдык) артериялары бар. Мээни кан менен дал ушул кан тамырлар жабдыйт. Уйку артериялары көкүрөк туштан башталып, моюндун 2 тарабынан 2 кулактын түп жагынан башты көздөй өтөт. Булар мээнин чоң жарым шарларынын алдыңкы жана ортоңку бөлүктөрүн кан менен камсыздайт. Ошондой эле бетти, моюн, жаактарды, тилди, баштын чачтуу бөлүктөрүн, көздү кан менен камсыздайт. Мээге келген жалпы кандын болжол менен 70 пайыздайы ушул системге туура келет.

Вертебралдык эки артерия акырек туштан башталып, моюн омурткаларынын 2 тарабы аркылуу башка өтөт. Алар баш сөөктүн ичине киргенде биригип, бир чоң артерияны түзүп, мээнин арткы бөлүгүн, кичине мээни (мозжечок) жана мээнин сөңгөгүн кан менен камсыздайт. Айтылгандар болсо мээнин координация, угуу жана көрүүгө жооп берүүчү бөлүктөрү. Мээнин сөңгөгү болсо дем алууну, жүрөктүн кагышын башкарат. Бул системге мээнин кан айлануусунун 30 пайыздайы туура келет.

Кан жетпегенден баш оору жаралат

Айтылган уйку жана вертебралдык кан тамырлар ичкерип кетсе, анда мээ кычкылтек жана керектүү азык-заттар менен толук камсыздалбай калат да, баш оору келип чыгат. Дары ичкенде басылгандай сезилет, бирок оору кайталана берет. Ошентип баш оору эмнеден жаралып жатканынын себебин аныктап, ошого жараша дарыламайынча оору жоголбойт. Мээ болсо кычкылтектин өнөкөт түрдө жетпөөсүнөн жабыр тартат. Ошентип мээде “кычкылтек ачкачылыгы” жаралат. Оору өнөкөт жана курч кармаган түрүндө жолугат. Курч кармаганда инсульт жаралат.

 

Ичкерип кетүүлөрүнүн себептери 

• Атеросклероз. Бул артериалдык кан тамырларынын биринин май түйдөкчөсү менен бүтөлүп, кандын сызылып аз өтүп, бара-бара кан тамырдын ичкериши. Малдын майын, семиз этти көп колдонгондо кандын курамында зыяндуу холестерин да көп болот. Алар кан менен кошо кан тамырда жылып жүрүп, анан артериянын бир жерине жабышып калат. Ага башкалары да жабышып, май түйдөкчөсү жаралат.

• Моюн остеохондрозу, грыжасы. Бул дарт моюн омурткаларынын кемирчектериндеги зат алмашуунун бузулуусунан келип чыгат. Дарттын себепкерлери: бир орунда жылбай отуруу, туура эмес тамактануу. Зат алмашуунун бузулушунан кемирчектерге туздар уюйт да, кан тамырларды кысып, алар ичкерет. Моюндагы грыжа да кан тамырларды кысып, алардын ичкерүүсүнө жеткирет.

• Вертебралдык кан тамырлардын тубаса патологиясы (кемтиги). Мисалы, кан тамырлар кыска же узун болуп бүктөлүп калат да, кан жакшы өтпөйт.

• Стресс жана жогорку кан басым оорусу. Буларда кан тамырлар бат-баттан жыйрылып жана жазылып иштеп отуруп, акыры иштөөсү бузулат да, ичкерет.

• Тромбоэмболия. Артерияга тромбдун жабышып, бирок кан тамырды толук бүтөбөгөн учурда кандын аздан өтүп калышы. 

Өнөкөт түрүнүн белгилери

Аты айтып тургандай бул түрү акырындап жүрүп өнүгөт.

• Баштын оорушу, өзгөчө түштөн кийин

• Уйкусуздук же күндүзгү уйкусуроо

• Бат чарчап, шалдыроо

• Эс-тутумдун начарлай башташы

• Кээде кайда жүргөнүн так аныктай албоо

• Темселеп басып калуу же таптакыр баса албай калуу

• Апатия же көңүлдүн эч нерсеге чаппай башташы

 

Курч кармагандагы белгилери

• Баштын катуу оорутуусу, айлануусу

• Кусуу

• Колу-буттун сезгичтигинин азайышы, чымырашы, уюшу же эч нерсе сезбей калышы

• Көрүүнүн кескин начарлашы

• Кулакка үндөрдүн угулгандай болушу

• Сүйлөөнүн бузулуусу, булдуруктоо (инсультта)

• Айрым учурда эстен танып, кулап түшүү

Диагноз үчүн допплерография керек

Дарттын себептерин тактоо үчүн төмөнкү текшерилүүлөрдөн өтүү керектелет:

• Жүрөктүн электрокардиограммасы (ЭКГ).

• Жүрөктүн, аортанын, уйку артериясынын УЗИ жана допплерографиясы.

• Компьютердик-томографиялык ангиография же магниттик-резонанстык томография. 

Себептери табылгандан кийин аны четтетүү аракеттери жүрөт. Оору курч кармаганда тынч жерде башты ары-бери кыймылдатпай түз жатуу, “Тез жардамды” чакыруу кажет. Анан ооруканада жатып дарылануу сунушталат.

 

Дарылоодо башкысы – кан тамырларды кеңейтүү

Дарылоо дарттын себептерине жараша жүргүзүлөт. Жалпысынан дарылоодо төмөнкүдөй дары-дармектер колдонулат:

• Кан тамырларды кеңейтүүчү. Булардын таасиринен кан мээге жакшы барып баштайт. 

• Кан айланууну жакшыртып, мээге кычкылтектин жетишин камсыздоочу

• Нервди тынчтандыруучу

• Витамин-минералдар комплекси. Бул зат жана кан алмашууну калыпка келтирүү үчүн керек

• Кан тамырдагы холестериндин деңгээлин төмөндөтүүчү

• Ток менен дарылоо (физиолечение)

• Дарылоо жардам бербеген учурда операция жасалат.

 

Операциялык ыкмалар

•  Ангиопластика – кан тамырдын май түйдөкчөлөрү менен бүтөлгөн жерине стент (тирөөч) коюу. Тирөөчтү кан тамырдын ичине орнотуу үчүн баллон колдонулат. Баллон үйлөнгөндө тирөөч кереге сымал чоюлуп, кан тамырдын формасына келет. Анан баллон алынып салынат. Тирөөч кан тамырды бир калыпта кармап турат.

• Шунт коюу. Эгер ангиопластика жасоого мүмкүнчүлүк болбосо, мисалы, май түйдөкчөлөрү чоң же алар тамырды узатасынан жаап калса, анда шунт (жасалма кан тамыр) коюлат.

•Артериядагы тромб алынып чыгып, кесилген жерлер тигилет.

 

Оорунун алдын алуу

• Компьютерде бир калыпта узакка отуруу адатын таштоо. Эгер буга муктаждык болсо, анда көнүгүүлөрдү жасап, ары-бери басып туруу, массаж алуу, бассейнде сүзүү кажет.

• Стресстен убагында арылууну үйрөнүү.

• Атеросклероздо диета кармап, дарылануу.

• Малдын майын аз колдонуу же таптакыр колдонбоо.

• Майлуу, куурулган тамак-ашты аз ичүү.

• Ооруганда дароо текшерилип, дарылануу.

• Активдүү жашоо образын кармануу, спорт менен алектенүү.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1244, 23-29-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан