Уйлардын канча сүт бериши керектигин аныктаган негизги фактор – анын кайсы породадан экендигинде. Бирок генетика уйдун сүтүнө 40 пайыз гана таасир берип, калган 60 пайыз жаныбарга кандай кам көрүлөт, кандай шартта жашайт жана кайсы бир дарт менен оорубайбы сыяктуу бир нече факторлордон көз каранды. Үй шартында саан уйлардын сүтүн көбөйтүү ыкмалары менен бөлүшөбүз.
ЭМНЕ ҮЧҮН СҮТ АЗ ЧЫГАТ?
Уйдун сүтүнүн аз чыгышына бир нече факторлор жооп берет:
Порода – сүт породасындагы уй эмес болушу мүмкүн.
Салмак.
Жашы.
Жеген тоютунун сапаты.
Жашаган жеринин ыңгайлуулугу.
Түрдүү дарттар.
КАНДАЙ ООРУЛАР УЙДУН СҮТТҮҮЛҮГҮНӨ ТААСИР БЕРЕТ?
Саан уй кабылган дарттар анын байып кетишине түздөн-түз таасир берген негизги факторлордун бири. Кандай оорулар уйдун сүттүүлүгүнө таасир берет:
• Эмчегинин жарылып, кесилип, сезгениши. Уйдун желинине туура эмес кам көрүүдөн же такыр кам көрбөй коюудан, же башка факторлордон (бир нерсеге илинип же секирип желинди тилдирип алганда жана башка) улам эмчеги кесилет. Кесилген эмчекти саагандан катуу оорутуу жаралат. Бул учурда уй сүттү чыгарбай желинде сактоого өтөт да, бат байып кетет.
• Мастит. Уйларда көп кездешкен дарт. Кантип билсе болот? Уйдун жүрүм-туруму өзгөрөт, жанына киши жолоткусу келбей, сааганда тээп, качып калат. Сүткө аралаш кан, ириң агат. Уй бат байып кетет.
• Желиндин шишиги. Ички, сырткы факторлордон улам желин сезгенип, шишип кетет, сүтү качат.
• Тамак сиңирүү органдарындагы көйгөйлөр. Тамак сиңирүү органдарында дарты бар жаныбар жеген тамагын сиңире албай кыйналат, сүт бербей бат эле байып кетет.
• Безгек дарты. Кене жана башка мите курттар аркылуу жугат. Бул дартта малдын канындагы эритроциттерди бузуп, катуу ысытма (калтыратма) жаратат. Уй калтырайт, температурасы көтөрүлөт. Лимфа түйүндөрү шишийт, заарасы жана тезеги кан аралаш чыгышы мүмкүн. Бул дартка кабылган саан уй кыска убакытта эле сүт бербей калат.
Бул дарттардын баарында ветеринарга кайрылып, анын көрсөтмөсү менен жаныбарды дарылоо шарт. Дарттарды дарылоо кыйын, андыктан алдын алып туура кам көрүүгө, кене жана башка мите курттарга каршы вакциналарды алып турууга, тамак рационун тууралоого аракет кылуу зарыл.
СҮТТҮН КӨБӨЙҮШҮНӨ ЖАРДАМ БЕРЧҮ ЫКМАЛАР
1. Жетиштүү тоют жана анын көп түрдүүлүгү. Уйлардын тамак-аш рационундагы негизги азыктар: чөп, силос, дан эгиндери, концентрат жана кошулмалар болот.
Чөп – саан уйлар үчүн негизги тамак булагы. Андыктан чөптүн сапаты жогору болушу шарт, көгөрүп, чирип кеткен чөп берүүгө болбойт. Чөп – бул клетчатка. Клетчатка – жаныбардын тамак-аш сиңирүү органдарын туура иштетүүчү механизм болот. 100 килограмм салмакка 2-2,5 килограмм чөп бериш керек күнүнө. Уйуңуз канча килограмм экенин эсептеп, ошого жараша чөп бересиз (200 килограмм болсо 4-5 кг чөп).
2. Силос же ширелүү азыктар. Силос, кызылча, көк чөп, сабиз, картошка, жүгөрү жана башка жашылчалар көбүрөөк концентрацияланган тоют болуп эсептелет. Булар жаныбарга көп энергия берет.
3. Дан эгиндери – бул энергиянын жана белоктун булагы. Сулу, арпа, буудай, жүгөрү дандарын белгилүү өлчөмдө берип туруңуз. Өтө көп өлчөмдө берүү туура эмес, уй семирип, сүтү азайып кетиши мүмкүн. Күнүнө бир маал берсеңиз жетиштүү.
4. Концентрат жана кошулмалар. Табигый тоют сүтүн көбөйтүүгө жардам бербесе, анда атайын концентрат жана кошулмаларды берип көрүңүз. Бул кошулмалардын курамында түрдүү витаминдер жана пайдалуу минералдар болот. Зоодүкөндөрдөн соя, рапс уну, “Валапро”, “Биокор”, "Бодривин" жана "Энерджи" кошулмасы, пробиотиктер, ферменттер, лизин жана метионин (аминокислоталар) жана башка түрдүү кошулмалар бар. Ветеринар менен кеңешип, уйуңузга кандай кошулма туура келерин тактап алыңыз.
5. Суу. Бир күндө жетишсиз суу ичкен уйдун сүтү ошол эле күнү аз чыгып калат. Чоң уй күнүнө 100-150 литрге чейин суу ичиши керек. Таза жана жаңы суу дайыма болушу шарт. Ар 2 саат сайын уйга суу берип, анан да саап бүткөндөн кийин да суу бериңиз.
6. Жаңы тууган уйду сөзсүз эртең менен жана кечинде бир убакта сааганга аракет кылыңыз.
ГИГИЕНА
Желиндин мастит жана башка ооруларын алдын алуу үчүн гигиенага көңүл буруу зарыл. Уйду саардан мурун жылуу суу менен желинди жакшылап жуу керек. Укалоо жолу менен жуусаңыз сүттүн калып, катып калуусун алдын алган болосуз. Жууп бүткөндөн кийин таза чүпүрөк менен жакшылап кургатуу керек. Уй саалып бүткөндөн кийин кайрадан чүпүрөк менен эмчегин кургатуу зарыл. Эмчеги кесилип, кургап жатса, анда ветеринардык дарыканадан «Зорька», «Нежность», «Бурёнка» сыяктуу же башка атайын кесилген эмчекке ылайыкталган кремдерди алып сүйкөңүз. Уй турган жер дайыма таза жана кургак болушу шарт.
КАНДАЙ ШАРТТА БАГУУ КЕРЕК?
Уй кармалган жай ыңгайлуу температурада болушу шарт. Өтө ысык эмес, өтө муздак эмес, таза аба жетиштүү жерде багыңыз. Өтө муздакта энергиясын организмди жылытуу үчүн, өтө ысыкта денесин муздатуу үчүн коротот да, сүт топтогонго алы калбай калат. Кышкысын 10-16 градус температурада кармоо зарыл.
Баспай бир жерде тура берген уйда кан жүгүрүү, зат алмашуу, тамак сиңирүү начарлайт. Андыктан күнүгө жетелеп бастырып турууну унутпаңыз (2-3 чакырым басса жетет). Басып турган уйдун тоютка табити жакшы болот. Жакшы тамактанган жаныбар жакшы сүт берет.
Саан уйлар үчүн 16 саат жарык керек. Кышкысын бул убакытка жетүү үчүн уйдун жанына лампочка коюп коюңуз.
Уй – коркок жана сезимтал жаныбар. Бийик үн, агрессия, ур-токмокко алуудан кадимкидей стресс алат. Коркуп калганда саадырбай, тээп, сүтү да бат байыйт.
Асыл Орозбекова