2026-жылдагы башкы тасмалардын бири режиссёр Кристофер Ноландын “Одиссеясы” болду. Гомердин поэмасынын негизинде тартылган тасма прокатта да өзүн бир нече эсе актап, кирешелүү тасмалардын катарына кошулду. Бул жылдагы башкы сыйлыктарга да ат салышат деп жатышат кино сынчылар. Дээрлик 3 саатка созулган эпикалык тарыхый тасма кантип жаралган?
Тарткан өлкө: АКШ, Улуу Британия
Чыккан жылы: 2026-жыл, 17-июль
Жанры: эпикалык тарыхый фильм, фэнтези,
Режиссёру жана сценаристи: Кристофер Нолан
Узактыгы: 173 мүнөт
Бюджети: 250 миллион доллар
Топтогон каражаты: 1,784 миллиард доллар
Башкы ролдордо: Мэтт Деймон, Том Холланд, Энн Хэтэуэй, Роберт Паттинсон, Лупита Нионго, Зендая, Шарлиз Терон
Эмне жөнүндө?
Картинада Итаканын падышасы Одиссей тууралуу баян. Троя согушунан кийин атактуу кол башчы жана падыша Одиссей (Мэтт Дэймон) үйүнө, жубайы Пенелопа (Энн Хэтэуэй) жана уулу Телемахка (Том Холланд) карай жол тартат. Бирок үйүнө жетчү жолу 20 жылга созулуп кетет. Анткени каарданган Кудайлар Одиссей менен анын жоокерлерине көптөгөн сыноолорду уюштурушат: циклоп, сиреналар, жез кемпир, адам жегич дөө-шаалар жана башка желмогуздар менен кармашууга туура келет.
Ошол эле учурда Итакада өзүнчө кармаш жүрөт. Одиссейдин көп жылдар бою келбегенинен улам аны тактан алып, ордун баскысы келгендер чыгат. Андыктан Пенелопа менен уулу Телемах ханышанын колун сурагандар, такка колун сунгандар менен өз алдынча, алынын жетишинче күрөшкөнгө туура келет.
Аялдын котормосу колдонулду
Гомердин “Одиссея” поэмасы англис тилине 60тан ашык ирет которулган. Ошол котормолордун бирин гана аял котормочу которуптур. Ал – Пенсильвания университетинин классикалык адабият боюнча профессору Эмили Уолсон. Профессор айым 2017-жылы Гомердин тилин болушунча заманбапташтырып поэманы которгон экен. Дал ушул вариант режиссёр Кристофер Ноланга жагып, тасма ушул котормодогу чыгармадан алынып тартылган. Бирок кино жарыкка чыккандан кийин котормочу айымга жакпай калган. Эмили айым режиссёр тасманын масштабына көп көңүл бөлүп жатып, Гомердин чыгармасындагы маанилүү жагдайлар көмүскөдө калганын айткан.
20 жылдык идея
Тарыхый эпикалык тасма тартуу идеясы режиссёрго 2003-жылы эле келген. Ал убакта Ноланды Гомердин “Илиадасынын” негизинде тартылган “Трояга” чакырышып, бирок ал долбоор Вольфганг Петерсендин режиссёрлугу менен ишке ашкан. Бирок Нолан мырзада байыркы грек легендалары менен иштешүү идеясы, максаты кала берген. Бул идеясын ишке ашырууну 23 жылдан кийин колго алып, “Одиссея” тасмасын тартты.
Чакырымдарга созулган плёнка
Режиссёр Кристофер Нолан тасмаларынын баарын плёнкага тартат. Андыктан “Одиссеянын” плёнкага тартылышы ачылыш же жаңылык эмес. Тасманы тартууга IMAX камералары – 35-70 миллиметрлик плёнка, Кодак – 65 миллиметрлик плёнкалар колдонулган. Баш-аягы тасмага 609 чакырым плёнка кеткен.
6 өлкөдө тартылды
Режиссёр бул тасмада компьютердик графика, жасалма кино павильондорду көп колдонууну каалаган эмес. Андыктан болушунча табигый локациялар тандалган. Тагыраагы, тартуучу топ тарыхый тасмага туура келчү, Гомердин сүрөттөөлөрүндөгү жерлерди, пейзаждарды издеп дүйнөнүн 4 бурчун кыдырып чыгышкан. Тасма тартуу иштери 6 өлкөдө жүргөн: Марокко, Греция, Италия, Исландия, Шотландия, АКШ.
Чыныгы декорациялар
Режиссёрдун табигыйлыкка болгон талпынуусу декорацияларда да байкалат. Компьютердик графиканын ордуна:
– Троя “атын” жасап чыгышкан. Ал ушунчалык бийик жана кенен болгондуктан, ичине актёрдук курам, тартуучу топ камералар менен кошо батып кеткен.
– Циклоп Полифемди чагылдыруу үчүн 6 метрлик аниматорлук куурчак жасалган. Циклоп менен эпизод Грециядагы Нестор үңкүрүндө тартылган. Циклопко кадрда “жан киргизген” марионетка куурчактын ичинде актёр Билл Ирвин болгон.
– Одиссей жүргөн кемелер жөн гана декорация эмес, чыныгы кемелер, ал эмес, викингдердин драккары (кемеси) да колдонулган. Актёрдук курамга деңизге чыгып кеме башкарууну, калак менен иштөөнү, парустуу кемеде жүрүүнү үйрөнүүгө туура келген. Деңизде бир локациядан экинчи локацияга сүзгөн эпизоддор чыныгы кадрлар.
– Айрым эпизоддор техника жетпеген аралдарда, тоо чокуларында, үңкүрдө тартылган. Тоо башына 200дөн ашык адам буту менен басып жетсе, техника тик учак менен жеткирилген.
3 айда тартылган
Башында тасма тартуу иштерина жарым жылдай убакыт кетиши мүмкүн делген. Бирок 2 саат 57 мүнөттүк кино 91 күндө тартылып бүткөн. 250 миң долларлык бюджет режиссёр Ноландын карьерасындагы эң масштабдуу долбоор болуп саналат. Бул бюджет прокатта өзүн канча бир эсе актап, тагыраагы, 1,784 миллиард доллар менен бул жылдагы эң кирешелүү тасмалардын 2-орунуна илинди. 1-орунда “Жөргөмүш адам: Жаңы күн” турат.
Мэтт Дэймондо атаандаш болгон эмес
Адатта режиссёр сценарийди актёрлорго ылайыктап жазбаш керек дейт. Ал муну менен сценарий чектелип калат деген ойдо. Бирок “Одиссея” режиссёр үчүн өзгөчө орунда. Ал өмүр бою оюнда бул тасманы тартып келгенин, керекпи Троя “аты” түшүнө аян болуп киргенин да айткан. Ал эми Одиссейдин ролуна дароо эле Мэтт Дэймон туура келет деп эсептеп, баштапкы сценарий актёрго ылайыкталбашы керек деген оюнан четтеп, Дэймон мырзага ылайыктап жазган. Одиссейдин ролунда Дэймон мырзага атаандаш актёр чакырылган да эмес.
Ролго тандалуу жеңиштин бир чети гана. Анын артындагы кыйынчылыктардан учкай кеп. Жаанда суу болуп, күн кайнаган ысыкта акактап кечке эшикте жүрүп, күнүнө бир нече чакырым жөө басып, айрым эпизоддордо ага шлангдан суу аттырылып, чөлдө шамалдан улам Мэтттин көзүнө улам кум кирип кыйналган. Бирок эмгектин жемиши таттуу эмеспи. Бир чети чөнтөгүндө кымбат гонорар, экинчи чети карьерасында падыша Одиссейдин образы калды.
Оркестр жок
Композитор Людвиг Горанссонго режиссёр Нолан “Одиссеяга” музыка жаратууда оркестрди колдонбо деп так кесе айткан. Горанссон түрдүү өлчөмдөгү 35 гонг музыкалык аспабын ижарага алып чогулткан. Гонгдун үнүн синтезатордун жардамы менен айкалыштырып жаздырып чыккан. Ал эми тасмадагы окуяны баяндаган барддын үнү рэпер жана ырчы Трэвис Скоттуку.
Асыл Орозбекова