Биз социалдык тармакта

Нурдөөлөт Копоев, актёр: “АБДАН ЖОЛДУУ АДАММЫН”

Көрүүчү үчүн Нурдөөлөт Копоев – таланттуу актёр, шайыр алып баруучу. Бирок турмуштун сценарийи экрандагыдай эмес, кээде сыноолор да болуп турат. Жан дүйнөсүн чыгармачылыкка арнаган Нурдөөлөт мырза бул жолу ачылып маек куруп берди. Жумушка деген сүйүү, ден соолук, сыноолор, баарын кенен сүйлөштүк.

 

– Саламатсызбы, Нурдөөлөт мырза? Дайымкыдай эле шайырсыз. Маанай, жумуш, ден соолук, баары жакшыбы?                              

 – Саламатсыздар, баары жакшы. Азыркы тапта “Учур” театрында иштейм, “Баластан” студиясында алып баруучумун. “Заманада” 13 жыл иштеп, анан ал жактан кеттим. Анткени эфирге байланышкан жагдай жаралды – мага капыстан ала (витилиго) оорусу жабышып калды. “Заманада” тамак-аш жасаган бир рубрика бар, ошол эфирде колдорумдагы ак тактар билинип калып жатты. Ушул ыңгайсыздыктан улам ал жактан кеттим.           

– “Учур” театрында жумушун абдан сүйгөн актёрлор иштейт окшойт, анткени театрдын имараты жок болсо да таштап кетип калбадыңыздар...                              

– Ооба, ушул имарат азабын көп тарттык. Даярдануу үчүн түндө башка театрларга барып, спектакль коюп жүрөбүз. 20дай актёрбуз, аз экенибизге карабай жыл сайын эл аралык фестивалдардан калбайбыз. “Бугу эне” спектакли менен Францияга, Түркияга, Иранга барып келдик. Кыргызстандагы эң жаш театрбыз, буюрса, эми имарат берилет деп сүйүндүрүп жатышат.                                

  – Мурда фильмдерге көп тартылчу элеңиз, кийин негедир көрүнбөй калдыңыз. Каалоо жокпу же башка себептен уламбы?                   

– Мени режиссёрлор теле алпаруучу катары көрүп калышты да, 13 жыл “Заманада” иштедим. Анан актёрго бир образ жармашып калса, андан чыга албай калат окшойт. Мага киного көп сунуш түшпөйт, менимче, ушул себептен болуш керек. Тасмада роль жараткым келет, 50гө деле чыгып калдым, сунуш түшсө элдин эсинде кала турган роль жаратсам дейм. Анткени ач калып, ток калып актёрлук кесипти Москвадан окуп келгем. Раматылык Азиз Мурадиллаев, акын Жеңишбек Жумакадыр, ырчы Тата Улан, мен болуп Щепкин атындагы чоң окуу жайды бүтүп келгенбиз.                                      

– Атактуулук адатта талантты күчөтүүгө шарт түзөбү же эгону чоңойтуп жибереби?                                              

– Бул адамга жараша нерсе деп ойлойм. Кээ бирлер бар, эки тасмага тартылып алып учурашпай калышат. Бир ыры хит болсо асманды карап калгандар бар. Мисалы, автоунаам жок. Көчөдө жүрсөм “сиз да көчөдө жүрөсүзбү?” деп таң калышат. “Анан эмне, асманда учмак белем?” деп күлүп калам. Мага атактуулук шык, дем берет. Менин эгомду өстүргөн жок деп ойлойм.                       

– Эмнеге автоунаа айдабайсыз, кызыкпайсызбы?                                     

– Бир жолу жол кырсыгына кабылып калганбыз, ошондо коркуп калсам керек. Өзүм да кызыкпай койдум. Атактуулардан Асанкан Жумакматов, Чыңгыз Айтматов, Бактыбек Мамытов жана мен машина айдаган эмес экенбиз (күлүп). “Биз буга чейин айдаган эмеспиз, мындан ары да айдабайбыз” деп тамашалап калам. Бир жолу телефондон СМС жиберип эле Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаа утуп алганым бар. Бирок анын магнитофонунан музыка койгонду эле билчүмүн. Короодо турду, кээде чаңын сүртүп коём. Ичине отурганым гана болбосо, айдай алган жокмун. Анан жездеме берип, антип-минтип жүрүп эле жок болду. Машинага, дүнүйө-мүлккө кызыкпайм. Бирок үй дагы, машина да өзү келди мага.                            

– Витилиго оорусу стресстен улам жаралат деп айтылат, сизде эмнеден пайда болду?                                     

– Акыркы жылдары үй-бүлөбүздө бир кызыктай окуялар болду. Балдарым Нурбайыр менен Нуршайыр ооруп калып, эми гана айыгып, жалпы билим берүүчү мектепке барып жатышат. Буга чейин тили жакшы чыкпай, жеке мектепке барышчу. Балдарым бири 5-класс, бири 4-класс болуп калышты. Ошолорго аябай тынчсыздандым, бирок шүгүр, азыр кадимкидей сүйлөп калышты. Алар жакшы болушкандан кийин келинчегим Зуля ооруп калды. Муну көпчүлүктөн жашырып жүрүп, эми эле ачык айтып калдык. Ал бөйрөк оорусунан жабыркайт, бөйрөгү 30 пайыздай эле иштейт, дайыма дары-дармек менен жүрөт. Анан мага ушул оору жабышты, бирок шүгүр дейм. Анткени Жараткан жан ооруткан оору берсе эмне кылмакмын? Азыр театрда бетимди гримдеп чыга берем. Он чакты жыл мурун башталган, эки-үч жылдан бери тим койдум. Мурун баарын жаап-жашырып, коруна берчүмүн. Көрүп, жугуп калчудай корккондор бар. Бул жукпайт. Бул оору стресстен, анан генетикадан дешет экен. Менин эки эжемде да бар болгондуктан генетика себеп болушу мүмкүн. А мен өзүм үч өлүктү көрүп стресс болуп калганымдан улам болду окшойт деп болжолдойм. Ошондо, балким, психологдун жардамын алсам болмок.                               

– Үч өлүктү көрдүм дегениңиз кандай?                          

 – Биздин биринчи уулубуз чарчап калган. Наристени эч кимге бербей, жайына койгонго чейин боорума кысып баргам. Экинчиси, орус кожойкем бар эле, кийин үйүн мага калтырып кеткен. Он жыл анын батиринде жашап, небересиндей болуп калгам да. Бир күнү үйгө кире калсам, ал каза болуп калыптыр. Кийин шоумен Бакыт Букаевдин каза болгонун да мен биринчи көрүп жатпаймынбы. Анткени кошуна элек. Ушул окуялар удаасынан болду. Ошондон кийин эле денемде тактар пайда боло баштады. Көрүнбөгөн жерим калган жок, кымбат дарыларды алдым, болбоду.                                          

 – Келинчегиңиздин абалы кандай азыр?                    

– Төрт-беш жылдан бери мүнөздөп тамак ичет, алсыз. Колдон келишинче карап, эч нерсе жасатпай, көңүлүн карап турам. Сыртта шайыр-шатман көрүнгөнүм менен, үйдө ушундай абал. Бирок шүгүр дейм, балдарым жакшы болуп кетти, келинчегим да ооруну жеңет деп үмүт кылам. “Кудай оору берсе, шыпаасын да кошо берет” дешет экен го.                                   

– Айыгып кетиңиздер. Маектен тышкары сүйлөшүүдө “мен жолдуумун” деп калдыңыз...                                     

– Чын эле жолдуумун. Адамдын пейилинен го дейм. Ичиң канчалык таза болсо, ошончолук жолуң жакшы болот. Он жыл квартирант болуп жүрүп эле орус чоң эне үйүн мага жаздырып берди. СМС жазып эле машинелүү болуп калдым. Самара Каримова менен Асан Мансуровдун тоюнда 700 кишинин арасынан Дубайга жолдомо утуп алдым. Ал жактан келе жатып “Түркияга барсам болмок” деп ойлоп койгом. Кыргызстанга келип жумушка барсам “Сүйүнчү, Түркияга фестивалга бармай болдуң” деп жатышпайбы (күлүп). Ушунун баары эле жолдуу болгонумдан го дейм. Анан да аймактарга той-топурга барганда эч кыжалат болбойм. Жолго чыксам жол улаш машине чыгып каалаган жагыма жеткирип коёт. Ушуга аябай таң калам.                

– Психологго барсаңыз, эмнени айтып бермексиз?                                 

 – “Стресстен адам өзүн кантип алып чыгышы керек?” деп сурасам керек эле.           

 – Эмнеден коркосуз?                                     

 – Жакындарымды жоготуудан корком. Анткени эмоционалдуумун, кармана албай калсам керек деп ойлоп кетем.                        

– Бактылуусузбу?                                      

– Ооба, бактылуумун. Бардык тилектериме жеттим. Болбосо “турмуштун туткасын минтип кармай албай калдым” деп сизге айтып отурмакмын да.                                  

 – Бар болуңуз!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1244, 23-29-октябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан