Кыш мезгили жакындап, Кыргызстандын энергетика тармагы кезектеги сыноолорго даярданууда. Электр энергиясы тартыш, жүк оор, свет өчүрүүлөр болот... Бийлик элди сабырдуу болууга, кырдаалды туура түшүнүүгө чакырууда.
9 айда канча иштеттик?
Кыргызстан 2026-жылдын 9 айында 14 миллиард 328 миллион киловатт-саат электр энергиясын пайдаланды. Мындай маалымат 21-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды. Энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдиргендей, өлкөдө 9 айда 11 миллиард 314 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлдү. ГЭСтер 8 миллиард 673 миллион киловатт-саат, Бишкек ЖЭБи 1 миллиард 520 миллион, чакан ГЭСтер 151,6 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүргөнү айтылат. Таштандыны иштетүүдөн 768,8 миллион киловатт-саат электр кубаты иштелип чыккан. Ал эми электр энергиясынын импорту 3 миллиард 14 миллион киловатт-саатты түздү.
Дагы канчага жетет?
Кыргызстан жылына 19 миллиард киловатт-сааттын тегерегинде электр кубатын пайдаланат. 2025-жылы 19,1 миллиард киловатт-саат иштетилсе, 2026-жылкыга план 19,6 миллиард киловатт-саат деп белгиленген. Мунун 15 миллиард киловатка жакынын Кыргызстан өзү өндүрсө, калганын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн сатып алат.
Токтогулдагы суунун көлөмү
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү учурда 11 миллиард 321 миллион метр кубду түзүүдө. Былтыр ушул мезгилде да ал жердеги суунун көлөмү ушул деңгээлде болчу – 11 миллиард 374 миллион метр куб. Ал эми 2024-жылы октябрда 13 миллиарддан ашык суу болгон.
Бишкек ЖЭБиндеги абал
Бишкек ЖЭБи кыш мезгилине даяр экени маалымдалды.
– Бардык даярдыктар бар. Авариялык учурлар жылда эле каттала бербейт. Майда-чүйдө оңдоо иштери жүрүп калышы мүмкүн,- деди мекеменин жетекчиси Нурлан Кулжыгачов 21-октябрдагы парламент жыйынында.
Депутаттар анын “майда-чүйдө авариялар” деген сөзүн сынга алып, маселеге олуттуу кароого чакырышты.
Свет өчүрүүлөр болот
Энергетика министрлиги кышында кайсы аймактарда электр энергиясынын тартыштыгы күчтүү болушу мүмкүндүгүн азыркы учурда изилдеп жатканын министр Рысбеков ачыктады. “Кайсы аймакта дефицит жаралса, элге алдын ала маалымдайбыз. Быйыл маалыматты ачык, өз убагында жана так беребиз”,- деди министр.
Энергетика тармагында жасалма интеллектти колдонуу сунушталды
Парламент төрагасы Марлен Маматалиев энергетикадагы диспетчердик кызматтарга жасалма интеллектти колдонууну сунуштады.
– Электр жарыгы өчкөн учурда эл себебин билүү үчүн диспетчерлерге чалат. Бирок массалык түрдө чалуу болгондо алар жооп бергенге жетишпейт. Ал эми жасалма интеллект жарандардын кайрылууларына дароо жооп берип турат,- деди төрага.