Cаясатчы Адахан Мадумаров 2027-жылы өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары катыша албайт. Себеп – соттуулугунун жоюлбаганы. 20-октябрда Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча Жогорку Сот кассациялык даттанууну карап, мурдагы сот чечимдерин күчүндө калтырды.
– Жогорку Соттон чоң нерсе үмүттөнүп келген эмесмин. Бул ишти тарых үчүн жасашыбыз керек. Келбей койсом кээ бир кишилер айтышмак, “кайрылса карап бермекпиз” деп. Башынан эле мени президенттик шайлоого бардыртпай коюунун натыйжасы ушул болду да. Бирок адилеттик, чындык үчүн күрөш токтобойт,- деди Мадумаров сот жыйынынан чыккандан кийин.
Ал соттон акталса шайлоого “100 пайыз катышмактыгын” айтты.
Эскертсек, 2024-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен деп жаза колдонгон эмес. Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Мадумаровго кылмыш иши Кыргыз-Тажик чек арасына байланыштуу козголгон.