"Социал-демократтар” партиясынын лидери, абактагы Темирлан Султанбеков президент Садыр Жапаровго кайрылып, аны ачык сот өткөрүүгө чакырды. Анын соцтармактагы баракчасына жазган каты жарыяланды.
– Жети жыл эмес, 70 жыл бериңиз! Бирок аппеляциялык сот отурумун ачык, коомчулуктун катышуусунда өткөрүңүз. Эки-үч мүнөттүк үзүндү болгон, өзгөртүлгөн жана үнү сырттан кошулган видеону кайра-кайра көрсөтүү ыплас аракет,- деп жазылат анда.
Эске салсак, былтыр ноябрда кармалган Темирлан Султанбековду 8-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Кылмышка шериктештик” беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, аны жети жылга эркинен ажыратты.
Султанбеков менен чогуу айыпталган Кадыр Атамбаев 4 жылга эркинен ажыратылганы белгилүү. Алардын мүлктөрү конфискацияланды, жаза мөөнөтүн жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөшөт.