Кыргызстанда студенттер үчүн “Студенттик насыя” аталышындагы узак мөөнөттүү ыкма ишке киргизилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, мектептерде STEM-билим берүү өнүктүрүлүп, чет өлкөлүк университеттер менен кызматташтык кеңейтилет. Ошондой эле Кыргызстанда эл аралык жогорку окуу жайлардын филиалдарын ачуу жана кош дипломдуу программаларды ишке ашыруу пландалууда. Мындан тышкары кесиптик билим берүү программалары эмгек рыногунун талабына ылайыкташтырылып, адистерди практикалык даярдоого басым жасалары айтылды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы микрокредиттик уюмдардан насыя алгандардын саны 1 миллион 685 миң адамды түзгөн. Алынган насыянын суммасы – 86 миллиард сом. Ал эми 2026-жылдын биринчи кварталында (январь-март айларында) 800 миңден ашык жаран 23 миллиард сомдон ашык суммада микрокредит алган.