Каарманым Тилеген Рахатбековдун апасы менен сүйлөшүп жатып тагдырын кабыл алып, аны жакшы жакка бура алган эне экенине баа бердим. 3 баланы өстүргөн Айнура Алеева 20 жылдан бери жалгыз бой. Жолдошу Тилегенге 6 ай болгондо кайтыш болгон. Бул макалабызда эне-баланын кантип кыйынчылыктарды жеңгенин, азыркы сыймык менен сыйлыктардын даамын, жетишкендиктерин, келечектеги кыял-максаттарын баяндайбыз.
“Кыйын учурдан жакындарым көтөрүп кетти”
Шахмат боюнча эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргоп келе жаткан Тилеген Рахатбеков 2004-жылы төрөлгөн. Доплерден баары жакшы чыгып, төрөт учурунда кеткен катачылыктан улам майып болуп калганын айтат Айнура Алеева:
– Тилеген баланын жытын аябай эңсеп, сагынып жүргөндө төрөлдү. Анда 38 жашта элем, 7 айлык болуп төрөлүп, төрөт учурунда 26 саат башы тыгылып калып, кычкылтектин жетишсиздигинен мээге доо кеткен. Адам болбойт дешти, бирок Кудайга шүгүр, жашап кетти. Өзүм да врач болгондуктан баарын түшүнүп турдум. Ошондон тартып бутубуз ооруканада жүрдү. 10 айында эки кулагы тең укпасын билдик, ага чейин өзү алсыз болгонго мага угуу реакциясы бардай эле туюлчу. Бир жарым жашында гана отурду, моюнун азыркыга чейин кармай албайт, 6 жашында жардамсыз баса баштады. Эки көзү чалыр болуп, колдору эпке келбейт. Оң колу такыр эле иштебейт. 18 жашына чейин жылына эки жолу реабилитациядан өтүп турдук.
Балам 6 ай кезинде жолдошум каза болуп калды. Ошол кыйын учурдан кайын журтумдун, жакындарымдын, досторумдун, тайпалаштарымдын колдоосу менен чыгып кеттик. Кыйналып турушса да биринчи бизге беришти. Эрте жумушка чыгышым керек болду, 3 баланы багышым керек эле. Тилегенди кайын энем менен өз апам экөөлөп карап багышты.
“Мектепке албаганынан бир ай эшигинин алдында отургам”
Тилегенди кичинесинде апасы дарылоо менен кошо паралеллдүү логопедге да алып барып жүргөн. Балдарга аралашсын деп бала бакчада да иштеген Айнура эже майыптыгы бар ата-энелер менен таанышып, алар аркылуу атайын долбоор менен иштеп жаткан чет элдиктерден баласына окуганды үйрөткөн.
– Сол колу да титиреп тургандыктан жаза албай койду. Бирок ноутбуктан баскылап жазганды үйрөндү. Ошентип 6 жашында дүлөйлөрдүн мектебине киргизейин десем директору албай койду, “жакшы баса албаса балдар түртүп кетет” деп. Бир ай эшигинин алдында отурдум. Акыры комиссиядан баламды текшерттирип, мектепке кабыл алынды. Классташтары аябай жардам берди, азыр да алар менен сүйлөшүп турат. 11 жыл окуду, бирок тилекке каршы, аттестат бербейт экен. Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге андан ары ылайыктуу кесип үйрөнүп, билим алып кетишине шарт түзүлсө жакшы болмок. Өзүн каржылап, кызмат кылдырганга акчасын тапса деп ойлойсуң, биз ар дайым жанында болбойбуз да.
Тилеген шахматтан сырткары компьютерге, дрон башкарууга аябай кызыгат. Компьютердеги программалар аркылуу видео, сүрөттөрдү жасап, ар кандай сынактарга катышып, байгелүү орундарды алганбыз. Англис тилин да үйрөнүп алыптыр, видеолорго комментарийди англис тилинде жазат.
“Тилегенди машыктыруучу катары жумушка орноштурсак дейбиз”
Тилеген 9-10 жашында шахматты үйдөгү компьютерден өз алдынча үйрөнүп алган. Муну байкаган апасы бул билгенин өнүктүрүү максатында машыктыруучуларды, атайын ийримдерди издеп баштаган. Ошондо алгачкы машыктыруучусу Жылдыз Боргемиковага жолугат. Жылдыз эже Тилегендин мээси катуу иштээрин, алдыдагы жүрүштүн бир нече вариантын бир канча жүрүшкө чейин санай аларын, эс-тутуму күчтүү экенин белгиледи:
– Анда "Сейтек" балдар борборунун алдындагы дудук жана дүлөй балдардын мектебинде шахматтан сабак берчүмүн. Айнура эже издеп келип, Тилеген менен таанышып калдым. Калчылдап фигураларды коё албайт экен, бирок мен көргөзгөндүн баарын эстеп калып, кайталап берди, таң калдым. Ошондо бири кем дүйнө деп аябай ыйладым. Келгенине бир ай болгондон кийин эле шахмат боюнча турнир өтүп, майыптыгы бар балдар арасында 1-орунду алды. Апасы да, мен да, Тилеген да ыйлап, көккө жете кубанганбыз. Кудайга шүгүр, андан бери далай турнирлерге, чемпиондуктарга катышып, алдынкы орундарды бербей келет. Учурда деңгээли жогорулап, менден күчтүү машыктыруучуга муктаж болуп турат. Дени соо шахматчылар менен да ойноп утат. Учурда мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасынан эң күчтүүсү Тилеген, аркасынан да балдар өсүп келе жатат.
Алдыдагы максатым – Тилегенди да мэриянын алдындагы шахмат мектебине дудук, дүлөй балдарга машыктыруучу катары орноштуруу болуп жатат. Анткени ал спорт чеберине кандидат наамын алган, иштөөгө толук мүмкүнчүлүгү бар, балдардын жаңсоо тилин түшүнөт. Мамлекеттик агенттиктен гана уруксат кагазын күтүп жатабыз. Жумушка кирип, акча таап калса аябай сүйүнөт элем. Бул апасынын да кыялы.
“Машиналардын тюнинг дизайнын жасагым келет”
Тилеген Рахатбековдун апасы менен байланышканыбызда шаардык спартакиадада жүрүшкөн экен. Майыптыгы барлар арасындагы эки жолку Азия чемпиону, Кыргызстандын абсолюттук чемпиону, дүйнө чемпиондуктарынын байгелүү орундарынын ээси болгон каарманымды да апасы аркылуу кепке тарттым.
– Тилеген, шахмат эмнеси менен жагат?
– Мага алдын ала эсептеген, чыгарган жагат, ошон үчүн шахматты жактырам.
– Компьютерде эмнелерди жасай аласың?
– Программа түзө алам, коддорду жазам, дизайн жасап, программа менен сүрөттөрдү тартам, оюндарды ойнойм. Компьютердеги бардык нерсе жагат.
– Келечекте кандай кыял-максаттарың бар?
– Компьютерден машиналардын тюнинг дизайнын жасагым келет.
“Буларды ким аяйт, кийинкисин ойлоп тарбиялаш керек”
Эки улуу баласын чет өлкөдө окуткан Айнура Алеева небере жыттап калыптыр. Ал “Тилегенди эки баламдай эле тартип, көзөмөл менен окутуп, тарбияладым” дейт. Өзгөчө балдары бар ата-энелерге мындай эненин кеңештерин сурап өттүм.
– Майып болуп төрөлгөн балдарда эмне күнөө? Ата-эне болгондон кийин кадимки балдардай кабыл алып, корунбай, коомго кошуп, балмуздак жегиси келсе аны алып берип, паркта ойнотуп, жашоонун даамын сездирип чоңойтуу керек. Ооба, башында кыйын болот, бирок буларды ата-энеден башка ким карайт? Кийин буларды ким аяйт, бизди ким аяйт? Ошондуктан жашоого даярдап, ооруйт деп аяй бербей, убагында тургузуп, жаткырып, реабилитация менен кошо билимди сөзсүз берүү маанилүү. Бир жагынан кем болуп жатса, башка мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп өнүктүрүшүбүз керек экен.
“Сиз баатыр эне экенсиз” деп калышат. Жок, бардык эне баласы үчүн колунан келгенин жасамак. Мен да эне эмнени кылыш керек болсо ошону жасадым, башка эч нерсе кылган жокмун.
Асел Ишенбай кызы