КОЙ
(21.03–20.04)
Жагымдуу таанышуулар күтөт, бул байланыштын аягы чоң акчага алып келиши күтүлөт. Анан да материалдык абалыңызга позитивдүү маанайыңыз оң таасир берерин унутпаңыз. Жеке жашоодо туруктуулук сакталат, олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Жумушта дипломат болуңуз, бирөөнүн ички дүйнөсүнө байланыштуу темаларга чакырыксыз баш багуунун кереги жок. Бир нерсе сатып соода кылгандардын иши жакшы жүрөт. Өзүңүздү курчаган адамдардан качып, жалгыздыкта калууну самайсыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Аптанын башында мурда пландап койгон пландарыңыз ишке ашпай калып маанайыңыз түшүүсү мүмкүн. Жумушта агрессияга жол берүүнүн кереги жок. Юридикалык маселелер бул аптада оңой чечилет. Бойдоктор сүйүктүүсүн кесиптештер арасынан издебей эле койгону оң. Автоунаа алам дегендердин же өз унаасы менен узак сапарга чыгам дегендердин жолу болот. Негизгиси жол эрежелерин сактаганды унутпаңыз. Өнөкөт сөөк-омуртка оорулары козголуп кыйналышыңыз мүмкүн.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Бул апта сизден жумшак болууну талап кылат. Убакыттын агымы менен кете берсеңиз, кантип жумуштарыңыз, пландарыңыз ишке ашканын өзүңүз да байкабай каласыз. Түгөйүңүздүн сизге болгон сүйүүсү артып, анын жашоосундагы эң маанилүү адамдардын бири экениңизди ачыктайт. Туугандар менен сүйлөшүүдө эмпатияны “жандыруу” керек, кимдир бирөөгө моралдык колдоо керек экенин байкайсыз. Дем алыш күнү үйдө болуп, жакындар менен убакыт өткөргөнгө аракет кылыңыз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Аптанын девизи сиз үчүн – окуу, жаңы нерсе үйрөнүү болуп саналат. Бул күндөрү алган билимиңиз келечекте жакшы пайда көрсөтөт. Түгөйлүүлөрдүн жашоосунда баары туруктуу, бул туруктуулукка өзгөртүү киргизем десеңиз, жол ачык. Ал эми бойдоктор романтикалык сезимдерди ойготкон адамдарга бул аптада жолугуусу күмөн. Колуңузга айлык акы же башка каржы булагынан акча түшөт. Сырттын жумуштары менен жүрүп үй чарбачылыгы артта калганын байкайсыз, кышка кам көрүү керек болот.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Жылдыздар бойдокторго бул аптада түбөлүк жарыңызга жолугууга мүмкүнчүлүк бар, жок дегенде кыска убакытка болсо да сүйүү оту жанышы мүмкүн дешет. Жумушта негизги иштерди аптанын биринчи жарымында бүтүрүп алууңуз керек. Анткени экинчи жарымында жеке жашоого байланыштуу иштен суранууңуз мүмкүн. Жеке жашоодо тойго, конокко даярдыктар көрүлүп, үйдү кырып-жышып тазалоо жана башка даярдык иштери жүрүшү күтүлөт. Апта активдүү жана кызыктуу өтөт.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Алдыңкы планга жакындардын бири менен олуттуу сүйлөшүүлөр чыгат. Ортодо балансты кармап, туура чечим чыгарганга аракет кылыңыз. Негизи эле бул аптада сиздин жардамга, кеңешке муктаж бир нече адам болот. Бойдоктор түгөй тандоодо башкалардын сөзүнө эмес, өзүнүн ички туюмуна таянуусу керек. Жумушта өзүңүзгө канатташ, тилектеш адамдарды топтоңуз, жакынкы аралыкта керек болот. Дем алыш күндөрү өзгөчө активдүүлүк орун албайт, кадимки тиричилик күтөт.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Сыйкырдуу убакыт. Оюңузга келбеген жагымдуу окуялар орун алып сизди таң калтырат. Шашпай, алдыга-артка көз чаптырыңыз. Кайсы бир нерсеге башкача көз карашта карап, кайра оңдоп чыгууңуз мүмкүн. Эмоционалдык жактан туруксуз болушуңуз мүмкүн, андыктан бирөөгө сын пикир же какшык сөздөрдү айткандан алыс болуңуз. Болбосо жакындарыңызды таарынтып аласыз. Жумушта карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө, материалдык абалды оңдоого мүмкүнчүлүк жаралат.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Өткөнгө улам-улам кайрыла бербей, баарын артка таштап, жаңы баракты ачууну сунушташат жылдыздар. Жаңы эшикте сизди көптөгөн жагымдуу окуялар, жаңы адамдар күтүп турганын унутпаңыз. Жумушта суроо-талапка ээ экениңизди, кесипкөйлүгүңүздү баса белгилеген адамдар болот. Мактоо угуп маанайыңыз көтөрүлөт. Мени түшүнбөйт деп сырларыңызды ичке ката бербеңиз, жаныңызда ишенимдүү адамдар бар. Бул күндөрү жылмаюу жараткан учурлар көп болот.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Аптанын башында кабыл алынган чечимдер кийинки окуяларга таасирин бериши мүмкүн. Андыктан эмоцияга байланбай, тунук акыл-эс менен ойлонуп кадам таштаңыз. Шейшемби күнү ашыкча сөз, маалымат айтуудан карманыңыз. Өзүңүздүн келбетке кам көрсөңүз ашыкча болбойт. Кыймылсыз мүлк алам деген кыялыңызга жетүүңүз мүмкүн. Конфликттерден качууңуз керек. Дем алыш күндөрү үйдө отурбай, сыртка чыгып, энергия жана оң эмоция топтоп келгениңиз жакшы.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Эмоционалдык жактан сезимтал болосуз. Кичинекей нерсеге таарынып, негативге тартылышыңыз мүмкүн. Финансы тармагы аптанын аягында оң жагына өзгөрөт, капчыгыңызга акча түшүүсү күтүлөт. Үйүңүзгө алыстан күттүргөн адам конокко келиши мүмкүн. Жумушта жасай алам деп ашыкча жүктү моюнга арта бербеңиз, моралдык жактан да, физикалык жактан да чарчап каласыз. Башкалар менен бөлүшкөндү билүү керек. Үйдө керексиз нерселерди топтой бербей, ыргытканга убакыт келди.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Бул аптада план эле түзө бербей, аны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болот. Шейшемби-шаршемби күндөрү эч кимге жагалданып кошоматчылык кылбаңыз, башкалардын көзүндө аброюңузду жоготуп аласыз. Жумушта эч жакка жулунбай, тынч отуруп иштей бериңиз. Бардык тармактан алганда сиз үчүн аптадагы эң ийгиликтүү күн – бейшемби. Көптөн бери тынчыңызды алган ден соолуктагы көйгөйдөн арылып маанайыңыз көтөрүлөт. Апта соңу достордукуна конокко барууңуз мүмкүн.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Бирөөлөргө кечке кек сактай бербей, унутканга аракет кылыңыз. Аптанын башында эң оор делген жумуштар да оңой чечилет. Каржы тармагында сак болууңуз керек, бирөөдөн карызга акча же насыя алуудан качыңыз. Сүйүүдө мамилени бекемдөөгө, кумарды “жандандырууга” аракет кылыңыз, өзүңүзгө өзүңүз ыраазы болосуз. Документ иштери менен алек болууңуз мүмкүн. Конокко чакыруу алып, башка шаарга барууңуз күтүлөт. Апта соңу чарчоону жазууга убакыт таппай каласыз.