Коңшулаш Казакстанда коронавирустун жаңы түрү жайылып жатканы кабарланды. Орусия да ковиддин жаңы түрүнө каршы даярдык көрүп жатканы тууралуу маалыматтар чыкты. Кыргызстанда болсо тумоо күч алып, айрымдар муну коронавирус деп шектене башташты. Бул маалыматтардын чындыгы канчалык? Эгер аталган вирус жайылса, өлкөдө ага каршы даярдык кандай?
Казакстанда ковиддин “Стратус” штаммы жайылууда
Казакстанда коронавирустун “Стратус” штаммы менен ооругандардын саны кескин өсүп жатканы тууралуу кабар тарагандан кийин Орусия чочулап, Казакстанга маалымат сурап кайрылган. Казакстандын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө комитети 23-октябрда кайрылууга жооп кылып, өлкөдө ковид боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирди. Аталган комитет Казакстанда коронавирустун XFG линиясындагы омикрон түрү жайылып жатканын белгилейт. Тактап айтсак, XFG линиясындагы омикрон түрү “Стратус” аталышына ээ. Бул жаңы вирус эместиги жана элдин ден соолугуна анчалык коркунуч жаратпастыгын маалымдады Казакстан тарап.
Орусияга АКШдан ковиддин жаңы түрү келиши мүмкүнбү?
Орусиянын айрым ЖМКлары 27-октябрда “Орусияга жакын арада АКШ жана Канададан коронавирустун жаңы PJ.2.1. штаммы келиши мүмкүн” деп жазып чыгышты. Маалымат каражаттары Казань университетинин окумуштуусу Альберт Ризвановдун айтканына таянып, учурда PJ.2.1 штаммы АКШ, Канада жана Европада жайылып жатканын билдирет. “Жаңы штамм өлкөгө эчак келип, бирок аныктала элек болушу мүмкүн. Жаңы штамм башка өлкөлөргө саналуу күндүн ичинде эле тарап кетет. Көбүрөөк мутацияга ээ болгонуна карап эле башка штаммдардан көбүрөөк коркунучтуу деп айтууга болбойт” дейт окумуштуу Ризванов.
Ал эми Орусиянын Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө борборунун жетекчиси Александр Гинцбург бул штаммды байкоого алуу жана учурдагы вакциналар ага каршы таасирдүүбү же жокпу, текшерип көрүү керектигин айтып чыкты. Немис окумуштуулары жаңы штамм көбүрөөк мутацияга ээ экендигин жана 60 жаштан улуулар көбүрөөк ооруй тургандыгын баса белгилешүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Орусиянын “Роспотребнадзор” мекемесинин башчысы Анна Попова ковиддин жаңы штаммынын пайда болушу менен пандемия кайталанышы мүмкүн экендигин, ал жетектеген мекеме кырдаалды байкоого ала тургандыгын жана түрдүү сценарийге даяр экендигин маалымдаган.
Ковид-19: Жаңы штаммдар
• “Стратус” – коронавирустун XFG линиясындагы омикрон түрү. Алгачкы жолу 2025-жылы январда Канададан табылган. Абдан бат жугат, бирок оору көпчүлүк учурда жеңил өтөт.
• “Нимбус” (NB.1.8.1) – бул да омикрондун түрү. 2025-жылы көптөгөн өлкөлөрдө катталган.
• PJ.2.1 – бул штамм 2026-жылдын май айында катталып, Канада, АКШ, жана Испанияда ооругандар болгон.
Үч штаммдын тең белгилери окшош:
• Чыйрыгып калтыроо, дене табынын көтөрүлүшү;
• Тамактагы катуу оорутуу, үндүн кырылдашы;
• Мурундун бүтүшү, жөтөл, баштын жана булчуңдардын оорушу, шалдыроо;
• Кусуу жана ичтин өтүшү.
“Ковиддин жаңы түрлөрү коркунуч жаратпайт”
Динара Оторбаева, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси мындай дейт:
– Ковид-19 катталгандан 1 жылдан кийин мезгилдик курч кармоочу вирустук оорулардын катарына кирип калган. Пандемиядан кийин коронавирустун штаммдары катталган жана жаңылары катталып жатат, дагы да чыга берет. Бирок алар коркунуч туудурбайт. Анткени Кыргызстандын эли 2020-жылы коронавирус менен ооруп чыгышкан. Жарандардын организминде антителалар иштелип чыккан. Ошентсе деле баары иммунитетке жараша болот. Жукса курч кармоочу вирустук оорудай же оор түрдө өтүшү мүмкүн. Ошондуктан иммунитетти бекемдөө, жеке гигиенаны сактоо керек. Азыр вирустук жугуштуу оорулардын мезгили келди. Суукта адамдар көп топтолгон жерлерде, мисалы, базарда, дүкөндө, мектепте, бала бакчаларда вирус бат тарайт. Мындай вирустук инфекциялар жыл бою болот, бирок суук мезгилдерде көп катталат. Сасык тумоонун мезгили ар жылы сентябрдын аягынан май айынын аягына чейин деп эсептелет. Акыркы вирустук мезгилде катталган вирустардын көрсөткүчү төмөнкүдөй болгон:
• Риновирус– 46,4 пайыз;
• Сезондук коронавирус – 10,7 пайыз;
• Аденовирус –10,7 пайыз;
• Боковирус – 7,1 пайыз;
• Сенитициалдык вирус – 3,6 пайыз;
• Парагрипптин 1,3-тиби –
21,4 пайыз.
“Тумоо түрлөрүн аныктоого даярбыз”
– Учурда Кыргызстанда парагрипптин 1,3-түрү жана сенитициалдык вирус жүрүп жатат. Ооруканаларда кошумча орундар түзүлгөн. Сенитициалдык вирус жаш балдардын арасында жыл сайын кышында күч алат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун божомолу боюнча, 2026-2027-жылдардагы эпидемиялык мезгилде сасык тумоонун 3 түрү айланып жүрөрү күтүлүүдө. Анын түрлөрүн аныктаганга биз даярбыз. Тест-системдер бар.
Айта кетүүчү жагдай, социалдык тармактарда жазылып жаткандардын баарына ишене бербөө керек. Азыркы учурда Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат. 63734 доза вакцина алынган. Мунун 80 пайызы колдонулуп, эл эмделди. Ушул аптада калганы колдонулуп бүтөт. Дагы 100 000 доза вакцина алынып келери күтүлүүдө.
Күтүлүп жаткандар кайсы түрлөрү?
• Сасык тумоо (H1N1) – бул чочко тумоосунун штаммы. 2009-жылкы пандемиянын күнөөкөрү. Дарт оор өтүшү мүмкүн, дарыланбаса абдан бат ырбап кетет.
• Сасык тумоо (H3N2) – бул гонконг сасык тумоосунун штаммы. 1968-жылы Гонконгдон башталып, пандемияга айланган. Адатта, 65 жаштан жогоркулар жана жүрөк-кан тамыр оорулары барлар оор көтөрөт. Өтүшүп кетсе пневмонияны жаратат.
• Сасык тумоо (Viktoria). Балдарда жана карыларда оор өтөт.
Гүлжигит Аалиев,
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси:
“Күнүгө жүздөй адам жаткырылууда”
– Бүгүнкү күндө ооруканада коронавирус менен ооругандар жок. Ооруканага күнүгө 250-300дөй адам түрдүү жугуштуу оорулар менен кайрылат. Ошолордун чүчкүрүп, жөтөлгөндөрүн көргөндөр коронавирус менен ооруп жатышат окшойт деп шекшип, сөз кылып, социалдык тармактарга жазып жаткан болушу мүмкүн. Күнүгө 80-100дөй бейтап жаткырылат. Булардын 70тейи дем алуу жолдорунун вирустук ооруларынан улам кайрылгандар. Көбү балдар. Курч кармоочу вирустук оору аба аркылуу жугат, дүйнөдө эң көп таралган оору тобу. Анткени курамына сасык тумоо, парагрипп, синцитиалдык вирусту, аденовирусту, риновирусту жана башкаларды камтыйт. Дарттын белгилери: дене табынын көтөрүлүшү, мурун бүтүп жана суу агуу, чүчкүрүү, жөтөлүү, шалдыроо, баштын жана булчуңдардын оорушу. Оорунун таралуу кези – жаз жана күз. 1-6 жаштагы балдарда көп кездешет, анткени аларда чоңдорго караганда иммунитет алсыз.
Канымжан Усупбекова