Пайдасы
+ Тамак сиңирүүнү жакшыртат. Ашказан кычкылынын көп бөлүнүп чыгышын шарттайт, натыйжада тамак-аштын сиңирилүү процесси тездейт.
+ Канттын деңгээлин көзөмөлдөйт. Кандын курамындагы глюкозанын деңгээлин төмөндөтөт.
+ Арыктатат. Адамдын табитин төмөндөтөт, натыйжада салмак таштоого көмөкчү болот.
+ Антиоксидант. Микробдор жана бактериялар менен күрөшүүчү таасирге ээ.
Зыяны
- Эмалды жабыркатат. Уксустун курамындагы кислоталар тиштин эмалын жукартып, сынып, морт болушуна алып келет.
- Күйүк. Уксуска жетиштүү өлчөмдө суу кошпосо же аны көп өлчөмдө колдонсо, кызыл өңгөч жана башка органдардын күйүп калуусуна алып келет.
- Сөөктөрдү жабыркатат. Уксусту көп убакыт жана көп өлчөмдө ичүү сөөк ткандарынан пайдалуу минералдардын чыгышын шарттайт.
Уксусту ичүүгө каршы көрсөтмөлөр
• Ашказан жарасы, гастрит ооруларында ичүүгө болбойт.
• Эрозиялык эзофагит жана гастроэзофагеалдик ооруларында тыюу салынат.
• Бөйрөк жана боор ооруларында (цирроз, гепатит)
• Панкреатит жана колитте
• Аллергиясы барларга болбойт.
Кантип туура колдонуу керек?
1 аш кашык алма уксусуна 200 миллиграмм суу кошуу кажет. Ачкарын жана суу кошпой туруп ичүүгө болбойт. Тиштин эмалын коргойм десеңиз, түтүк менен ичип, соңунда ооз көңдөйүн жакшылап суу менен чайкоо зарыл.