Биз социалдык тармакта

ДИЕТА, ДИЕТА ЖАНА ДИЕТА...

Врачтар айткандай, айрым оорулардан дары-дармектер менен гана айыгууга мүмкүн эмес. Сөзсүз диета кармоо керек. Макалада жогорку кан басым, жүрөк, ичеги-карын, гепатоз (боорду май басуу) ооруларында кандай тамактануу керектигин эсиңизге салабыз. Диетанын арты менен ашыкча салмактан арылууга да болот.

DASH ДИЕТА

Бул диета 1990-жылы АКШнын Жүрөк, өпкө жана кан улуттук институтунда түзүлүп, 1997-жылы колдонууга киргизилген. Максаты: жогорку кан басымды калыптандыруу жана анын алдын алуу, кан тамырларды бекемдөө. Белгилүү болгондой, гипертония оорусу инсульт, инфарктка чейин жеткирет. Диетаны колдонуудан мурда врач менен кеңешүүңүз керек. Анткени башка өнөкөт ооруларыңыз болушу мүмкүн.

 

Диетанын башкы принциптери

• Калий, магний, кальцийге басым жасоо. Бул минералдар кан тамырлардын керегелерин бекемдеп, ашыкча суюктуктарды чыгарат.

• Туздун өлчөмүн көзөмөлдөө. 1 күндө ичкен-жеген азыктардагы туздун жалпы өлчөмү 0,5-1 чай кашыктан ашпоосу кажет. Туздалган, маринаддалган  азык, кетчуп, консерва, туздуу соустарды колдонбоо.

• Зыяндуу май жана канттын өлчөмүн чектөө. Маргарин, рафинаддалган майларды колдонбоо. Ордуна рафинаддалбаган өсүмдүк, зыгыр же зайтун майын колдонуу.

• Тамактарды сууга, бууга, дымдап же электр мешине бышыруу.

 

Колдонууга болбойт

• Колбаса, сосиска жана ышталган азыктар, фаст-фуддар, картошка калдырканы, кириешки, ичимдик, тамеки, таттуу газдалган суусундуктар.

• Майлуу эт, майлуу сүт азыктары, туздуу сыр. 

 

Рационго эмнелер кирет?

• Дан азыктары. Бул диетада кебектүү нан, кара нан, катырылган нан, жылмаланбаган күрүч (нешлифованный), сулу, сулу үлпүлдөгү (хлопья), булгур, таруу, нокот, жасмык (чечевица), жүгөрү, гречка, киноа, тритикале, буудайдын катуу сортунан жасалган макарон кирет. Өлчөмдөрү 1 күндө 6 порциядан ашпашы керек. 1 порция бул – 1 кесим нан же 0,5 стакан сууга бышкан күрүч же макарон же сулу үлпүлдөгү. 

• Жашылчалар. 1 күндө 4-5 порция. 1 порция – бул 0,5 стакан жашылча салаты же 1 жашылча (помидор, бадыраң) же 0,5 стакан жашылча ширеси. Тамакка картошка, сабиз, болгар калемпири, татымал чөптөр аздан кошулат.

• Жемиштер. 1 күндө 4-5 порция. 1 порция – бул орточо өлчөмдөгү 1 жемиш же 0,5 стакан жемиш ширеси же 0,5 стакан консерваланган жемиш.

• Майсыздандырылган же майы аз проценттүү сүт азыктары 1 күндө 2-3 порция. 1 порция – 1 стакан сүт же айран, же кантсыз йогурт, же 40 грамм сыр, же 1 чай кашык каймак май (сливочное масло).

• Малдын майсыз эти, тооктун эти, балык. 1 күнгө 5-6 порция. 1 порция орточо эсеп менен 30 грамм эт же балык же 0,5 жумуртка.

• Жаңгак түрлөрү, күн карама даны жана буурчактар. 1 күндө 0,5 порция. 0,5 порция – стакандын төрттөн бири же 2 аш кашык күн карама даны, 0,5 стакан нокот же буурчак же башка.

• Май 1 күндө 2-3 порция. Гарнирге кошууга 1 аш кашык өсүмдүк, зыгыр же зайтун майы. Салатка кошууга 1 чай кашык майонез.

• Кант, таттуулар. 1 күнгө 1 порция. 1 порция – 1 аш кашык кант, желе же кыям.  

• Суусундукка чай, суу, 1 стакан компот же лимонад.

• Татымалдар абдан аз колдонулат.

Эскертүү: Стакан өлчөмү 200 грамм.

 

 Аш тизмекти өзүңүз түзүңүз!

Аш тизмекти жогорку өлчөмдөргө карап өзүңүз түзүп алсаңыз же интернеттен тапсаңыз болот. Мисалы: 

Эртең мененки тамакка:

• Сүткө бышырылган жана каймак май кошулган ботко, 1 алма же жарым банан, же 1 тиштем сыр.

• Жумуртканы же макаронду сууга бышырып, салат кошуп жесеңиз да болот. Нан 1 кесим.

Түшкү тамакка: 

• Эт менен гарнир (пюре, макарон же күрүчтөн).

• Бууга, электр мешине бышырылган балык. 

• Май аз кошулган дымдама.  

• Нокоттон жасалган суюк тамак.   

• Сууга бышкан эттин шорпосуна катуу сорттогу макарон салып бышырылган беш бармак. Мисалы, бул үчүн 150 грамм эт салсаңыз, ошол күнкү эттин өлчөмү бүтөт.  

Кечки тамакка:

Тоок же балык шорпо, жасмыктан жасалган суюк тамак же башка.

Шам-шум эткенге. Саат 11:00 жана 16:00дөгү шам-шумга 1 стакан айран, 1 кочуш жемиш кагы, 1 стакан йогурт.

ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ ДИЕТАСЫ                        

Диета Жер Ортолук деңизинин боюнда жайгашкан Греция, Кипр, Испания, Италия, Франция элинин ашканаларынан алынып, врачтар тарабынан түзүлгөн. Бул диета ашыкча салмакка ээ болгондорго, ашказан-ичеги, гепатоз оорусу барларга сунушталат. Максаты: айтылган оорулардын өнүгүп кетүүсүнүн алдын алуу, салмакты көзөмөлдөө, боорду баскан майдын өлчөмүн болушунча азайтуу. Жалпы саламаттыкты жакшыртуу.

Колдонууга уруксат берилүүчү азыктар:

Бул диетада порциялар башкача өлчөмдө берилет.                  

• Жашылча, жемиштер – күнүгө 4-5 порциядан, 1 порция – 1 даана, көк чөптөр каалаганча.

• Дан азыктары (DASH диетагыдай эле). 1 күндө 6 порция. 1 порция – бул диетада 1 кесим нан же 1 стакан сууга бышкан күрүч, же макарон же сулу үлпүлдөгү.

• Балык, деңиз азыктары, майсыз эт. Канаттуулардын этин аптасына 3 порциядан, ал эми коён, кой, уй этин  аптасына 2 ирет 1 порциядан колдонууга уруксат. Булар да бууга, сууга же электр мешине бышырылат. Эттердин 1 порциясы – 70-85 грамм. 

• Сүт азыктары (йогурт, сыр, быштак, айран) жемиш кактары, жаңгак түрлөрү. 1 күндө 3 порция. 1 порциясы – 1 стакан.  

• Кара шоколад. 10 граммдын тегереги.

• Жаңгактар, кактар. Баары биригип 1 күндө 1 кочуштай.

• Жумуртка аптасына 4 даана.

• Май. Зайтун, өсүмдүк майы – 1 күндө 4 аш кашык.

• Таттуулар. 3 күндө бир йогуртка бал же жаңгактарды кошуп. Электр мешине алманын ортосун тешип бал куюп бышырып колдогууга да болот.

• Татымалдарга, чай, суу, кофеге уруксат.

Колдонууга болбойт!                            

DASH диетасында айтылгандардын үстүнө каймак май кошулат. Бирок 2-сорттогу ундан, кара ундан жасалган нандар боло берет.

 

АШ ТИЗМЕГИ

Бул диетада да менюну колдонууга боло турган азыктардан өзүңүз түзүп алсаңыз же интернеттен тапсаңыз болот.

Мисалы, 1-күнү эртең мененкиге ботко, жемиш, сууга бышкан 1 жумуртка, 1 кесим кебектүү нан, сүт менен кофе. Түшкү тамакка балык шорпосу, үстүнө зайтун майы кошулган помидор, бадыраңдан салат. Кечки тамакка сууга бышкан эт  гарнири менен. Капустадан же сабизден салат.

2-күнү эртең мененкиге лимон менен чай, сууга бышырылган омлет, 1 кесим кара нан. Түшкү тамакка буурчак же нокот шорпо, эттен кебаб жана салат. Кечки тамакка балык жана салат. 

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1245, 30-октябрь-5-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан