Биз социалдык тармакта

КҮЗ, ДЕМЕК, БООРДУ ТАЗАЛООГО УБАКЫТ КЕЛДИ

Эмнеге боорду күзүндө тазалоо керек? Анткени жай мезгилинде желген шишкебек жана башка майлуу тамактар, алкоголдук ичимдиктер, мөмө-жемиштердин эрте бышуусу үчүн колдонулган пестициддер жана гербициддер боорго күч келтирет. Ал эмес, жайында адамды чаккан аары, чиркей жана башка курт-кумурскалардын ууларын организмден чыгаруу үчүн иштеген орган да боор болуп саналат. Күзүндө боордун иштешине көмөк көрсөткөн жашылча-жемиштердин сезону башталат. Демек, үй шартында жөнөкөй ыкмалар менен боорду тазалоого аракет кылса болот.

Боорду тазалоо ыкмалары

  •  Менюдан шаурма, гамбургер, пицца сыяктуу фаст-фуддарды, кыска убакытта даярдалчу (рамён, кукси, пельмен жана башка) тамактарды, картошка калдырканы, фри, кириешки сыяктууларды жебеңиз. Кантты, таттууларды да азайткан туура. Ачуу, туздуу тамак-аштарды ченеми менен жеңиз. Алкоголдон, газдалган, таттуу суусундуктардан баш тарткан туура. Буудай унунан жасалган азыктарды, майлуу этти кыскартуу керек.
  •  Жашылчалар: сезондук жашылчалардын баарын жесеңиз болот. Брокколи баштаган капусталардын бардык түрүн (боорду керектүү микроэлементтер, витаминдер менен камсыздайт), ашкабак, кызылча, сабиз, алма, алмурут, көк чөптөр (клетчатканын басымдуу бөлүгү көк чөптөрдө). Клетчатка өз кезегинде ашказан-ичегилерге түшкөн азыктарды тез жана коопсуз сиңирүүгө жана чыгарууга жардам берет. Боордун калыбына келишине мыкты көмөкчү.
  •  Суу: боорду тазалоодо таза жана жылуу суу мыкты жардамчы. Андыктан күнүмдүк суу балансын толуктап туруңуз.
  •  Химиялык препараттар: дарыгердин көрсөтмөсү жок ичилген дары-дармектер, БАДдар да боорго күч келтирет. Андыктан боорду тазалоо маалында бул препараттардан баш тартуу кажет.
  •  Таза аба: таза абада көп болгонго аракет кылыңыз. Үйдү, кеңсени күнүнө 2-3 маал желдетип туруу керек. Бөлмөдөгү абанын кургап кетишин алдын алыңыз.
  •  Ашыкча салмак. Адамдын толуп кетүүсүнүн себептеринин бири боордун туура эмес иштеши, боорго күч келүү, май басуу болуп саналат. Андыктан боорго жардам берем дегендер ашкча салмактан арылып, денесин бир калыпта орточо салмакта кармап жүрүүлөрү шарт.
  •  Бооруңуздун кандай абалда экенин жана кандай кам көрүү зарылдыгын билүү үчүн гастроэнтерологго кайрыласыз да, адистен медициналык көрсөтмөлөрдү алганыңыз туура.

 

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1245, 30-октябрь-5-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан