Түштүк Кореяда суроо-талапка ээ актриса болгонго чейин Чин Ги Жу өзүн бир нече тармактан сынап көрүүгө жетишкен. Популярдуу SBS теле-радиокомпаниясында журналист, Samsung компаниясында IT-консультант болуп иштеп жүрүп шоу-бизнеске кирип кеткен. Актёрлук билими жок эле, ошентсе да камера алдында иштеген жагып калган. Убагында “адам сулуулугу менен эмес, алган билими менен ийгиликке жетет” деген оюнан кайткан. Анткени дал ошол сулуулугу үчүн киноагенттиктен сунуш алып, кино дүйнөсүндө ийгилик жаратып келет.
Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул
Туулган жылы: 1989-жыл, 26-январь
Жылдыз белгиси: суу куяр
Бою: 171 сантиметр
Кесиби: актриса, модель,
Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Алоолонгон жүрөктөр: Корё”, “Мисти”, “Кичинекей токой”, “Менин катчымдын жашыруун жашоосу”, “Жамандыкты укпайм”, “Чыныгы билим” жана башка
Үлгүлүү окуучу
Мугалимдердин баарына жаккан, классташтары үй тапшырма көчүргөн үлгүлүү окуучу болду мектепте. Бой салып чоңойгону суйкайып сулуу кыз болуп чыга келген. Назиктигин, күлгөндө жаш бала сымал аруулугун карап достору аны периштеге салыштырышчу. Курбулары “мындай келбет менен ырчы, модель же актриса боло аласың” дешет эле. Чин Ги Жу болсо “адам сулуулугу менен эмес, алган билими менен ийгиликке жетет” деп так кесе айтчу. Андыктан мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайдын техникалык багытында билим алган. Университетте да мыктылардын катарында болгондуктан “Самсунг” компаниясына кабыл алынып, ал жакта 2 жыл эмгектенген.
Бирок бир күн кечке кеңседе отуруп иштөө кызга жакпай калган эле. Анан эмгек жолун SBS телеканалында журналист болуу менен уланткан.
Шоу-бизнеске кадам
Журналисттик менен бирге моделдик карьерасын да акырындап кура баштаган. 2014-жылы престиждүү деп саналган Super Model Contest сынагына катышып, 3-орунду алат. Мына ушундан кийин модель катары чакыруулар, келишимдер түзүлүп, шоу-бизнес акырындап эшигин ача баштаган. Подиумдан Чин Ги Жуну киноагенттиктин өкүлү көрүп, аны менен иштешүү сунушун айткан. Актёрлук билими жок, бирок камера алдында иштөө каалоосу бар эле. Ошон үчүн кино дүйнөсүндө да өзүн сынап көрөйүн деген.
Кеч болсо да...
Корей киносунда кеч келди деп саналат 26 жаш. Чин Ги Жу дал ушул кеч делген куракта баштаган кино карьерасын. Сулуулугу менен көпкө кете албасын түшүнөт эле. Андыктан кино боюнча мастер-класс, актёрдук чеберчилик курстары, даярдыктар, машыгуулар, айтор, колунан келишинче жана андан да көбүрөөк аракет кылган.
Бирок дагы бир тоскоолдук чыккан... ал атасы болчу. Атасы акылдуу кызынын актриса болушуна караманча каршы болду. Кызы атасына окшош өжөр жана көк бет эле, ал да оюнан, алган багытынан кайткан жок. Алгачкы ролдору менен телеэкрандан көрүнүп калганда гана атасы каршы пикиринен кайтып, кызын колдоого аргасыз болгон. Азыр болсо атактуу кызынын биринчи күйөрманы, ал катышкан бир да тасманы калтырбай көрүп, дос-туугандарына мактанып турат. Чин Ги Жу атасынын бул ишеничин актоо үчүн да талбай эмгектенип, ката кетирбегенге аракет кыларын айтат.
Ийгилиги
Киного 2015-жылы келди. Ийгилик болсо 2018-жылы “Кичинекей токой” тасмасындагы ролу менен колуна конду. Алгачкы кино сыйлыктар менен кошо чоң киного да жолу ачылды. Баш каармандын ролун жараткан алгачкы сериалы “Кел да, кучакта” деп аталат. Ошондон бери ал баш каармандан артка чегине элек, дагы деле суроо-талапка ээ актрисалардын катарын толуктап келет. Жыл сайын анын катышуусунда жаңы жана кызыктуу тасма-сериалдар жарык көрөт. 2026-жылдын эсебинен “Чыныгы билим” сериалын көрсөңүз керек, анда мектептердеги адилетсиздик менен күрөшкөн, тентек балдарды мушташып болсо да “тизгиндеген” аскер адамынын ролун аткарды.
Актриса жаңыдан атактуу боло баштаганда журналисттердин, коомчулуктун анын өтмүшүнө кайрылганы, баскан-турганына чейин иликтеп чыкканына көнө албай жүргөнүн айтат. “Мени “Самсунгда” иштеген кызматкер же журналист экениме көңүл бурбай, актрисалык кесибиме эле карашса деген ой болгон. Кийин гана түшүндүм, бир нече кесипти аркалаганым актёрлугума жалаң жакшы таасирин тийгизет экен. Анткени мен ар кандай жашоодо жашаган адамдар менен көп убакыт өткөрдүм да. Актёр-актрисалардын кесиби – түрдүү адамдардын образын экранда чагылдыруу экен” дейт мурунку кесиптерин сыймык менен эскерип.
Активдүү
Социалдык тармактарда абдан активдүү. Жумушун, аткарган ролун, кино боюнча ойлорун күйөрмандары менен бөлүшүп, бат-баттан сүйлөшүп турат. Жаштарды билим алууга, максатынан кайтпай аракет кылууга үндөйт. Ошол эле учурда жеке жашоосу тууралуу ачыла бербейт. Андыктан сулуунун романтикалык мамилеси тууралуу көпчүлүктүн кабары жок. Расмий түрдө турмушка чыга элек.
Жашоодогу принциби
Жашоодогу принциби – “Адам менин колумдан келбейт деп ойлонбошу керек”. Актриса ийгиликке жетпей жатканына ар бир адам өзү күнөөлүү деген ойдо. “Адамды эң биринчи артка тарткан нерсе – өзү. Андыктан бир нерсе жасаарда колумдан келбейт, болбой калат деп күмөн санабай, тескерисинче, момундай кылып көрөйүнчү, эмнеге болбосун деп аракет кылуу зарыл. Эгер болбой калса, аа эми минтип көрөйүн деп “б” вариантына өтсүн. Кайсы бир вариантта баары бир ийгилик келет, келбеске аргасы жок”,- дейт.
Кинодон сырткары
Моделдиктен актрисалыкка өткөн дебедикпи. Азыр бул эки кесипти тең аркалайт. Модель катары ири долбоору – Renault Samsung Motors компаниясы чыгарган The New QM6 автоунаасынын жарнамалык ролиги.
Чин Ги Жуну музыкалык клиптен да көрсөңүз болот. Ырчы Ли Му Жиндин “Кар жаап жатат” ырынын музыкалык клибине көрк кошкон.
Асыл Орозбекова