Биз социалдык тармакта

Кайрат Примбердиев: “ТОЙГО ЫР ЖАРАТПАЙМ ДЕГЕН ОЮМ ӨЗГӨРДҮ”

Чыгармачылыкта тыныгуу алып, үй-бүлөгө убакыт бөлүүнү чечкенин айтат ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев. Ырчылыгынан тышкары үй-бүлө, аталык жоопкерчилик, бала тарбиясы тууралуу да суроолорду узатып, жоопторду алдык.

– Кайрат мырза, акыркы убакта чыгармачылыктан алыстай түштүңүз окшойт. Мунун себеби эмнеде?

– Ооба, акыркы убакта чыгармачылыктан бир аз алыстап, тыныгуу алдым. Кээде машина айдап баратып тормозду басып, бир аз токтогондой эле, адам да жашоосунда токтоп, артка кылчайып, өзүнө жана жакындарына убакыт бөлүшү керек экен. Мен да ушундай чечим кабыл алдым.

– Демек, бул тыныгуу үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу?

– Туура. Жакында эле ата болдум. Жубайым кесарево жолу менен көз жарды. Ошол учурда ага өзгөчө камкордук жана жардам керек болду. Ошондуктан үйдө калып, келинчегиме кол кабыш кылып, балабызды карашууга көбүрөөк убакыт бөлдүм. Ата болуу – чоң жоопкерчилик экен. Балам он айлык болуп калды. Азыр эмгектеп, кас-кас туруп, тай-тай басууга аракет кылууда. Анын күндөн күнгө чоңоюп, жаңы нерселерди үйрөнүп жатканын көрүү – бакыт.

– Негизи кандай атасыз, талапчылбы же жумшакпы?

– Балдарыма жумшак, мээримдүү ата болууга аракет кылам. Өзүм атасыз чоңойгондуктан, башында баланы кантип тарбиялаш керек, кандай ата болушум керек деген суроолор көп ойлондурчу. Анткени адам өзү көрбөгөн нерсени элестетиши кыйын болот экен. Бала кезде сезбей калган мээримди балдарыма бергим келет. Алар атасынын жанында өздөрүн эркин сезип, каалаган учурда келип сырын айта алгандай болушун каалайм. Мээрим менен бирге туура тарбия да бериш керек. Кээде талап коюп, туура менен туура эмести түшүндүрүүгө аракет кылам. Эң негизгиси, балдарым мени таяна турган адам катары көрүшүн каалайм.

Баланы тарбиялаш үчүн биринчи кезекте өзүң түз болушуң керек. Бала ата-энесинин сөзүнө эле эмес, кылган ишине, жүрүм-турумуна да карап чоңоёт. Ата-энесинен эмнени көрсө, ошону өзүнө сиңирип алат. Мен үчүн алардын ыймандуу, тарбиялуу, боорукер болуп чоңоюшу абдан маанилүү. Балдарды уруп-согуп же коркутуп тарбиялоону туура көрбөйм. Тескерисинче, сөз менен түшүндүрүү жакшы натыйжа берет деп ойлойм.

– Чыгармачыл адамдын негизги жумушунан алысташы оңой элеби?

– Чыгармачыл адам баары бир ыр жазууну, жаңы чыгармаларды жаратууну эңсеп турат. Студияга барып иштей албасам да, үйдө кагаз жүзүндө, идеялардын үстүнөн иштеп жүрдүм. 

Бала кезимде күрөшкө кызыкчумун. Балбан болсом деген кыялым бар эле, бирок шартка байланыштуу боло албадым. Ошол кыялымды ыр аркылуу орундаткым келип, “Күрөштүн балбаны” деген ыр жаздым. Мындан тышкары сүйүү темасында жаңы ырлардын үстүнөн иштеп жатам. Ар бир ырдын тарыхы болот. Мен үчүн жүрөктөн чыккан, угармандын сезимине жеткен ыр жаратуу маанилүү.

– Мурда той ырларын жаратууга анча кызыкпайм дечүсүз. Азыр оюңуз өзгөрдүбү?

– “Тойго ыр чыгарбайм” деп айткан учурларым болгон. Бирок убакыт өткөн сайын көз караш өзгөрөт экен. Элибиз да той-топурга жакын. Элге аралашып, угармандардын каалоосун байкаган сайын аларга жакын болгуң келет. Ошондуктан тойлордо жаңырып, элге шаң тартуулай турган ырларды да жаратууну туура көрдүм. Сүйүү ырлары да, турмушту чагылдырган чыгармалар да, той ырлары да болот репертуарымда. Эң негизгиси, ыр сапаттуу болушу керек. Буюрса, чыгармачылыкка жаңы дем менен кайтып, угармандарымды жаңы чыгармалар менен кубантам.

– Сиз менен бир толкунда чыгармачылыкка келген таланттардын арасында бүгүнкү күндө элге таанылган ырчылар көп. Ошол муундагы өнөрпоздор тууралуу эмне айта аласыз?

– Бирге жүрүп, чыгармачылыкка чогуу кадам таштаган досторубуз көп. Алардын арасында Акбар Сүйүмбаев, Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков, Ильяз Абдыразаков сыяктуу таланттуу ырчылар бар. Ар биринин өзүнүн орду, үнү жана өзгөчөлүгү бар. Бир кезде бир багытта баштаган адамдардын бүгүнкү күнгө чейин чыгармачылыгын улантып келе жатканына кубанам.

– Мирбек Иманбеков менен Ильяз Абдыразаков Эмгек сиңирген артист наамын алышы керектигин айтып келесиз. Бул алардын эмгегин, талантын баалаганыңыздан уламбы?

– Ооба. Мирбек Иманбековдун талантына өзгөчө баа берем. Анын үнү, ырчылык дарамети күчтүү. Аны менен бир мезгилде чыгармачылыкка келген адам катары жакшы билем. Анын эмгеги бааланып, татыктуу наамга ээ болушун каалайм. Ильяз Абдыразаков да таланттуу ырчылардын бири. Бизден биринчи чыккан. Анын да чыгармачылыгы бааланып, Эмгек сиңирген артист наамын алса деген каалоом бар. Менин максатым – кимдир бирөөнү жөн гана мактоо эмес. Таланттардын эмгеги татыктуу бааланса дейм.

– Достук тилектештиктин да үлүшү барбы?

– Албетте. Биз ырчылыкты бир кезде чогуу баштаган адамдарбыз. Ар бирибиздин басып өткөн жолубуз, эмгегибиз бар. Бири-бирибиздин ийгилигибизге кубанып, татыктуу учурда колдоо көрсөтө билишибиз керек. Мирбек Иманбеков менен Ильяз Абдыразаковдун эмгеги бааланып, наамга ээ болушун чын жүрөгүмдөн каалайм.

– Социалдык тармактарда сын-пикир көп жазылган ырчылардын бирисиз. Жаман комментарийлер маанайыңызды бузабы?

– Чынын айтсам, терс пикирлерден улам көңүлүм түшүп, ачууланган учурлар болгон. Кээде “ушундай болсо, соцтармакка видео чыгарбай эле коёюн” деп да ойлочумун. Бирок күйөрмандарым мени издеп, жаңылык күтүп калышат. Алардын колдоосун көргөндө чыгармачылыкты улантууга дем-күч алам.

– Жаман пикир жазгандарга жооп кайтарасызбы же унчукпай кутуласызбы?

– Мурда ачууга алдырып, айрым адамдарга телефон чалган учурларым болгон. “Эмне болду? Эмне себептен мындай жазып жатасыз?” деп сурачумун. Анткени алар мени жакындан тааныбаган, жеке жашоомду билбеген адамдар. Апамдын да мен үчүн кабатыр болуп, “Балам сага эмне кылды эле, эмнеге антип жазасың?” деп андайларга кайрылган учурлары болгон экен. Эне үчүн баласы тууралуу жаман сөздөрдү окуу оор болсо керек. Ошону ойлогондо өзүмдүн да, жакындарымдын да көңүлүн оорутпай, мындай нерселерге сабырдуу мамиле кылышым керек экенин түшүндүм.

– Демек, азыр көтөрүмдүүсүз?

– Ооба, азыр мурдагыдай капа болбойм. Көп нерсеге көз карашым өзгөрдү. Баарына жооп берип, ар бир адам менен талашып-тартыша берүүнүн кереги жок экен. Ар кимдин өзүнүн ою бар. Мени жактырбаган адам болушу мүмкүн, аны да түшүнөм. Баарына бирдей жагуу мүмкүн эмес да.

– Өзүңүз башка адамдарга карата сын-пикир жазасызбы?

– Башкаларга жаман комментарий жазбоого аракет кылам. Бирөөнүн көңүлүн оорутуп, маанайын түшүргөндөн эмне пайда? Ар бир адамдын өзүнүн жашоосу, түйшүгү бар. Ошондуктан бири-бирибизге сый мамиле кылсак жакшы болот. Айтарым, социалдык тармактарда да адамгерчиликти унутпайлы. Сын айта турган болсок, аны маданияттуу жеткирүүгө болот. Жаман сөз менен бирөөнүн көңүлүн ооруткандан көрө, жакшы сөз айтып, бири-бирибизге колдоо көрсөтөлү.

Мээрим Дербишалыева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1245, 30-октябрь-5-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан