Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

 

Арина төрөттөн кийин палатада жалгыз жаткан. Алсырап, көзүн араң ачып, жанындагы Илимди карады. Илим анын колун бекем кармап отурду. Анткени бүгүн баласын палатага алып келишмек. Экөө тең баласын көрүүгө шашып, дарыгердин келишин күтүп жатышкан.

Бир маалда эшик ачылып, дарыгер кирди. Анын жүзүндөгү олуттуу көрүнүш Илимди коркутуп жиберди.

– Балам кандай?- деди Илим ордунан тура калып.

Дарыгер бир азга унчукпай калды.

– Төрөт учурундагы оор абалдан улам ден соолугуна байланыштуу олуттуу көйгөйлөр жаралган. Азырынча анын абалы кандай өнүгөрүн так айтуу кыйын. Кошумча текшерүүлөр керек.

Арина дарыгердин сөздөрүн угуп, башын акырын чайкады.

– Жок, мүмкүн эмес!- деди ал көзүнө жаш толуп.

Жүзүн алаканы менен басып, ыйлап жиберди. Илим эмне дээрин билбей калды. Бир жагынан аялы, экинчи жагынан келечеги белгисиз наристеси. Ал өзүн күнөөлүү сезип,  коркуусун жашырууга аракет кылды.

– Илим, сен бир нерсе айтчы! Биздин бала эмне болот? Ал баса алабы? Сүйлөй алабы? Башка балдардай жашай алабы?- деди Арина ыйлап.

Илим жооп бере алган жок. Башын төмөн салып, анын жанына отурду.

– Билбейм, Арина... Билбейм...- деди ал муунуп. – Бирок бир нерсени гана билем, биз балабызды таштабайбыз. Эмне болсо да, экөөбүз тең анын жанында болобуз.

Ошол учурда медайым наристени алып келди. Арина титиреген колдору менен баласын кучагына басты. Наристе көзүн жумуп, акырын дем алып жатты. Аринанын калтыраган колдорунан баланы өзүнө алды. Бул ага эң муктаж адам эле. Анын бар экенинин өзү бакыт болчу, биринчи жолу колуна уулун алары менен жүрөгү менен байланганын сезди. Ал өмүрүндө көп нерсени жоготкон, көп ката кетирген. Бирок азыр алдында турган кичинекей жан үчүн жанын бергенге даяр эле. Бул кызыктай аталык сезим болчу. Эч нерсеге баш ийбеген, күчтүү жана толкундаткан аталык сезим эле.

– Сенин атыңды Деңиз койдум,- деди ал балага жылмая карап. Эмнегедир Деңиз жана Тамчы ага бир маанини туюнтуп жаткандай сезилди. Ушу атты койгусу келди. Уулуна ат коюп жатып да Тамчыны унутпады. Унута албады. “Тамчыдан жаралган, деңиздей күчтүү сезим тура аталык” деди ичинен.

– Эмнеге Деңиз?- деп сурады Арина шектене.

Илим баласынын кичинекей манжаларын кармап, жылмайганга аракет кылды.

– Деңиздей кең пейил, терең, күчтүү болсун дедим. Жашоосу кандай болсо ошондой болсун, жүрөгү эч качан тар болбосун. Атасындай коркок болбосун, баатыр болсун.

 Баланын жытына тойбой ары-бери басып жатты. Ал муну айтканда өзү да уулунун тагдыры кандай болорун билген эмес. Болгону, Деңиздин келечегин коркуу менен эмес, үмүт менен тосуп алгысы келген. Деңиз Илимдин жашоосун түп-тамырынан өзгөрттү.

Мурда түндөрүн ойлор жана белгисиз кусалык менен өткөргөн Илим эми уулунун дем алышын тыңшап, бешиктин жанында отурду. Ичиндеги болгон сүйүүнү ушу кичинекейге бергиси келди. Жумушунан шашып келчү, келери менен колун жууп, баласынын жанында эле. Өтө камкор жана күйүмдүү ата болду ал. Деңиздин жылмаюусу бүт дүйнөгө тете эле. Башкалар үчүн кадимки көрүнгөн нерселер Илим үчүн чоң кубанычка айланды. "Деңиз күлдү", “Деңиз колун көтөрдү” деген сыяктууларды жазган блокноту бар эле. Баласындагы кымындай өзгөрүүнү байкабай өтүп кетчү эмес. Уулунун ар бир жаңы кыймылы, ар бир үнү анын жүрөгүнө майрам алып келчү.

Деңиздин ден соолугуна байланыштуу кыйынчылыктар бар эле. Дайым догдурдун көзөмөлүндө болуусу керек болчу.

Илим уулуна карап отуруп, кээде ичинен «мен сени эч кимге кор кылбайм, балам. Сенин ордуңа жашай албайм, бирок жашооңду жеңилдетүү үчүн колуман келгендин баарын кылам» деп кайталачу.

Деңиз Илимдин эң чоң сүйүүсүнө айланды. Адамдын жүрөгү кызык экен. Бир сүйүү экинчисин жок кылбайт экен. Кээде бирөөнү кучагыңа бекем кысып туруп, башка бирөөнү сагынып жашай берет экенсиң. Ар бир түйшүк менен өткөргөн күнү аны Тамчыны унуттура албады.

Илим Деңизди жанындай жакшы көрчү. Аринага да болгон мамилеси өзгөрдү. Анын төрөт учурундагы азабын, баласы үчүн төккөн көз жашын көрүп, аялына болгон жоопкерчилигин тереңирээк сезе баштады. Бирок түн кирип, үй тынчып калганда баягы эле элес кайтып келчү. Тамчы.Анын үнү. Көздөрү. Жылмаюусу. Илимдин жанында болгондо сезилген ошол өзгөчө тынчтык... Анын апасын таап бергени, андагы колдоо көрсөтүп жанында болгону.  Жашоого болгон күрөшү. Сүйүүсү. Ал Тамчыны унутууга канча аракет кылса да, жүрөгү баш ийчү эмес.

Кээде Деңизди кучагына алып отуруп, уулунун жүзүнөн Тамчыны издегенин өзү да байкабай калчу. Анан өзүнөн-өзү чочуп кетчү. Анткени Деңиз Тамчынын ордун баса турган адам эмес эле. Ал – өзүнчө бир дүйнө, өзүнчө бир сүйүү болчу. Илим муну түшүнчү. Бирок уулунун жанында Тамчыны эстеген сайын өзүн күнөөлүү сезчү. «Менин уулум бар. Үй-бүлөм бар. Мени сүйгөн адамдар бар. Анан эмнеге жүрөгүмдүн бир бөлүгү дагы деле ошол кызда?»

Ал бул суроого жооп таба алган жок. Тамчыны сүйгөнү үчүн Аринадан кечирим сурай алмак эмес. Аны унутууга аракет кылганы үчүн Тамчыдан кечирим сурай алмак эмес. Илим эми эки башка тагдырдын ортосунда жашап калды. Илимдин эң чоң трагедиясы – Тамчыны сүйгөнүндө эмес эле. Аны унутпай туруп да жашоону улантууга, ата болууга, жоопкерчилик алууга аргасыз болгонунда болчу. Ал Деңиз үчүн жашоону кайра үйрөнүп жатты. Мунун баары бир адамдын эмоциясы болуп жатканы өзү таң каларлык нерсе. Анткени адам ар түрдүү эмоциялар менен жашай ала турган макулук тура.

ххх

Арина үчүн Деңиздин ден соолугундагы көйгөйдү кабыл алуу Илимге караганда алда канча оор болду. Анткени Илимдин жашоосунда жоготуулар, өкүнүчтөр, жан дүйнөсүн кыйнаган сүйүү бар эле. Ал азапка көнгөн адам болчу. Ал эми Арина жашоодо каалаганына жетип келген. Ал байдын жалгыз кызы эле. Бала кезинен эч нерседен кем болгон эмес. Каалаган кийимин кийип, каалаган жерине барып, көңүлү чөксө эле атасынын акчасы менен баары чечилчү. Анын каприздерин көтөрүп, каталарын кечирип, каалоолорун аткарган адамдар көп болду. Бирок аны жашоонун оор жагына даярдаган адам болгон жок.

Арина үчүн жашоо өзү каалагандай болушу керек эле. Ал сулуу үй-бүлөнү, сулуу балдарды, эл суктанган турмушту элестетчү. Деңиз төрөлгөнгө чейин эле уулунун келечегин кыялында куруп койгон: мыкты мектеп, чет өлкөдөгү университет, чоң ийгиликтер.

– Илим, сен эмне үчүн унчукпай отурасың?!- Арина бөлмөдө ары-бери басып жатты. – Бир нерсе кылыш керек да! Эң мыкты дарыгерлерди тап! Чет өлкөгө алып барабыз! Акча керек болсо, атам берет!

– Арина, дарыгерлер менен сүйлөшөбүз. Бала бир аз чоңойсун. Азыр жолду көтөрө албайт. Жүрөгүндө бир нече тешик бар. Дем алуусу кыйындап кетип жатканын көрүп турасың го. Азыр бизге убакыт керек.

– Убакыт! Ал убакыт менде жок.  Айтчы, менин балам эмне үчүн башкалардай эмес?!

Илимдин жүзү өзгөрүп кетти.

– Арина, Деңизди башкалар менен салыштырба.

– Мен салыштыргым келет!- деп кыйкырды ал. – Бирок мен мындай болот деп ойлогон эмесмин! Эч качан! Менин жашоом ушундай болушу керек беле?! Анын көздөрүнө жаш толду. Бирок бул көз жашта энелик мээрим менен кошо коркунуч, ачуулануу жана өз тагдырына болгон нааразычылык да бар эле. Илим аны кучактагысы келди. Анткени андагы аргасыздыкты түшүнүп турган. Арина болсо колун түртүп жиберди.

– Тийбе мага! Сен түшүнбөйсүң!

 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1245, 30-октябрь-5-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан