Кумуралар өрөөнү – бул Лаостун Сиангкхуанг провинциясындагы тарыхый-археологиялык эстеликтер жайгашкан аймактардын тобу. Ал жерлерде ар жакта чачырап жаткан чоң таш кумуралар, капкак катары кызмат кылган таш дисктер да бар.
Сөөк коюу үчүн колдонулган болушу мүмкүн
Кумуралардын жалпы саны 2000-3000дин тегереги. 2019-жылы өрөөн ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Кумуралардын өлчөмдөрү жарым метрден 3 метрге чейин жетет, формасы тик бурчтуу, ошондой эле тегерек болуп кетет. Салмактары 6000 килограммга чейин барат. Идиштерди жасоо үчүн гранит, кумдак (кумдуу таш), ошондой эле кальцийлешкен тоо тектери колдонулган.
Археологдордун пикири боюнча, кумураларды мындан 1500-2000 жыл мурун мында жашаган, бирок маданияты бүгүнкү күнгө чейин белгисиз бойдон калган байыркы эл колдонгон. Антропологдор менен тарыхчылар кумуралар сөөк коюучу идиш (урна) катары же суу сактоо үчүн колдонулган деген божомолдорду айтышат.
Лаосто бул тууралуу 2 уламыш бар. Биринде бул өрөөндө илгери алп адамдар жашап, кумураларды ошолор жасап, колдонушкан. Экинчисинде Кхунг Чынг аттуу падыша душмандарын жеңгенден кийин көп өлчөмдө күрүч шарабын ачытуу үчүн жасаткан.
Өрөөндө жарылбай калган снаряддар бар
Алгачкы археологиялык изилдөөлөрдү 1930-жылдары франциялык окумуштуу Мадлен Колани жүргүзгөн. Колани тапкан сөөктөр, эмгек куралдары жана коло буюмдар кумуралардын сөөк коюу жөрөлгөсү үчүн колдонулганын далилдегенсийт.
Жарандык согуш учурунда америкалыктардын массалык бомбалоосунан улам өрөөндө көптөгөн жарылбай калган снаряддар калган. Ушундан улам өрөөндө изилдөө иштери чектелип калган. Кийин Лаостун Маалымат жана маданият министрлиги Австралиянын университеттеринин колдоосу менен Кумуралар өрөөнүн изилдөөгө активдүү киришкен. Бельгиялык археолог Жулия ван-ден-Берг өрөөндө 4 жыл бою маанилүү изилдөө иштерин жүргүзгөн.
Туризмди өнүктүрүү аракеттери бар
Өрөөндү снаряддардан тазалоо – туризмди өнүктүрүү жана изилдөө жүргүзүү үчүн эң негизги шарт болуп саналат.
2004-жылдын июль айынан баштап «Mines Advisory Group» өкмөттүк эмес уюму өрөөндү миналардан тазалоо ишин колго алган. 2005-жылдын июль айындагы маалымат боюнча, алар кумуралары көп 3 негизги чоң аянтты бир топ тазалап жетишкен. Алар ар жуманын жума күндөрү пландалган жардырууларды уюштуруп турушкан. Учурда изилдөө иштерине бир топ окумуштуулар тартылганы айтылат.