Кылмышты иликтөө – бул татаал жана кээде абдан чырмалышкан процесс. Адатта, ага профессионалдардын бүтүндөй бир командасы: ыкчам кызматкерлер, криминалисттер жана ар кандай эксперттер катышат. Алардын бардыгы маанилүү милдеттерди аткарышат, бирок иликтөөдөгү башкы фигура – бул тергөөчү. Биздин каарманыбыз милициянын улук лейтенанты Аман Тилеков ушундай жооптуу кесипти аркалап келет. Ал Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү. Ишинин оош-кыйышы, иш тажрыйбасында кезиккен криминалдык окуялар, учурдагы кылмыштардагы өзгөчөлүктөр жана башкалар тууралуу кеп салып берди.
– Аман мырза, “Кесип тандоо – келечекти тандоо” дейт эмеспи. Бул кесипке өз тандооңуз менен келгенсизби же башка жагдайлар түрткү болгонбу?
– Мен Нарын шаарында туулуп, өстүм. Шартка байланыштуу 5-классымда ата-энем менен Бишкекке көчүп келдик. Мектепти бүткөндөн кийин ИИМдин алдындагы академиянын юриспруденция багытына тапшырып, окуп бүтүп, диплом алып чыктым.
Кичинемде телевизордон милиция кызматкерлери, детективдер тууралуу тасмаларды көргөнүмдө суктанып, алардай болгум келчү. Анткени алар кылмышкерлерди жазалап, адамдардын укугун коргоп, мыйзамдуулукту калыбына келтирет эмеспи. Анын үстүнө тергөөчүнүн иши детективдин ишин элестетет, башкача айтканда, далилдерди топтоп, аларды талдайт, күбөлөрдү сураштырат жана шектүүлөрдөн сурак алат, кылмыш ишинин түйүнүн чечет. Мен да ошолордой болгум келчү. Жумушум коомго реалдуу пайда алып келип, тартиптин, мыйзамдын сакчысы болуп жүргөнүм жан дүйнөмө жагат. Формама, погонума, кызматыма болгон сый-урмат катары карайм. Менин бул кесипке келишиме ата-энемдин колдоосун да айта кетейин.
– Кылмыш ишин тергөөгө канча убакыт берилет? Эгерде берилген мөөнөттө тергөө бүтпөй калса эмне болот?
– Кылмыш иши козголгон мөөнөттөн тартып тергөөгө жалпысынан 2 ай берилет. Бирок көбүрөөк убакытты талап кылган кылмыш иштери да болот, андай учурларда тергөө мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
– Тергөөчүгө кылмыш болгон жерлерге барууга, үрөй учурган көрүнүштөрдү көрүүгө туура келет. Мындай нерселер психикага кандай таасир этет?
– Ооба, тергөөчүгө окуя болгон жерлерге көп чыгууга туура келет. Айына 2-3 жолу 1 суткалык нөөмөткө турабыз. Чүй облусунда 8 район, 3 шаар бар. 1 суткада алардан 200-250дөй чакыруу түшөт. Кыскасы, “102ге” уруш-талаш, уурдоо, тоноо, адам өлтүрүү, ден соолукка зыян келтирүү, курал колдонуу, авто уурулуктан тартып, “аялым үйгө киргизбей койду”, “сыртта иттер жүрөт, үйдөн чыга албай жатабыз” дегендерге чейин чалышат.
Окуя, кылмыш, жол кырсыгы болуп өткөн жерлерден эмнелерди гана көрбөйсүң?! Чукулган көз, жулунган кол, зордуктоого кабылган жашы жете элек кыздар, мушташып бири-бирин сайгандар, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып токмок жеген аялдар... Кээде батирде 1 нече күн жатып калган өлүктү табууга болот. Андай бөлмөдө кандай жыт болорун элестетип көрүңүз! Бирок эч нерсеге карабастан окуянын бардык жагдайларын аныктоо зарыл. Өзүңдү колго алууну, муздак кандуу жана сабырдуу болууну тажрыйба топтогон сайын үйрөнөсүң. Узак иштеген сайын катардагы адамды шок абалга түшүрчү көрүнүштөргө таң калбай деле каласың.
– Тажрыйбаңыздагы кылмыш иштерин иликтөө тууралуу айтып бербейсизби?
– Адам өлтүрүү кылмышы боюнча айтсам, бир жолу “ушул даректе ызы-чуу болуп жатат” деген билдирүү түштү. Ыкчам-тергөө тобу 10 мүнөттө жетип бардык. Ал жерден башы жанчылып жаңы эле өлгөн адамды таптык. Окуя мындай болгон экен: эки эркек ичимдик ичип, мас абалында талашып-тартышып, анан мушташа кетишет. Бири үйүндөгү мылтыгынын кундагы менен беркини башка ура берип, башын жанчып салат. Ал өлгөндө качып кетет. Кылмыштын изин суутпай, кылмышкерди кармап келип, далилдерди чогултуп ишти сотко өткөргөнбүз. Күнөөлүү адам 12 жылга кесилген.
Учурда үй-бүлөлүк зомбулук көп. Зомбулук аялдарга карата гана эмес, кээде эркектерге карата да жүрөт. Бир жолу кылмыш катталды деген жерге барсак, кыргыз үй-бүлө экен. Аялдын 1 көзү агып калыптыр. Көрсө, ичкиликке жакын күйөөсүн аялы “сен андайсың, мындайсың” деп кыйкырып урушуп, ура баштайт экен. Ошондо күйөөсү колун шилтеп жибергенде манжасы кокусунан аялынын көзүнө кирип кетип, көзү агып түшүп калат. Бул Кылмыш-жаза кодекси боюнча ден соолукка оор залал келтирүү болуп саналат. Ошого аялы “күйөөмө доом жок, бул кокустуктан болду” деп арыз жазган күндө да кылмыш иши кыскартылган эмес. Күйөөсү камалып кеткен.
Акыркы убактарда киберкылмыштуулук өсүп жатат. Бул жаатта шугулданган топ 1 аялды алдап, картадагы акчасынан тышкары үйүн саттырып, акчасын өздөрүнө котортконго чейин жеткиришкен. Тергөө амалдарынын натыйжасында шектүүлөрдү кармап, кылмыштарын далилдеп бергенбиз. Жазаларын алышкан. Аялдын акчалары кайтарылып берилип, жаңы үй караштырып жүргөн.
Эң жаман, денени титиреткен, жүрөк оорутуп, кейиткен кылмыштардын бири – бул кичинекей кыздардын зордуктоого кабылып жатканы. Зордуктоо – коомдогу эң оор жана кечирилгис кылмыштардын бири. Мындай кылмыштарды жасаган адамдар мыйзам чегинде эң катаал жазага тартылат. Мындай кылмыштардын алдын алуу үчүн коом жапырт күрөшүшү керек.
– Сиздерди коркутуп-үркүткөндөр да болобу?
– Албетте, андайлар болот. Андан тышкары айрымдар алдын ала тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылууга, биздин ишке ар кандай жолдор менен кийлигишүүгө, ишти ар тараптуу, калыс тергөөгө жол бербөө жаатында да иш-аракеттеди кылышат. Бул үчүн мыйзамда ири өлчөмдө айып пул салуу же эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Сурак берген шектүүлөрдүн ар биринин психикасы, мүнөзү ар түрдүү да. Эч ким кылмышын дароо эле моюнуна ала койбойт. Айрымдар кылмышын жашырыш үчүн оңою менен илинчек таба албай тургандай көрсөтмө беришет, суракта такыр сыр бербей отурушат. Уурулардын ичинде кылмыш кылган жерине оңою менен далил заттарды калтырбай, манжа издеринен бери аарчып-тазалап кеткендер болот. Кармалып калганда агрессиясын тергөөчүдөн чыгарып алыш үчүн кыйкырып-өкүрүшөт. Кимиси кандай мүнөзүн көрсөтпөсүн, биз, тергөөчүлөр, салкын кандуулук менен тергеп, акты акка, караны карага чыгарабыз. Жогоруда айткандай, түркүн мүнөздөгү адамдарды тергеп жүрүп психолог да болуп каласың. Жумушубуз абдан оор. Кээде баарын таштап, тынч жерге жумушка кеткиң келет. Бирок жумушуңдун канчалык маанилүү экенин эстегенде бул каалоо жок болуп кетет.
Тергөөчүгө аналитикалык ой жүгүртүү, стресстерге туруктуулук, майда деталдарга чейин көңүл бурган кылдат байкагычтык, түрдүү адамдар менен тил табыша билүүчүлүк, заманга жараша керектүү технологияны өздөштүрүп, илип кетчү сапаттар керек. Анан тергөөчүнүн бекитилген иш графиги жок, нөөмөт учурунда күнбү-түнбү, кылмыш иши боюнча чакырык түшсө дароо жөнөөгө даяр турушуң кажет. Бул кесипте чыдамкай адам гана иштеп кете алат.
– Кылмыштуулуктун кантип өзгөрүп жатканын салыштырып бере аласызбы? Мисалы, 90-жылдары кандай эле жана азыр кандай?
– 1990-жылдары каракчылык, тоноо жана уурдоо учурлары абдан көп болчу. 2000-жылдарга көбүнчө опузалап акча талап кылуу жана унаа уурдоо мүнөздүү болгон. Ал эми азыр, маалыматтык технологиялардын өнүккөн доорунда банктык эсептерден акчаны аралыктан уурдоо менен байланышкан кылмыштар көп жасалууда. Баңгизаттарга байланыштуу кылмыштар көбөйдү.
Канымжан Усупбекова