Биз социалдык тармакта

ТАҢКАЛЫШТУУ НИКЕЛЕР

Шарон Тендлер аттуу англиялык бай айым Израилдеги курорттон дельфиндер жашоочу жайдагы Синди аттуу дельфин менен таанышып, экөөнүн жылдызы келишип калган. Көп узабай дельфиндин дрессировщиги айымга үйлө­нүүгө Синдинин макул экендигин айткан. Ошентип, үйлөнүү тою өткөн­дөн кийин айым “жубайы” менен көбү­рөөк убактысын сууда өткөрчү болгон жана өзүнүн бактылуу экендигин билдирген.


Индияда сантал аттуу уруудан чыккан 9 жаштагы Карнамуни Хасда аттуу кыз селсаяк итке турмушка чыккан. Анткени, бул уруудагылардын ырым-жырымдары боюнча, наристенин биринчи тиши үстүнөн чыкса, аны алдыда өлүм коркунучу күткөн. Наристенин өмү­рүн сактап калуу үчүн дароо адамдын эң жакын досу итке баш коштурушкан. Бирок, буга чейин той өткөрүүгө кыздын атасынын мүмкүн­чү­лү­гү болбогондуктан, салтанат 8 жылга кечиккен. Ошого карабай Карнамуни чоңойгондо экинчи ирет адам баласына күйөөгө чыкса болот экен.


Ал эми Чжухай аттуу кытай жигит болсо өзүнүн сүрөтүнө үй­лөн­гөн. Ал өзүн курчаган чөй­рө­дөн, адамдардан тажап кеткенин айтып жүргөн. Акырында анын бул нааразычылыгы өзү­нө-өзү баш кошуу менен аяктаган. Башкача айтканда, ал өзү­нүн сөлөкө­түн жасатып, ага үлпөт көйнөгүн кийгизген. Салтанат өз талаптарына жооп бергидей өткөн. Үйлө­нүү үлпө­түнө жүздөй киши катышкан. “Жаш жубайлар” ага-туугандардын жана коноктордун батасын алышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 248, 3-9-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан