Биз социалдык тармакта

КЫРГЫЗ ТООЛОРУНДА АК ИЛБИРС КӨБӨЙҮҮДӨ 

Кыргызстанда ак илбирстин саны көбөйүүдө. Мындай маалыматты 27-октябрда Жаратылыш министрлиги таратып, ак илбирстердин көбү Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагын байырлай турганын билдирди. 

Жакында Нарын районундагы айылдардын биринде жергиликтүү тургундар эки баласы менен жүргөн ак илбирсти видеого тартып алышты. Видеодо жаныбарлардын түндө көпүрөдөн өтүп баратканы байкалат. Жаратылыш министрлиги илбирстер болжол менен бир жашта болушу мүмкүндүгүн билдирди.

– Кыргызстан ак илбирстин негизги байырлаган аймактарынын бири болуп саналат. Өлкөдө бул жырткычтын саны болжол менен 450-550 башты түзөт. 1990-жылдары алардын саны кескин кыскарганына карабастан, акыркы жылдары популяциясынын акырындык менен көбөйүү тенденциясы байкалууда,- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ак илбирс – Кыргызстандын улуттук символу болуп саналат. 1990-жылдары Кыргыз тоолорунда 600дөй илбирс жашаса, 2010-жылдары алардын саны 300гө чейин түшүп кеткен эле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1245, 30-октябрь-5-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан