Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДАГЫ КӨЙГӨЙ: БИШКЕК ДҮЙНӨДӨ АБАСЫ КИР ШААРЛАРДЫН ҮЧТҮГҮНӨ КИРДИ       

Бишкек дүйнөдөгү абасы зыяндуу делген шаарлардын рейтингинде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу дүйнөдөгү абасы кир жана таза шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун сайтында жарыяланды.

Аталган уюмдун 27-октябрда чыгарган маалыматына ылайык, учурда Бишкекте абанын сапатынын индекси (AQI) 167ни түзөт. Бул көрсөткүч абанын сапаты ден соолукка зыяндуу экенин билдирет. Рейтингде Казакстандын Алматы шаары 129 AQI көрсөткүчү менен 8-орунда, Өзбекстандын Ташкент шаары 122 көрсөткүчү менен 9-орунда турат.

Эскерте кетсек, абанын сапатынын индекси 6 категорияга бөлүнөт. AQI 300дөн жогору болсо, аба кооптуу деп эсептелет. Ал эми 50дөн төмөн көрсөткүч абанын сапаты жакшы экенин билдирет.

Бишкекти каптаган ыш жыл сайын кыш мезгилинде башкы көйгөйгө айланып, аны чечүү жолу табыла элек. Адистер муну шаардын тегерегиндеги конуштарда көмүрдүн жагылып жатышы, шаардагы автоунаадан чыккан түтүн жана башкалар менен байланыштырып келишет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1245, 30-октябрь-5-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан