Биз социалдык тармакта

ОШТО ИШКЕРДИ БЫЧАКТАП ӨЛТҮРГӨН ЖАРАН ӨМҮР БОЮ АБАККА КЕСИЛДИ     

Ош шаарында акча алмаштыруучу жайдын ээсин өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 27-октябрда Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Сот өкүмү 28-сентябрда чыгарылды. Ага ылайык, айыпталуучуга мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды. Соттолуучу 38 жашта. Азыркы учурда соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Эскерте кетсек, быйыл 24-майда экинчи борбор шаарда акча алмаштыруучу жайдын ээси бычакталып каза болгон эле. Ал алган жаракатынан улам ооруканага жетирилип, операция учурунда көз жумган. Милиция кылмышка шектүү кармалганын, ага карата “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча иш козголгонун маалымдаган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1245, 30-октябрь-5-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан