Кыргыздын көрүнүктүү уулу, диктор, обончу жана аткаруучу Жолдубай Кайыповдун көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Өнөрү менен эл жүрөгүнөн орун алган инсандын жаркын элесин кызы Айнура Кайыпова менен бирге эскерип, атанын артында калган асыл мурас, өткөн күндөр, сагыныч тууралуу маектештик.
– Саламатсызбы, Айнура айым? 29- октябрда Жолдубай Кайыпов агабызды эскерүү кечеси болот экен. Эмнеге ушул дата тандалып алынды?
– Саламатчылык. Быйыл 11-августта атам Жолдубай Кайыпов 80 жашка чыкмак. Жай мезгили, элдин баары эс алууда болгондуктан эскерүү кечесин күзгө жылдырган элек. Быйыл, өзүңөр билгендей, күзүндө Кыргызстанда эл аралык деңгээлде чоң иш-чаралар өттү, ошентип отуруп ушул датага жылып кетти. Башка себеби деле жок. Атамды эскерүү кечеси Опера жана балет театрында өтөт.
– Атактуу инсандын кызы болуу сыймыкпы же оор жоопкерчиликпи?
– Атам каза болгондо мен 14 жашка чыккан, эс тартып калган кыз элем. Ошондуктан бул чоң жоопкерчилик болду мен үчүн. Кайда барсам да, эмне кылсам да атамдын кызы экенимди эч эстен чыгара алган жокмун. Кыргыз мамлекеттик медицина академиясын бүтүргөм, кесибим боюнча педиатрмын. Студент кезде элдин баары мени Жолдубай Кайыповдун кызы катары таанычудай сезилчү. Апам да дайыма “кимдин балдары экениңерди эсиңерден чыгарбагыла, тарбиялуу болгула” дээр эле. Менден баары чоң ийгилик күткөндөй сезилчү. Фамилиямдан улам кимдир бирөө менден атам тууралуу сурап жибербесе экен деп турчумун. Анткени атам тууралуу сүйлөш, айтып бериш мага кыйын эле. Азыр деле кыйын, бирок элдин уулу болгондуктан атам тууралуу биз айтып бербесек, анда ким айтат?
Атам өзүнүн кыска өмүрүндө чоң мурас таштап кетиптир. Анын ырларын азыр канчанчы муун жаңылап ырдап жатышат. “Атам менен энеме” деген ыры гимн сыяктуу эле болуп калды, той-топурдун баарында ырдалат. Бирок мен көп жылдар бою атамдын ушул ырын, үнүн уга албадым. Чыдай албай ыйлап жиберчүмүн. Атамды көрүп кыйналбаш үчүн үйгө телевизор да койбойт элек. Бирок сиз айткандай, атам мага, бир туугандарыма, неберелерине, элине чоң мурас калтырды. Ошондуктан мурун чоң жоопкерчилик болсо, азыр атамдын кызы болуу – жүрөктү элжиреткен сыймык. Ушул кишинин кызы болгонума аябай сыймыктанам.
– Эл атаңызды мыкты таланттуу инсан катары билет. Ал киши үйдө кандай ата эле?
– Атам ал кезде бизге чоң кишидей көрүнчү, азыр ойлосом, жапжаш эле болгон экен да. Менин улуу балам азыр 36 жашта, таятасынын жашында. Аны карап туруп атам жапжаш болчу тура деп калам. Атам аябай жоопкерчиликтүү эле, үй-бүлөсүнө аябай жакшы карачу. Бир туугандарына да башкача мамиле кылар эле. Тез-тез телефон чалып көзөмөлдөп турчу. Кудай аз өмүр берсе да, чоң мүмкүнчүлүк, чоң жүрөк берген экен. Жашаганда да шашып жашаптыр. Менин көз алдымда атам шайыр адам катары сакталып калды. Күлүп-жайнап шайыр эле, дасторконго отурганда да күлдүрө берчү. Комуз чертип, ырдап, “силер да ырдагыла” дечү. Бизди сейил бакка алып барганда инилери менен күрөшүп ойноп кетсе таң калчу элем. Азыр ойлосом, 36 жаш эмне, бала эле бойдон кете берген турбайбы деп калам. Атама аябай ыраазы болом. Мени да көптөр атама окшоштурушат, шайыр, бардык адамдар менен тил табышканга аракет кылган мүнөзүмдү окшош дешет. “Окшошсуң” деген сайын сүйүнүп калам. Жаш өткөн сайын атамды көп эстей турган болдум.
– Апаңыздан да интервью алган элем. Ошондо ал “балдарыма оор болбосун деп кайгымды билдирген жокмун” деген. Сиз апаңыздын кыйналганын сезчү белеңиз?
– Атам каза болгондо апам 34 жашта эле, жапжаш туруп үч бала менен жесир калды да. Аябай оор болсо керек. Апам өз бөлмөсүнөн көп чыкпай жүрдү ошол кездери, жумушуна барат, эч ким менен сүйлөшпөйт. Биз кичине болгондуктан, балким, апамдын кайгысын сезе албасак керек. Биздин үйдө атам тууралуу такыр сүйлөшө алчу эмеспиз, биз бала катары кайгы тартсак, апам жубайы катары кайгыда жүрдү да. Ал кезде психолог деле жок эле да, атамдын капыстан өлүмү баарыбызды селейтип тоңдуруп салгандай жашадык көп жылдар бою. Каникулдарда чоң ата, чоң энемдикине барчубуз. Чоң энем биз кайра кеткиче уулун эстеп, көзүнөн жашы тыйылчу эмес. Кичинемде эң кыжалат болгонум ушул эле, “баары ыйлап атамды эстешет” деп кача берчүмүн. Мен төрөлгөндөн тарта мектеп жашына чейин чоң ата, чоң энемдин колунда тарбиялангам да. Улуу небереси катары берип коюшса керек. Ошондуктан атам каза болгондо апам экөөбүздүн ортобуздагы дубал ого бетер калыңдай түшкөндөй сезилди. Кийин апам “сени бербей эле койсом болмок экен” деп жүрдү. Эсимде, апам үч жумушта иштеп бизди тарбиялап чоңойтту. Ага аябай кыйын болгонун билип эле турчумун. Бирок сүйлөй алчу эмесмин. 2019-жылы коронавирус убагында апам да каза болуп калды.
Мен жана эки иним тең жогорку билимдүү болдук. Үй-жай салып берди, ошонун баарынын башында апам турду. Албетте, атамдын бир туугандары да каралашып турушту.
– Кыз бала атасына жакын болот эмеспи, сиз үчүн оор болду болуш керек...
– Ата кызына жакын болот деген чын экен, атама жакын элем. Аябай жоктодум, айрыкча турмушка чыгып жатканымда, балалуу болгонумда, жашоомдун маанилүү учурларында атам аябай керек болду. Кыйын учурларда түшүмө кирчү. Менин беш балам бар, уулдарым да, кыздарым да чыгармачыл инсандар болушту. Күчүү кызым Арууке кичинесинен ырдоого шыктуу, таятасынын жолу менен кетти. Көп музыкалык аспаптарда ойнойт. Кичинесинде “апа, мага таятам өз үнүн калтырып кеткен да” десе “муну ким үйрөттү?” деп таң калчу элем. Айткандай эле азыр ырдап жүрөт. Таятасынын ырларын ырдаса сүйүнүп калам. Өң-келбети да атама окшош. “Атам өлбөптүр, өнөрү неберелеринде калыптыр. Элдин эсинде өзү калыптыр” деп тагдырыма ыраазы болуп кетем. Жылдар унуттурат дешет, бирок мен, тескерисинче, жашым өткөн сайын атамды көп эстечү болдум (жашып). 42 жыл болду көзү өткөнүнө, 80 жаш курагын өзү белгилесе эмне...
– Ыйлабаңыз, атаңыз жашоодон кеткени менен, артына өчпөс из калтырып кетти...
– Мен да ушуну көп ойлоном. Адам жөн эле жашай бербей, артына бир из калтырып кетиши керек экен. Жашоону атамдай жаркырата жашап өтүш керектигин билдим. Атамдын өмүрү чагылган сыяктуу болду. Жарк этти да, учуп кетти. Мурун атам тууралуу такыр сүйлөй алчу эмес элем, азыр канчалык оор болсо да эл алдына чыгуу керек болду. Анткени элге атам тууралуу айтып бере турган апам да өтүп кетти. Бир туугандары деле улгайды. Атамды эстеп кайрылып жатканыңар үчүн силерге да чоң рахмат!
Нуржамал Жийдебаева