КОЙ
(21.03–20.04)
Жашооңузга өзгөрүү кириши күтүлөт. Бирөө үчүн жаңы жумуш, дагы биринде үй-бүлөлүк жашоосундагы жаңы статус, дагы биринде жаңы идеялардын ишке ашуусу же жер которуу сыяктуу жаңылануулар болушу мүмкүн. Банк карталарына, капчыкка сак болуңуз, уурдатып жиберүү коркунучу бар. Апта негизинен сиз үчүн динамикалуу өтөт, тынч бир жерде отурган жериңизден турууга мажбур болосуз. Пландалбаган соода иштерин жасабаңыз, бир аз убакыт өтүп өкүнүп каласыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Өжөрлүк сапатыңыз бул күндөрү жардам бербейт, тескерисинче, кедергисин тийгизүүсү мүмкүн. Жумушта болобу, үйдөбү, бирөө жарым менен талашып, өзүңүздүн тууралыгыңызды далилдей бербеңиз. Жаткан жериңизден тургуңуз келбей, жалкоолук кучагына алышы мүмкүн. Күмөн жараткан адам менен романтикалык мамиле куруудан сак болуңуз. Жумушун алмаштырам дегендер бир аз күтө турушу керек, убактысы келе элек. Курулуш, оңдоп-түзөө жумуштары ийгиликтүү болот.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Жети жолу өлчөп, бир жолу кесиңиз. Бул күндөрү сизге шашып чечим чыгарууга, шашылыш кыймыл-аракеттерди жасоого тыюу салынат. Майда жаракат алуу коркунучу бар. Күтүүсүз жерден белек алышыңыз мүмкүн, айрыкча ата-энелер балдарынан сюрприз күтө берсе болот. Материалдык жаатта пайда түшүүсү күтүлөт. Башка адамдардын каалоосун өзүңүздүкүнөн бийик коюуга туура келет. Иш сапары менен башка шаарга же чет мамлекетке чыгууңуз мүмкүн.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Биринин артынан экинчи конокко чакыруу түшүп, үйгө турбай каласыз. Каржылык жаатта канча чыгым тартсаңыз, ошончо пайда көрөсүз. Андыктан көп коротуп жатам деп маанайыңызды түшүрбөңүз. Аптада жумушка байланыштуу келишим түзүү же башка олуттуу сүйлөшүүлөр ишке ашпай калуусу мүмкүн, андыктан бул аптага маанилүү нерсе пландабай туруңуз. Өспүрүм бөйөндөр кызуу кандуулукка алдырып, улууларга катуу сүйлөп таарынтып алуулары мүмкүн.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Бул аптада сизден өткөн жумшак, боорукер, айкөл адам жок болот. Бардыгына ыраазы болосуз, нааразычылык жараткандарга жооп айтпай, кийинкиге чейин жүрө тур дешиңиз мүмкүн. Үйүңүздө, корооңузда орун алмаштыруу, көчүү сыяктуу түйшүктөр орун алмакчы. Алыстан сизге жакпаган кабар угушуңуз мүмкүн. Буга байланыштуу эч нерсе жасабай туруңуз. Кимдир бирөөдөн чогуу бир жерге барып келүү сунушуна макул болбоңуз. Каржылык жаатта үнөмдүү болушуңуз керек.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Өзүңүздүкүнө кошумча башкалардын жумушуна да аралашып, энергияңыз ар тарапка чачылат. Мындан улам бат чарчап, көп кишинин арасында жүргөндүктөн баш оорусу жаралышы мүмкүн. Көптөн бери күткөн карьералык тепкичтен жогорулоо ушул аптада орун алышы күтүлөт. Туугандар менен жолугуп, кайсы бир суроолорго жооп издөөгө, келечекте боло турчу нерсени пландоого туура келет. Апта соңу тынч эс албасаңыз, кийинки аптага күч, энергия, ресурс таппай калышыңыз мүмкүн.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Аптанын биринчи жарымында кара күч жумуштарын жасоодо, спорт менен машыгууда да абайлаңыз, белиңизди оорутуп алуу коркунучу бар. Ири суммадагы акча менен иш алып барууда ички туюмуңузга ишениңиз, ал кайсы туура, кайсы туура эмес экенинен кабар берет. Бойдоктордо мурда колдон учурган адам менен кайрадан романтикалык мамиле курууга мүмкүнчүлүк жаралат. Кайсы бир маселеде достордун кеңешине таяныңыз. Апта соңу кышка камылга көрүлүшү мүмкүн.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Карама-каршылыктар орун алган апта күтөт. Бир четинен жумушта көрүнүктүү иш жасап, карьерадан да, материалдык жактан до жогорулоо күтөт. Экинчи тараптан жеке жашоодо баары ойдогудай болбой калышы мүмкүн. Алдыңыздан оор тандоо чыгышы мүмкүн, эмоция менен эмес, акыл-эске калчап туруп чечим чыгарыңыз. Сырттан топтоп келген негативди үйдөгү балдардан чыгарып, аларды жөнү жок уруша берүүдөн карманыңыз. Түгөйүңүзгө да көңүл бурууну унутпаңыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Айрым күндөрдү эске албаганда бул апта жаачылар үчүн идеалдуу болмокчу. Оптимизм, ийгилик коштоп жүрөт. Шаршемби, бейшемби күндөрү абайлап жүрүүңүз керек. Өзүңүздүн дарекке карата айтылган негативдүү сөздөрдү угасыз, ага энергия бөлүп отурбай, кулак сыртынан кетирип коюңуз. Оорчулук жаралган учурларда сүйүктүү адамыңыз жана досторуңуз жардамга келишет. Негизи бул аптада сизди эч ким жалгыз калтырбайт, дайыма кимдир бирөөнүн компаниясында болосуз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Жумушта пландалган иштер жүз пайыз аткарылбай көңүлүңүз чөгүшү мүмкүн. Бирок кесиптештердин колдоосу баарын ордуна коёт. Жеке жашоодо тазалануу иштери жүрөт, кереги жок буюм-тайымдардан, керекпи адамдардан да арылуу болушу мүмкүн. Көптөн бери баштоодон коркуп келген тепкичтен өтүп, ийгиликке карай жол тартасыз. Жакындарыңыздын биринин ден соолугун текшерткени ооруканага барууңуз мүмкүн. Апта жалпысынан курч окуяларсыз аяктайт.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Башкаларга көрүнбөгөн, бирок көп убакыт жана күчтү алган жумуштарыңыз бааланат. Бааланганына өзүңүз да таң каласыз. Өзүңүзгө өзүңүз белек тартуулооңуз мүмкүн. Кол өнөрчүлүк менен алектенгендерге ири буюртмалар түшүүсү күтүлөт. Ошол эле учурда жалкоолук сизди “артка кайт” деп шыбырап турат. Бул шыбырга жетеленбей, өзүңүздү колго алсаңыз, материалдык жактан ири сумма колуңузга тиет. Көптөн бери көрүшө элек адам менен жолугушууңуз ыктымал.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Бул аптада көп ойлонууга туура келет. Ар кайсыны ойлоно берип көңүлүңүз бир ишке токтобой, бир нече ката кетирүүңүз мүмкүн. Чыгармачылык менен алектенгендерге эргүү келип, жаңы шедеврлер жаралуусу мүмкүн. Сырттан таппаган тынчтык сизди үйдөн күтүп алат. Жакындардын жанынан бейпилдик жана коопсуздук сезесиз. Үйгө керектүүлөрдү алуу үчүн аз эмес суммадагы акча керектелет. Бойдоктор сүйгөн адамынан көптөн күткөн “макул” деген сөздү угушу мүмкүн.