Колуңузда турган телефонду көрбөй же башыңызга илип койгон көз айнекти издеген учур... Бир жакка барарда канчалык эрте даярданып баштасаң да баары бир кечиккен учур... Оюңду толук түшүндүрүп бүтпөй, бир темадан экинчи темага өтүп кеткен учур... СДВГ синдромун көбүнчө тынчсыздануу, депрессия, стресс абалы менен алмаштырышат. Анткени булардын баарын бириктирген белгилер бар. СДВГны көп учурда байкоо кыйын, бирок байкаган адамга сезилет. Бул эмне болгон синдром? Макалага көз жүгүртүңүз.
СДВГ же КЖГС
СДВГ (синдром дефицита внимания и гиперактивности) кыргызча чечмелегенде көңүл буруунун жетишсиздиги жана гиперактивдүүлүк синдрому (КЖГС) дегенди түшүндүрөт. Бул синдром көпчүлүк адамдарда кездешүүсү мүмкүн. Мисалы, эркек балдарда гиперактивдүүлүк, тентектик, бир орунда отура албоо, мектепте сабакка көңүл бура албай жаман окуу жана башка. Кыздарда тескерисинче көрүнүш болушу ыктымал. Кыздар балдар сыяктуу класста ары-бери чуркабайт. Бир орунда отуруп, ойлору кайда экени белгисиз болушу мүмкүн. Дептер, калемин бат-бат жоготот. Мугалимдин айтканын дептерге жазып үлгүрбөйт. Бирок үлгүргөнгө аябай аракет кылат. Үйүндө үй тапшырма жасап түн бир оокумга чейин отурат, жасаганын кайра-кайра текшерет. Ошентип кичинесинен өзүн тарбиялаганга, башкалардан калбаганга көнө баштайт. Башкалардын көзүнө үлгүлүү кыз көрүнөт. Бирок ошол үлгүлүү болуш үчүн эки эсе көп мээнет, аракет, энергия коротот.
Эне статусу баарын ачыктайт
Баягы кыз чоңоюп жалгыз жашаганда эч нерсе сезилбейт. Анткени жашоосун жөнгө салып алган. Канчада турарын, тамактанарын, жумушка кайсы жол менен барарын, кандай иштээрин, кайра келген жолун, үйүндө кайсы буюм каякта турарын так билет.
Анан ал турмушка чыгат, балалуу болот да, баягы жөнгө салынган күнүмдүк жашоодогу тартип бузулуп калганын байкайт. Уйкусу бир нечеге бөлүнүп, дээрлик күндө жетиштүү уктай албайт. Күнү менен ар кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн, кичинекей наристеге болгон жоопкерчилик да турат... Түрдүү түйшүктөр, эс алуунун жетишсиздиги, өзүңө көңүл бурууга убакыттын жоктугу жашоону кыйындатат. Ошондо кичинесинен башкалардан катып келген, тартипке салган СДВГ синдрому кайра “баш көтөрөт”. Мурдатан эле көңүл бурууну топтоо үчүн күч менен иштеп келген мээге дагы көбүрөөк жүктү көтөрүүгө туура келет. Ошондуктан аялдар эне болгондон кийин эч нерсеге жетишпей жаткандай, эне болуу, аял болуу колунан келбей жаткандай сезет өзүн. Бирок бул аялдын кемчилиги же жетишсиздиги эмес экенин түшүнүү зарыл.
Декреттеги апаларда СДВГ кандай байкалат?
Көңүл буруу жайлайт – мурда көп темага кызыгып, баарынан кабардар болгусу келчү. Эне болгондон кийин сырткы дүйнөгө көңүл буруу азаят же такыр көңүл бургусу келбей калат. Концентрация жоголот, майда-барат нерселерди ойлонгусу келбейт, маанилүү даталар унутулат. Бир нерсени пландоо, уюштуруу, ишке ашыруу сыяктуу нерселерди жетектөө оорчулук жаратат. Башкалардай эле баарына жетишкиси, көңүл бургусу келет, бирок көп тапшырманы бир учурда аткаруу ага оорчулук жаратат.
Мына ушундан улам телефонду колго кармап алып издөө, көз айнекти тагынып алып издөө, азыр эле кармап турган ачкычты кайда койгонуңду унутуп калуу деген жаралат. Анткени мээде маанилүү делген бир ой бар да, маанисиз делген майда-чүйдө иштер, кыймыл-аракеттер көңүл сыртында калат, унутчаактык эмес, концентрациянын жоктугу келип чыгат.
Эмоционалдык селкинчек жана “жарылуу” – СДВГсы бар энелерде баланын көп ыйлашы, тактилдик байланыш, өзүнө ыраазы болбоо, сырткы кыжырданткан факторлор нерв системин “жукартып” жиберет. Нерв системи жукарганда энеде “жарылуу” болот. Балага кыйкыруу, колуна алгысы келбөө, жөндөн жөн туруп ыйлап калган учурлар болот.
Убакытты сезбөө – СДВГ учурунда байкалган дагы бир белги – эне убакытты сезбей калат. Бир туруп кичинекей нерсени жасоо үчүн бир нече саат сарптаса, кээде мурда 3-4 күн жасай турган жумушту 1 саатта жасап коёт. Убакытты сезбөө, аны башкара албагандыктан 2 саат мурун даярданып баштаса деле барчу жерине кечигет. Дедлайн көрсөтүлгөн жумуштарды өз учурунда бүтүрө албайт жана башка.
Чачыранды ой – синдром менен жабыркап жаткан аялды байкасаңыз, ойлору чар-жайыт. Сүйлөп жаткан адамдын сөзүн орто жолдон бузуп, өзүнүн оюн айтып, бир темадан экинчи темага секирип сүйлөйт. Бул анын өзүмчүлдүгү же сыйлабастыгы эмес. СДВГ синдрому бар адам мээсин блокнот сыяктуу колдонуп көнүп калган, ага маанилүү нерселерди жазып, сөзсүз аткарыш керек деп. Декретте отурган аялда синдром курчуп кетет да, ал мээсине келген ойду унутуп калбайын деп коркуп, айтып жетишип калууга аракет кылат. Ошон үчүн сөздү бөлөт, башка тема маанилүү сезилип, бир темадан экинчисине өтөт.
Тынчсыздануу – СДВГ энелерди изилдөөгө алганда, баарында тынчсыздануу сезими коштоп жүргөнү аныкталган. Анын башында көптөгөн ойлор, тапшырмалар аралашып турат. Баланы жуунтуу, эмизүү, алдын кургактоо керек. Андан тамак жасап баштап, телефонго келген билдирүүгө жооп берүү (бирок жооп бербей унутуп деле калат), бирөөгө телефон чалуу керек, абалын суроо керек, эртең муну жасашым керек деген ойлор... Мындай графиктен мээ кадимкидей чарчайт, андыктан тынчсыздануу, коргонуу керек деген абалда жүрөт.
Иш баштоо-таштоо – декреттеги аялдар өзүн алаксытуу же муктаждыктан арылуу үчүн энелик милдетине тоскоол болбогон жумуш издешет. Интернеттен онлайн жумуш караштырышат, ашпозчулук, кол өнөрчүлүк, СММ же башка. СДВГсы бар айымдар да мындай жаңычылдыкка кубануу менен киришет. Бирок жаңы ишти баштагандан кийин же мына баштайм деп турганда эле баштапкы каалоосу кетип калат. Эртең, анан баштайынчы деп артка кетенчиктейт. Ошол эле учурда артка кетенчиктебей, жаңы иш баштап ийгилик жараткандар синдром менен мыкты күрөшкөндөр болуп эсептелет.
Эмне кылуу керек?
Бардык эле декреттеги энелер СДВГ менен жабыркайт деген туура эмес. Көпчүлүгүндө түйшүктүн көптүгүнөн моралдык-физикалык жактан чарчоо, эне болгонго чейин жана кийин гормондордун өзгөрүшү, уйкунун канбашы көңүл буруусун начарлатып жатышы мүмкүн. Же болбосо адам депрессияда болушу мүмкүн. Негизгиси адам өзүнө-өзү диагноз койбошу зарыл. “Мен СДВГ экенмин” же башка деп. Жогорудагыдай белгилер байкалып жатса психиатрга, психологго же неврологго көрүнүү керек. Дарыгер сиздин абалыңызды текшерип көрүп, так диагноз коёт.
Майда жардамдар
* Идеалдуулукка умтулбоо – баарын идеалдуу жасайм деп аракет кылбаңыз. Өзүңүздүн ыңгайыңызга караңыз.
* Жардам суроо – тынчтык керекпи же кайсы бир ишке жетишпей жатасызбы, жардам сураңыз. 1 саат болсо да тынчтыкта болуңуз, кулагыңызга кулакчын салып алып өзүңүзгө жаккан музыка угуңуз.
* Тиричиликти майдалоо – күнүңүздү пландаңыз. Бир күндө булардын баарын жасайм деп кагазга толтура нерсе жазып албаңыз. Алгач 1-2 тапшырма жазыңыз, аны аткарганда өзүңүздө мотивация болот, колдон келет экен деген. Анан бара-бара көбөйтсөңүз болот.
* Энергияны толтуруңуз – баарын берип, акыркы күч калганча жашоо туура эмес. Өзүңүздү караңыз, энергияны эмнеден аласыз, ошолорду жасаңыз. Жакындарга таяныңыз, жардам сурагандан уялбаңыз. Өзүңүзгө жаккан тамакты жеңиз, күн нуруна чыгыңыз, таза абадан кере-кере дем алыңыз, үндү бийик чыгарып ырдаңыз, бийлеңиз, көп күлүңүз, эшикке чыгып сейилдеңиз, салонго барыңыз, айтор, сизге ырахат тартуулаган нерселерди жасаңыз.
Асыл Орозбекова