Биз социалдык тармакта

ДАСТОРКОНДУН КӨРКҮН АЧКАН РУЛЕТТЕР

“Дүйүм тамак, шербет, мейиз, анар-алма жык толгон” деп ырда айтылгандай, конок күтүүдө кыргыздар өзгөчө камданат. Тасмалды толтуруп, көркүн ачууга ашыгат. Мында закускелер тасмалды көрккө бөлөйт эмеспи. Бул жолу ошондой закускелердин рецепттери менен бөлүшүүнү чечтик.

ШПИНАТ МЕНЕН РУЛЕТ

Керектелүүчү азыктар:

Шпинат – 100 грамм

Жумуртка – 3 даана

Ун – 40 грамм

Жүгөрү крахмалы – 20 грамм

Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

Кумшекер – 1 чай кашык

Туз – 1/3 чай кашык

 

Толтурмасы үчүн:

Быштактуу сыр – 220 грамм

Кылкансыз туздалган балык түрү – 100 грамм

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумурткалардын агын өзүнчө бөлүп, туз салып миксер менен чалабыз. Чалма тик туруп калганча чалуу керек.

2. Таза жуулган шпинатты блендер менен эзебиз.

3. Жумуртканын сарысына ун, крахмал, кумшекер жана өсүмдүк майын кошуп, бир массага келгенче чалабыз. Буга блендерден өткөн шпинатты кошуп аралаштырабыз. Жумуртканын агын экиге бөлүп үстүнө салып, көбүгүн кетирип жибербестен тамак-аш күрөгү менен тегиз аралаштырабыз. Миксер колдонбоңуз.

4. Электр табасына пергамент кагазын төшөп, массаны куюп тегиз жаябыз. 180-200 градуста ысып турган меште 10-12 мүнөттө бышат. Чыгарып муздатабыз.

5. Тамак-аш плёнкасын жайып, ошого рулеттин коржун коёбуз. Үстүнө быштактуу сыр сүйкөп, жука узун кесилген балык кесимдерин чекесине эки катар тизип, ошол тараптан ороп баштайбыз. Бүткөн соң ошол эле плёнка менен сыртынан ороп, 2 саатка чейин муздаткычка салып коёбуз.

6.  Формасына келгенде алып чыгып, курч ичке бычак менен 1-1,5 сантиметр аралыкта кесип, тарелкага тизебиз.

 

ТООК ЭТИНЕН РУЛЕТ

Керектелүүчү азыктар:

Тооктун сан эти – 2 даана

Желатин – 1 чай кашык

Шпинат – 1 боо

Болгар калемпири – 1 даана

Туз, мурч – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Тооктун сан этин сөөгүнөн арылтабыз. Этти бөлүп салбай сөөгүн чыгарып алуу керек. Тамак-аш плёнкасынын үстүнө тоок этин жаябыз да, үстүнө целлофан баштык коюп, тамак-аш балкасы менен этти жумшартканча жукартабыз. 1-1,5 сантиметр жукалыкка келет.

2. Целлофанды алып, бетине туз, мурч жана желатинди себелейбиз. Чекесине шпинатты жана болгар калемпири же сабиз кесимин салып, плёнканын жардамы менен оройбуз. Чекесине да желатинден бир аз себелеп, толук оролот. Бул эт бири-бирине жакшы жабышышы үчүн керек.

3. Плёнка менен кат-каттап тыгыз орогон соң учтарын бекем бекитип, 200 градуста ысып турган меште 30 мүнөт коюп бышырабыз. Муздаган соң кесебиз.

 

БАКЛАЖАН ЖАНА КАБАКЧАДАН РУЛЕТ

Керектелүүчү азыктар:

Баклажан же кабакча – 2-3 даана

Жумуртка – 2 даана

Упаланган нан күкүмдөрү – 100 грамм

Фетакса сыры – 150 грамм

Салат жалбырагы – 1 боо

Черри помидору – 20 даана

 

ШПАЖКИ

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумуртканы жайык идишке чалып, бир аз туз татытып коёбуз.

2. Баклажанды же кабакчаны жука тилимдерге тилебиз. Туурасы ичкелерди алып салып, калганын жумурткага малабыз. Андан соң упаланган күкүмгө жакшы оонатабыз.

3. Электр табага пергамент кагазын төшөп, тилимдерди тизебиз. 180 градуста ысып турган меште 5-8 мүнөт коюп чыгарабыз.

4. Тилимдердин ортосуна салат жалбырагын салып, үстүнө фетакса сыр кесимин коюп оройбуз. Шпажкаларга черри помидорун киргизип, рулетке сайып коёбуз. Жеңил, даамдуу, көрүнүштөрү мыкты закускелер даяр!

 

САБИЗДЕН РУЛЕТ 

Керектелүүчү азыктар:

Сабиз – 500 грамм

Жумуртка – 4 даана

Каймак май – 20 грамм

Туз – 1/3 чай кашык

 

Толтурмасы үчүн:

Фарш – 200 грамм

Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумуртканын агын өзүнчө бөлүп, туз кошуп, тик тургуча чалабыз.

2. Таза сабизди сүргүчтүн майда тишинен кыска-кыска өткөрүү керек.

3. Көмөч казанга каймак майды салып, ысыганда сабизди салып кууруйбуз. Сабизге да туз татытып коюңуз. Сабиз жумшара түшкөндө оттон алып, муздатабыз. Үстүнө жумуртканын сарыларын кошуп, аралаштыруу керек.

4. Булардын үстүнө жумуртканын агын кошуп, желим тамак-аш күрөгү менен тегиз аралаштырабыз.

5. Электр табасына пергамент кагазын төшөп, кагаздын үстүн өсүмдүк майы менен майлап жиберебиз. Даяр массаны куюп, табанын чекесине чейин тегиз жаябыз.

6. 180 градуста ысып турган мешке 15 мүнөт салып бышырабыз. Муздатабыз.

7. Ага чейин толтурмасына фаршты бышырабыз. Көмөч казанга май куюп, ысыганда фаршты салып, туз-мурч татытып аралаштырабыз. 5-7 мүнөттө бышат. Чыгарып, муздай түшкөндө корждун бетине салып тегиз жаябыз. Кылдаттык менен бекем ороп, тамак-аш плёнкасы менен сыртынан ороо керек. Тыгыздалып формага келгенче 2 саат муздаткычка коё турабыз. Кесип, конок дасторконуна коёбуз.

 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1246, 6-12-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан