(Башы өткөн сандарда)
Кызматкерлер бири-бирине шыбырап жатышты:
– Бекзат мырза качан кайтып келет?
– Холдинг эмне болот?
– Биздин жумушчу орундарчы?
Эч ким жооп бере алган жок. Хан сарайда да мурункудай жашоо эмес. Дасторкондо мурдагыдай бака-шака түшкөн сүйлөшүү жок. Коридордо күлкү угулбай калды. Кызматкерлер Бекзаттын катуу талаптарын мурда жаман көрүшчү. Эми ошол талаптарды сагынышты. Калыс гаражда бош турган Бекзаттын унаасын көрүп, көпкө тиктеп турду.
– Мырза кайра өзү айдап кирсе экен...
Мелек анын жанынан өтүп баратып:
– Анан биринчи эле мени жумуштан айдайт.
Калыс ага карады.
– Эмнеге?
– Себеби кечээ шорпону тузсуз кылып коюптурмун.
Калыс жылмайганга аракет кылды.
– Сенин башыңда кайгы болсо да тамак бар экен.
Мелек акырын:
– Тамаксыз кайгыны кантип көтөрөм?- деди.
Экөө бир саамга күлүп алышты. Бирок күлкү бат эле өчтү. Анткени бул үйдө азыр ар бир күлкү күнөөдөй сезиле баштаган. Илим болсо күн сайын оорукана менен компаниянын ортосунда жүрдү. Бир колунда Бекзаттын медициналык маалымкаты. Экинчи колунда холдингдин отчёттору. Аталык жүрөгү бир гана нерсени каалачу – “уулум көзүн ачса экен”. Ал эми жетекчинин милдети андан башка нерсени талап кылчу – “компанияны сакта”. Эки дүйнөнүн ортосунда калган Илим бара-бара өзү да сынып баратты. Бир күнү ал кеңседе жалгыз калып, уулунун креслосуна отурду. Колун столго койду.
– Сен мунун баарын кантип көтөрчү элең, Бекзат?
Жооп жок. Илим көзүн жумду.
– Мен сени өтө катуу тарбияладымбы?
Анын үнү акырындап титиреди.
– Сени темирдей болсун дедим. Эми түшүнүп жатам... Темир да бир күнү сынып калат экен.
Ошол эле учурда Самаган акырындап өзгөрүп бара жатты. Зейнептин ар бир сөзү анын оюнда кайра-кайра жаңырды. “Сенин да укугуң бар”. “Бекзат сени эч качан олуттуу көргөн эмес”. “Өзүңдүн ордуңду тап”. Алгач бул сөздөргө ишенген эмес. Кийин күмөн санай баштады. Андан кийин... өзү да билбей туруп Бекзаттын ордуна карай баштады. Тинатин болсо ооруканада анын жанынан кетпеди. Ал бир күнү Бекзаттын колун кармап:
– Сен кайтып келгенде баары өзгөрүп кетет...- деп шыбырады.
– Сен жокто бул үйдүн дубалдары да башкача көрүнөт экен.
Ошол учурда Бекзаттын манжасы акырын кыймылдады. Тинатин селт этти:
– Бекзат?
Бирок жооп болгон жок. Ошол кичинекей кыймыл анын жүрөгүнө кайра үмүт берди. Ал билген эмес... Ошол эле учурда Исаевдердин үй-бүлөсүнүн тагдырын өзгөртө турган дагы бир адам Стамбулга келип калганын. Ал адамдын колунда эски сүрөт бар эле. Ал сүрөттө Бекзат да бар болчу. Бирок сүрөттөгү Бекзат азыркы Бекзат эмес...
Сүрөттө анын жанында Исаевдердин үй-бүлөсү эч качан көрбөгөн дагы бир адам турган. Ал эми анын ким экендигинин сырын ачууга убакыт жакындап калган. Ошентип, бир сыноо бүтө электе экинчиси келди. Бир сыр ачыла электе экинчиси жаралды. Бир жүрөк айыга электе дагы бир жүрөк жараланды. Исаевдердин үй-бүлөсүнө тагдыр сыноолорду шурудай тизип жаткан. Ал эми бул шурунун эң акыркы мончогу али көрүнгөн да эмес.
Түн ортосунан ооп калган. Бекзаттын ооруканада жатканы, компаниянын күндөн-күнгө кыйрап баратканы, Самагандын үйгө жолобой калганы, баары Илимдин ийинин басып турган. Ал кабинетте жалгыз отуруп, документтерди тиктеп турду. Эшик ачылды. Зейнеп кирди.
– Дагы эле иштеп жатасыңбы?
Илим башын көтөргөн жок.
– Ооба.
– Бекзаттын ордуна өзүң отуруп, баарын сактап калам деп ойлоп жатасыңбы?
Илим калемин столго койду.
– Сен эмнени каалап жатасың, Зейнеп?
– Менби?
Зейнеп ачуу жылмайды.
– Мен бул үйдө канча жылдан бери жашап келем. Бирок сен мени эч качан ушул үйдүн адамы катары көргөн жоксуң.
Илим ага түз карады.
– Сен өзүңдү бул үйдүн кожойкеси деп эсептегиң келет. Бирок кожойке болуу – ачкыч кармоо эмес.
Зейнептин көздөрү жашылдана түштү.
– Сен мени өмүр бою кемсинтип келдиң.
– Мен сени кемсинткен жокмун.
– Жокпу?
Ал каткырып күлдү.
– Сен мага бир да жолу “рахмат” деген жоксуң. Бир да жолу жакшы сөз айткан жоксуң. Мен сага аял болдум, бул үйгө эне болдум, сен болсо мени дайыма ашыкча адамдай көрдүң.
Илимдин жүзү муздак эле.
– Мен сага сүйүү убада кылган эмесмин.
Бул сөз ага катуу тийди. Зейнеп бир нече секунд үн катпай калды.
– Демек, сенин оюңча мен эмне болдум?
– Сен өзүң тандаган жашоонун жоопкерчилигин өзүң көтөрдүң.
– Мен тандадымбы?
Зейнептин үнү титиреди.
– Мен сени тандадым! Сен мага турмушка чыктың.
– Жок! Зейнеп столду алаканы менен катуу урду.
– Сен мени тандаган жоксуң. Сен жалгыз калуудан коркуп, өзүңө ыңгайлуу адамды тандадың!
Илим ордунан турду.
– Сөзүңдү бил.
– Эмнеге? Намысыңа тийип кеттиби?
Зейнеп көз жашын сүртпөстөн сөзүн улантты:
– Сен өмүр бою өзүңдү күчтүү адам катары көрсөтүп келдиң. Баарын башкарам дедиң. Компания, акча, адамдар...
Ал акырын күлдү.
– Бирок өз үйүңдү башкара алган жоксуң.
Илимдин жаагы түйүлдү.
– Жетишет.
– Жок, жетишкен жок!
Зейнептин үнү жарылып чыкты.
– Уулуң ооруканада жатат. Экинчи уулуң үйдөн качып жүрөт. Компанияң кулап жатат. Ал эми сен дагы деле баарына өзүңдү күнөөсүз көрсөтүп жүрөсүң!
– Самагандын бүгүнкү абалына мен эмес, сенин тарбияң себеп.
Зейнеп селт этти.
– Менин тарбиямбы?
– Ооба.
– Анда Бекзаттынчы?
Илим унчукпай калды. Зейнеп ошол жымжырттыкты күтүп турган.
– Бекзат сенин сүйүктүү уулуң болчу.
– Андай эмес.
– Калп айтпа!
Зейнептин көзүнөн жаш агып кетти.
– Сен аны адам эмес, өзүңдүн көчүрмөң кылып өстүрдүң. Анын ийгилиги – сенин ийгилигиң болду. Анын катасы – сенин намысың болду. Анын ооруканада жатканы сенин дүйнөңдү талкалап жатат.
Илим акырын гана:
– Ал менин уулум.
– Ал эми Самаганчы?
Илим жооп берген жок.
– Самаган сенин уулуң болгону менен, сен аны эч качан көргөн жоксуң.
Бул жолу Илимдин көздөрүндө ачуунун ордуна кайгы пайда болду.
– Сен азыр чектен чыгып жатасың.
– Сенин унчукпай калганың – менин туура айтканымды билдирет.
Илим пальтосун алды.
– Мен сени менен мындан ары сүйлөшкүм келбейт.
Ал эшикти көздөй басты. Зейнеп артынан кыйкырды:
– Качып кетесиңби?
Илим токтоду.
– Мен сенден качпайм. Өзүмдү сактап калуу үчүн чыгып жатам.
Ал эшикти ачты. Ошондо Зейнептин үнү таптакыр башкача чыкты.
– Илим... Ал көз жашын төгүп туруп:
– Эгер азыр ушул эшиктен чыгып кетсең...
Илим бурулуп карады. Зейнептин эриндери калчылдап жатты.
– Мен өзүмө бир нерсе кылып коём.
Илимдин жүзү заматта өзгөрдү.
– Андай сөз айтпа.
– Эмне үчүн?
– Анткени сен азыр ачууланып турасың.
– Жок. Зейнеп башын чайкады.
– Мен чарчадым.
Ал көкүрөгүн кармап, араң дем алды.
– Сенин муздак мамилеңден, жалгыздыктан, өзүмдү бул үйдө керексиз сезүүдөн чарчадым.
Илим кайра бир кадам жакындады.
– Зейнеп...
– Сен кетсең, менде эмне калат?
Анын үнү акырын шыбыроого айланды.
– Үйбү? Акчабы? Ушул дубалдарбы? Ал башын көтөрдү.
– Жок. Менде эч нерсе калбайт.
Илим оор үшкүрдү.
– Мен азыр сени жалгыз калтырбайм.
Зейнеп анын көзүнө карады.
– Биринчи жолу мага жылуу сөз айткандай болдуң.
Илимдин көздөрү жашка толгон жок. Бирок жүзүндөгү катуулук сынып кеткендей болду.
– Мен сага жылуу сөз айта алган жокмун. Бирок сен өлсөң, мен муну көтөрө албайм.
Зейнеп көзүн жумду. Ошол сөз анын көп жылдан бери күтүп жүргөн эң жөнөкөй сөзү эле. Бирок ал сүйүүдөн эмес... кечиккен коркунучтан айтылды. Илим акырын эшикти жапты. Ал сарайдан чыгып кеткен жок. Коридордун караңгы бурчунда туруп калды. Анткени биринчи жолу ал бул үйдө акча да, бийлик да, аброй да жардам бере албаган нерсеге туш болду. Өзүнүн үй-бүлөсүнүн сынышына...
(Уландысы кийинки санда)