“Санниковдун жери” – 1972-1973-жылдары “Мосфильм” тарабынан тартылган советтик толук метраждуу көркөм фильм. Жазуучу Владимир Обручевдин ушул эле аталыштагы көркөм романынын негизинде тартылган. Режиссёрлору Альберт Мкртчян жана Леонид Попов. Премьерасы 1973-жылы 1-октябрда болуп өткөн. 1974-жылы аны 41 миллион көрүүчү көргөн. Тасманын тартылышы боюнча кызыктуу фактыларды тизмектейбиз.
Высоцкийди ойнотпой коюшкан
Тасманы тартуу процессинде толгон-токой чыр-чатактар болгон. Мисалы, Владимир Высоцкийди актёрлордун тизмесинен чийип салышкан. Сергей Шакуров режиссёрлордун айткандарына каршы чыккандыктан, анын ордуна башка актёр алынган. Кыйынчылыктар Олег Даль менен иштешүүдө да пайда болгон. “Есть только миг” жана “Всё было” ырларын ал аткарышы керек болчу, бирок актёр үн жаздырууга мас абалында келген. Натыйжада ал ырларды 4 жолудан жаздырууга туура келген, акыры Даль ачууланып, “болду, кайра ырдабайм!” деп чыккан. Андыктан анын ордуна Анофриевди ырдатмак болушат жана ырды анын батиринде жаздырышкан. Кандай болгон күндө да тасмада жаратылыштын көрүнүштөрү суктанарлык мыкты чыгып, Александр Зацепин менен Леонид Дербенев жазган “Есть только миг” ыры хитке айланган.
Кайсы жерлерден тартылган?
Кабардин-Балкария. Түндүк Кавказда ойдон чыгарылган онкилондор уруусунун жашоо-тиричилиги, диний ырым-жырымдары тартылган. Алардын конуштарын чагылдырган жасалма конуш Былым ашуусуна курулган. Чечен балет артисти Махмуд Эсамбаев шамандын ролун аткарган. Шамандын ыйык көлгө ак бугуну курмандыкка чалган жана анын суу айлампасына сиңип кетчү жерлери Кичи Шадхурей көлүндө тартылган.
Камчаткадагы гейзерлер өрөөнү (Кроноцкий коругу). Жанар тоонун капталдарындагы жаракалар, термалдык булактар жана алардан чыккан буулар, жаратылыштын сонун көрүнүштөрү Санниковдун жерин чагылдырган.
Финн булуңу (Ленинград облусу) жана НАО. Саякатчылардын арктикалык муздар аркылуу өткөн жери кышында, чыныгы суукта жана улуган шамалда тоңуп калган Финн булуңунда тартылган. Кошумчалай кетсек, муз панорамаларынын бир бөлүгү Полярдык тегеректин аркасындагы Амдерма айылында (Ненец автономдук округу) тартылган.
Выборг. Шаардын тарыхый бөлүгү экспедиция жолго чыккан революцияга чейинки Иркутск шаарын алмаштырган. Жергиликтүү “Саат мунарасында” офицер Крестовскийдин көзүн жумуп алып коңгуроолуу мунарага чыккан кооптуу трюк тартылган.
Крым. Башкы каармандардын аскалуу тоолордо жүргөн эпизоддору Ялтага жакын жердеги “Никита жаракасында” тартылган.