Биз социалдык тармакта

БАТКЕНДЕ ЖАШ КЕЛИНДИН ӨЛҮМҮ КООМДУ КАЙРАДАН СИЛКИНТТИ

Үй-бүлөлүк зомбулук, коомдук басым, аялдардын укугун коргоо маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Буга 31-октябрда Баткендин Кызыл-Кыя шаарында жаш келиндин киши колдуу каза тапканы себеп болду. Укук коргоочулар болсо үй-бүлөлүк зомбулукка каршы катаал чаралар иштеши керектигин айтып жатышат. 

 

9 айда 21 миң үй-бүлөлүк зомбулук...

Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, Кыргызстанда 2026-жылдын 9 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 21 миң 754 билдирүү катталган. Жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен 30, “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен 5, “Ден соолукка жеңил залал келтирүү” беренеси менен 190, “Зордуктоо” беренеси менен 48, “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 35 кылмыш иши козголгон. Расмий статистика өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук күчөп жатканын көрсөтөт. Мисалы, 2022-жылы 11 миң 174, 2023-жылы 14 миң 20, 2024-жылы 18 миң 81, ал эми 2025-жылы 23 миң 518 арыз түшкөн. 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон.

 

“Кайненем тынч жашатпай жатат” дегенби?

Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылындагы окуя 2026-жылдын 31-октябрында болуп өткөн. Маркум 24 жаштагы Дилфуза Сайназарованын жакындарынын айтымына караганда, ал мурда медайым болуп иштеген, бирок жолдошу кызганып жумуштан чыгарып алган. Акыркы күндөрү жолдошу жана кайын-журтунан кордук көрүп жүргөнүн айткан деп жатышат. Каргашалуу окуядан 2 күн мурда ата-энесинин үйүнө барат. Маркумдун апасынын айтымында, ал “кайненем тынч жашатпай жатат, күйөөмө урдурат. Ажырашам” деп айткан. Бирок эртеси күнү кайнатасы келип, кечирим сурап, келинин алып кеткен. Келиндин жакындары “3 баласы бар, элдешип жашап калышсын” деп үйүнө жөнөтүшкөн. Бирок өлтүрүп коёт деп ойлошкон эмес.

 

Моюнунда муунтуунун издери болгон

Эртеси Дилфуза Сайназарованын кайнатасы келининин жакындарына телефон чалып, анын сөөгү талаада жатканын кабарлаган. Келиндин бир тууганы анын сөөгүн унаага салып алып келген. Маркумдун апасынын берген маалыматы боюнча, кызынын башы жанчылып, оозу жырылып, маңдайы жарылган. Моюнунда муунтуунун издери болгон. Ооруканага алып барышканда дарыгерлер анын каза болуп калганын билдиришкен. Келиндин жолдошун болсо айылдан милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары кармап кеткен. Маркумдун артында 5, 4, 2 жашар балдары калды. 

 

Күйөөсүнө карата кылмыш иши козголду

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, милицияга 2026-жылдын 31-октябрында саат 11:20 чамасында Караван айылынын тургуну, 2002-жылдын 25-январында туулган Д.С. каза болгон абалда ооруканага жеткирилгендиги тууралуу кабар түшкөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Маркумдун өлүмүнө жолдошу, 1995-жылдын 25-августунда туулган М.Кнын тиешеси бар экендиги аныкталган. Аталган факт боюнча Кызыл-Кыя ШИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3, 7-пункттары боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2026-жылдын 31-октябрында убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

Жаналы Нурманбетов, коомдук ишмер: “Эл эмне дейт?” деген азыр актуалдуу эмес”                                

– Мурда “таш түшкөн жеринде оор”, “эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” деген сөздөргө негизделген нарк жоболору күчтүү болгон. Эрди-катындын жылдызы коошпой баратса эки тарап кеңешип, бала-чакалары бар болсо кимиси каякта болорун ынтымак менен чечип, мал-мүлкүн калыстык менен бөлүштүрүп беришкен. “Баланчанын кызы эрден чыгып келиптир” деген сөз эрөөн болуп, кыз тараптын намысына шек кеткен катары каралып келген. Мунун өзү үй-бүлөнүн бузулушунун, балдар тирүүлөй жетим калышынын алдын алган. Азыр заман башка. Мыйзамдык негиздер турса да, маселенин эмоция менен чечилип баратканы өкүнүчтүү. Эркектердин аялына зомбулук көрсөтүүсү, мыкаачылык менен өлтүрүү фактылары коомдогу социалдык өксүктөрдүн бири болуп баратат. Ажырашуунун, үй-бүлөлүк чыр-чатактардын себептери толтура. Бирок көбү өздөрүнүн үй-жайы жоктугунан, начар жашоодон, кайын-журттун ашыкча кийлигишүүсүнөн келип чыгат. Зомбулук – бул жеке иш эмес, бул кылмыш. Жабыркаган аялдар жана балдар убактылуу жашай турган кризистик борборлордун санын көбөйтүү керек. Көп учурда аялдардын зомбулукка чыдашынын себеби – каржылык жактан күйөөсүнө же үй-бүлөсүнө көз каранды болуп калганы менен түшүндүрүлөт. Ошондуктан ата-энелер кыздарынын да билим алышына, иш менен камсыз болушуна аракет кылышы зарыл. Ошондо кыздары ажырашса да, өз кесиби менен иштеп балдарын багып кете алат. “Эл эмне дейт?” деген психологиялык табу азыр актуалдуу эмес. Ар ким өзү үчүн жашайт.  

 

Ызаткан Жусупова, психолог: “Зордукчул эркектин оңолуп, адам болушун күтүү – жаңылыштык”

– Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн эркектердин жалпы белгилери булар: кызгануу, көзөмөл кылуу, кыйкымчылдык, басынтуу, түрдүү кыйынчылыктардын жаралышына аялын күнөөлөө, маанайынын туруксуздугу, уруп-согуу, эркиндикти чектөө жана башка. Жароокер, боорукер, жакшы адам болуп туруп эле заматта аёону билбеген тиранга айланып чыга келишет. Кыйнап, мүмкүн, уруп-соккондон кийин кечирим сурап, белек же акча берип, канча бир убакытка жакшы адамдын бет кабын кие коюшат. Физикалык зомбулук кыйкыруу, коркутуу, идиш-аяктарды талкалоодон башталышы мүмкүн.                    

 

Жаман эркектен кетип калыш эмнеге кыйын?

– “Ажырашсам артымдан издеп таап алат, балдарымды алып кетип, бербей коёт” деп коркот. Каржылык жактан абьюзга көз каранды болгондуктан акчасы жок, качып кете албайт. “Мындан кетсем, үйүм жок кайда жашайм?” деп ойлойт. Айрыкча балдары болсо балдарды атасыз калтырбоо ою да аны кармашы мүмкүн. Зомбулук көрсөтүүчү эркектин оңолуп, адам болушун күтүү – жаңылыштык. Ал качан гана өзүнүн кемчилигин аңдап, моюнуна алганда, психологдор аны кичинесинен бери алган психикалык жаракаттардан арылтканда гана өзгөрүшү мүмкүн. Бирок эч нерсеге карабай андан кутулуп, жаңы жашоо баштоого мүмкүн.

Аял кризистик борборлор бар экендигин, убактылуу баш калкалоочу жай берилерин, иш менен да камсыз кылышы мүмкүн экендигин билиши зарыл. Ал жакка керектүү документтерди билгизбей чогултуп, өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирбегендей жагдайды күтүп, анан ишенген адамынын коштоосунда барса болот.   

Социалдык кызматкерлер, милиция кызматкерлери, укук коргоочулар да жардам берерин эсине түйүшү зарыл. Досторго, туугандарга сырды айтканда алар анын зордук көрүп жатканын түшүнүшүп, агрессордун чеңгээлинен чыгууга көмөк көрсөтүшөт.

Күйөөсү көрсөткөн кордуктарды, жаңжалдуу окуяларды билдирбей чөнтөк телефонго жаздырып же тартып алуу зарыл. Алар укук коргоо органдарына, юристтерге кайрылганда далил болуп берет.

“Күйөөм уруп-согот, ажырашам” деп келген кыздарын ата-эне “эл эмне дейт?” деп кайра зордукчунун колуна салып бергени болбойт. Кайдыгер карабаш керек мындайга. Кыздарды кичинесинен өз укугун коргой билүүгө үйрөтүү, тарбиялоо зарыл. Негизи эле окуу жайларда жаштарды үй-бүлө күтүүгө даярдап, үй-бүлө жана анын баалуулуктары, аял-күйөө, бала мамилелери тууралуу лекциялар окулса туура болмок. Эркектин ата-энесинин үйүндө сыйы, урматы, кадыр-баркы болсо, анда келиндин да баркы болот. Кайын-журту тик карап сүйлөй албайт. Мунун тескерисинче болсо, анда күйөөсү аялын коргой албайт. Аял күйөөсүнүн гана эмес, кайын-журтунун да зомбулугуна кабылышы мүмкүн.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1246, 6-12-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан