Биз социалдык тармакта

Зияш Турдубеков, каскадёр: “УНААНЫ ТЕЗ АЙДОО ЭМЕС, АМАН ЖЕТҮҮ МААНИЛҮҮ” 

Зияш Турдубеков менен бул жолу актёрлук же каскадёрлук жөнүндө эмес, айдоочулук тажрыйба жана техника дүйнөсү тууралуу пикир алыштык. Зияш мырза жогорку ылдамдыкты сүйүүчүлөрдүн катарына кирбей турганын айтат. Кызыктуу маекке назар салыңыз, окурман.      

 

Үлгүсү – Honda CR-V

Чыгарылган жылы – 2000-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү – 1973 сантиметр куб

Эң жогорку ылдамдыгы – саатына 170 чакырым

Баасы – 6500 доллар

 

– Зияш мырза, азыркы унааң эмнеси менен мыкты? Коопсуздугу, ыңгайлуулугу же дизайны менен? 

– Бардык тараптан артыкчылыгы бар. Коопсуз, ыңгайлуу. Ал эми дизайны укмуш болбосо да, жакшы эле. Эң башкысы жолдо таштап кетпесе болду. Унааны ишиме, үй-бүлөмө карап, ыңгайлуу деп сатып алгам.

Рулга биринчи жолу мектепти бүтүп жаткан жылы отургам, аяш атамдын Мазда унааасы болчу. Жүргөнүнө сүйүнүп, бирге салып эле (ылдамдык режими) айдап жүрө бериптирмин. Өзүмдү Шумахер сезип баратсам жолдогу биринчи эле чуңкур мени реалдуулукка кайтарган. Ал кезде бизде унааң болсо кыйынсың, кыздардын баары сени карайт деген түшүнүк бар болчу да. Ошого “мен да унаалуу болсом” деп тилечүмүн.  

Жакшы айдаганды кийин, 21 жашымда үйрөндүм. Атам Фольксваген Гольф-2 унаасын сатып алган эле. Ал кезде Ак-Ордо конушу жаңыдан түптөлүп жаткан ээн жер эле. Ошол жактан айдап үйрөнүп жүрдүк. 2017-жылы кыялымды ишке ашырып, Тойота Марк X деген унаа сатып алып, өзүмдү бактылуу сезгем. Кийин эл “кайык” деп койчу Мерседес Бенц, Киа К5, Киа Карнивал айдадым.

– Кыш жакындап калды. Унааң суукка, тайгак жолго даярбы?

– Кышкы дөңгөлөк салып, антифризди, аккумуляторду, майларды текшертип даярдык көрдүм. Унаам кышка даяр, болгону капчыгым жукарып калды. Эң негизгиси унаам күнүгө эртең менен от алса болду.

– Бойдок кезде унааңды романтикалуу жолугушуулар үчүн пайдаланган учурлар болгонбу? Мисалы, ичин гүлгө толтуруп...

– Болгон десем мактангандай, болгон эмес десем жаштыкты уят кылгандай болом. Бирок ал кезде унаанын ичин гүлгө толтурууга караганда, бакты бензинге толтуруу маанилүүрөөк болчу. Негизи романтика унаада эмес, жаныңдагы адамда экен.

– Айрымдар унааны жогорку ылдамдыкта айдаганы үчүн олчойто айып пул төлөп, бирок кайра эле катуу айдай беришет...

– Мен андайлардын катарына кирбейм. Рулда көңүлдүн баарын жолго буруп, сак айдаганга аракет кылам. Кеп айып пулда же “Коопсуз шаардын” камераларында эмес, кеп коопсуздукта. Айып пул чөнтөккө күч келтирсе, ал эми кырсык андан да чоң чыгымга алып келет эмеспи. Адам өмүрү баарынан кымбат. Ошондуктан ылдамдыкты ашыра айдаганды жактыра бербейм.  

– Айдоочу катары айтсаң, кайсы жолдорду абдан кооз, кайсы жолдорду кооптуу деп эсептейсиң?

– Мага Ысык-Көлдүн айланасындагы жолдор, Нарын тараптын тоолуу жолдору абдан жагат. Табияты өзүнчө керемет. Ал эми кышында Төө-Ашуу, Долон, Өтмөк сыяктуу ашуулар өтө этияттыкты талап кылат. Кээ бир жолдордо ырахаттанып, ал эми кээ биринде Кудайга жалбарып айдайсың.

– Көңүлүң кандай үлгүдөгү унааларга тартып турат? 

– Тойота, Лексус жана Мерседес үлгүсүндөгү унаалар жагат. Бекем, ыңгайлуу жана көрктүү. Келечекте Лексус же жаңы үлгүдөгү Мерседес алсам деген планым бар. Азырынча кыял чоң, бюджет кичине.

– Бензиндин баасы кымбаттоодо, электромобиль алуу жөнүндө да ойлор келеби?  

– Ойлонбой койбойсуң. Бензиндин баасын көргөн сайын чын эле электромобиль алгым келип кетет. Экологияга жакшы, үнөмдүүлүк жагы да кызыктырат. Бирок баары бир бензин иччүлөрү менен мамилемди үзбөй турам го. 

– Бишкекти жакшы билесиңби же көп адашасыңбы?

– Адашып калган учурлар болот. Кээде навигатор экөөбүздүн пикирибиз келишпей калат. Ал оңго дейт, мен солго бурулам. Акыры кимибиздики туура экенин жол көрсөтөт. Бирок адашкандын да жакшы жагы бар, жаңы жерлерди көрүп, билип каласың.

– Ары-бери жүргөндө көчөдөн жол тосуп калгандарды салып аласыңбы?

– Мүмкүнчүлүк болсо, салып алганга аракет кылам. Кыргызда жолоочуну жолго таштап коюу жакшы эмес. Бирок азыркы заманда коопсуздукту, өз өмүрүңдү да ойлошуң керек. Ал жолоочу ким, кандай максаты бар, билбейсиң.

– Эң узагы канча чакырымга унаа айдагансың?

– Эң узагы 500-600 чакырымдай болгон. Узак жолдо май куюучу жайлар менен жакшы достошуп калат экенсиң. Жолду кыскартууга жакшы музыка жана жакшы маанай жардам берет.

– Жолдо кандай кызыктуу окуяларга туш болгонсуң?

– Андай окуялар көп. Бир нерсени түшүндүм: унаа бузулса оңдолот, бирок айдоочунун маанайы бузулса, аны калыбына келтирүү кыйыныраак экен. Анда Мерседес унаасын айдап жүргөн кезим. Келинчегим экөөбүз Ысык-Көлгө баратканбыз. Бир кезде МАИ кызматкери тосту. Себебин сурасам, “фараңды күйгүзбөпсүң” дейт. “Караңгыда эмес, чак түштө кетип баратабыз го, анан неге фараны күйгүзүш керек?” деп сурадым. Ал мени таанып калыптыр, “Зияш иним, айланма жолдо күндүз да фара күйгүзүш керек” деп күлдү. Ошондо андай эреже бар экенин биринчи жолу билгем. Түшүндүрүп, айып пул салбай коё берген.

– Жол эрежесин бузуп айдагандарды көргөндө кыжырың келеби?

– Ичимден бир топ сөздөрдү айтып алам, бирок сыртка чыгарбайм. Анткени жолдо талашып, чырдашып бирөөнү жеңгенден көрө, барчу жериңе аман-эсен жеткениң жакшы. Кээ бир айдоочуларга айдоочулук күбөлүк менен кошо сабырдуулук да бериш керек негизи.

– Айдоочу катары өзүңдү сүрөттөп берсең...

– Өзүмдү сабырдуу, жоопкерчиликтүү жана жол эрежесин сыйлаган айдоочумун деп эсептейм. Жолдо башкалар менен жарышканды эмес, үйгө аман жетүүнү тандайм. Алдыга катуу ылдамдык менен эмес, акыл менен жылганды жактырам. Кыскасы, рулда Шумахер эмесмин, мен үчүн коопсуздук баарынан маанилүү.  

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1246, 6-12-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан