2026-жылы France Football журналынын версиясы боюнча “Алтын топ” сыйлыгынын ээси болуп англиялык футболчу Гарри Кейн табылды. Ал Германиянын “Бавария” клубунун чабуулчусу жана Англия улуттук курама командасынын капитаны. Дүйнөдөгү эң мыкты футболчулардын бири. Анын футбол дүйнөсүнө кантип келип калганы, башынан өткөргөн кыйынчылыктары, карьерасы, үй-бүлөсү тууралуу кеп кылабыз.
6 жашында футболго аралашкан
Гарри Кейн 1993-жылы 28-июлда Англиянын Лондон шаарында туулган. Чарли аттуу агасы бар. Үй-бүлө Чингфордго көчүп барып, ал жерде Кейн 2004-жылга чейин Ларксвуд башталгыч академиясына, андан кийин Чингфорддун кайрымдуулук мектебинде окуган. Аталган мектепте Дэвид Бекхэм да окуганын айта кетели. Кичинекей кезинен тартып футболго кызыгып, 6 жашында жергиликтүү “Рижуэй Роверс” клубуна кошулган.
Кейн футбол дүйнөсүнө кантип келип калганы тууралуу: “Спорттук ген мага апам тараптан өткөн окшойт. Таятам Эрик жакшы футболчу болгон жана мыкты деңгээлде ойногон. Үйдөгүлөр, мен да “шпорлордун“ (“Тоттенхэм”) күйөрмандары болчубуз. Мен кумир туткандардын катарында Дэвид Бекхэм, Жермейн Дефо, Роналдо болгон. Ушулардын баары мени футболго алып келген”,- деп эскергени бар.
Балалыктагы ийгиликтери
8 жашында “Арсеналдын” жаштар академиясына кошулган. Аны жетектеген Лиам Брейди бир сезондон кийин Гаррини “ылдамдыгы аз” деп чыгарып жиберген. Андан кийин “Тоттенхэм Хотспурга” кабыл алынып, бирок ийгилик жарата албагандыктан кайрадан “Риджуэй Роверске” кайткан. 11 жашында “Уотфорддун” академиясына төрт-алты апталык сынак мөөнөткө кирип, анын курамында “Тоттенхэмге” каршы оюнда жакшы таасир калтырып, “Тоттенхэмде” өзүн сынап көрүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк алган. “Тоттенхэмде” ал адегенде жарым коргоочу, жарым коргоочу, андан кийин чабуулчу катары ойногон. Аталган клубда ылдамдыгы менен өзгөчөлөнгөн эмес, бирок мыкты оюнчу болууга аракети күчтүү болгон. 2008-2009-жылкы сезондо ал Мексикадагы Чивас Кубогуна жана Швейцариядагы Беллинцона турнирине катышкан 16 жашка чейинкилер командасынын курамында ойноп, 3 гол киргизген. 2009-жылдын июлунда, өзүнүн 16 жашка толгон күнүндө “Тоттенхэм” менен келишимге кол койгон.
Эл көзүнө илине баштаганы
2009-2010-жылкы сезондо “Тоттенхэмдин” 18 жашка чейинкилер командасында 22 жолу ойноп, 18 гол киргизген. Кийин “Лейтон Ориент”, “Миллуолл”, “Лестер Сити” жана “Норвич Ситиде” ижаралык негизде ойногон. 2014-жылы Маурисио Почеттино “Тоттенхэмдин” башкы машыктыруучусу болгондон кийин Гарри Кейн Англиянын профессионал футболчулар ассоциациясынын (ПФА) версиясы боюнча “Жылдын эң мыкты жаш оюнчусу” деп табылган. 2015-2016 жана 2016-2017-жылкы сезондордо лиганын эң мыкты бомбардири болгон. Акыркы сезондо “Тоттенхэмге” премьер-лигада 2-орунду ээлөөгө жардам берип, ПФА күйөрмандарынын версиясы боюнча, жылдын эң мыкты оюнчусу деп таанылган. 2017-2018-жылкы сезондо ал өзүнүн карьерасындагы бардык турнирлерде, башкача айтканда, 48 матчта 41 гол киргизген. Кийинки сезондо УЕФА Чемпиондор Лигасында 2-орунду ээлеген. 2020-2021-жылкы сезонду лиганын эң мыкты бомбардири жана эң мыкты ассистенти катары аяктаган. 2023-жылдын 5-февралында “Тоттенхэм” Кейнди өз тарыхындагы эң мыкты бомбардир деп жарыялады. 2023-жылдын 11-мартында “Ноттингем Форестти” 3:1 эсебинде жеңген оюнда Кейн дубль жасап, өзүнүн 270-голун киргизүү менен талашсыз рекорд койду.
“Бавариядагы” ийгиликтери
2023-жылдын 10-августунда “Бавария” менен “Тоттенхэм” трансфер боюнча макулдашкандан кийин Кейн Мюнхенге учуп келген. 2023-жылдын 12-августунда немис клубу менен 2027-жылдын июнь айына чейин келишим түзүп, “Баварияга” өткөн. Кейн Бундеслиганын тарыхындагы эң кымбат трансфер болуп калды: анын баасы 100 миллион еврону түзүп, ага кошумча трансфердик төлөм катары 10 миллион евро бонус каралган. Бул көрсөткүч “Бавария” 2019-жылдары Лукас Эрнандес үчүн төлөгөн 80 миллион евролук суммадан ашып түшкөн.
2023-жылдын 18-августунда Бундеслиганын биринчи турунда “Вердерге” каршы оюнда (4:0) “Бавария” үчүн алгачкы голун киргизип, голдук пас да чыгарып берген. 15-сентябрда “Бавариянын” Леверкузендин “Байери” менен болгон оюну 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаганда, ал өз карьерасындагы 300-голун киргизген. Мындан башка да анын голдору көп.
Кейн 2023-2024-жылкы сезондо 30 натыйжалуу аракетке (гол+пас) жетишкен биринчи оюнчу болду. Ошентип анын аракеттери өзү ойногон клубду жеңиштерге жетелей берген.
2024-жылдын 5-мартында “Альянс Аренадагы” жооптук беттеште дубль жасап, командасынын 3:0 эсебинде жеңишке жетишине жардам берген. 9-мартта “Майнцка” каршы оюнда хет-трик жасап, беттеш мюнхендиктердин 8:1 эсебиндеги ири жеңиши менен аяктаган. Үчүнчү топ Кейндин Германия чемпиондугунун 25-матчындагы 30-голу болуп калды. Ал Бундеслиганын тарыхында дебюттук сезонунда 4 хет-трик жасаган биринчи оюнчу аталды. 2024-жылдын 16-мартында “Дармштадт 98” клубунун дарбазасына гол киргизип (5:2), Бундеслигадагы 31-голун каттаган. Ушуну менен ал Уве Зеллердин Германия чемпиондугунун дебюттук сезонунда эң көп гол киргизүү боюнча рекордун жаңылаган. Дебюттук сезондогу 36 голу Кейнге “Алтын бутсы” сыйлыгын утуп алууга мүмкүндүк берди, ал Кевин Филлипстен кийин бул сыйлыкты уткан экинчи англиялык футболчу болуп калды.
Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы эң мыкты англиялык бомбардир
2024-жылдын 14-сентябрында Чемпиондор Лигасында Загребдин “Динамосуна” каршы оюнда покер (төрт гол) жасап, анда “Бавария” 9:2 эсебинде жеңишке жетишкен жана Еврокубоктун 1 беттешинде киргизилген голдордун саны боюнча жаңы рекорд койгон. 21-сентябрда “Вердерге” каршы оюнда (5:0) гол киргизип, Жейдон Санчонун рекордун жаңылоо менен Бундеслиганын тарыхындагы эң мыкты англиялык бомбардир аталды. 2025-жылдын 4-майында Мюнхендин “Бавариясы” менен биргеликте Германиянын чемпиону болуп, карьерасындагы алгачкы клубдук трофейин уткан.
2025-жылдын 16-августунда Кейн өзүнүн экинчи клубдук трофейин – Германиянын Суперкубогун уткан, анда “Штутгарт” 2:1 эсебинде жеңилип, футболчу голу менен айырмаланган. Сезондун жыйынтыгында “Бавария” чемпиондук титулун коргоп калды, ал эми Кейн үчүнчү ирет чемпиондуктун эң мыкты бомбардири аталды жана экинчи жолу “Алтын бутсы” сыйлыгына татыды. 23-майда Кейн “Штутгарт менен болгон финалдык беттеште (3:0) хет-трик жасап, клубга Германия Кубогун алып келди жана аталган турнирдин эң мыкты бомбардири болду. 2026-жылдын 26-октябрында Кейн сезондун жыйынтыгы боюнча “Алтын топ” сыйлыгын утуп алды.
Кирешеси
“Евро-2016” алдында Кейн Mars батончиктеринин жана Beats by Dr. Dre кулакчындарынын жарнамасына тартылган. Спорттук кийим-кече жана жабдыктарды чыгаруучу Nike компаниясы менен келишим түзүп, анын кийимдерин канча бир убакыт жарнамалап кирешесин көбөйтүүгө жетишкен. Skechers бут кийим компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, ал чыгарган футболдук бутсыларды кийип ойноо менен жарнамалап да акча таап келет.
Жеке жашоосу
2015-жылдын февраль айындагы маектеринин биринде Кейн бала кезинен бери тааныган Кэти Гудланд менен мамиледе экенин билдирген. 2017-жылдын 1-июлунда ага баш кошуу сунушун киргизип, кийин баш кошушкан. Учурда 2 уул, 2 кыздын ата-энеси.
Кейн 2017-жылдан баштап тамактануусун жөнгө салуу үчүн жеке ашпозчу жалдаган. Бош убактысында гольф ойнойт.
Жетишкендиктери:
• Германиянын 2 жолку чемпиону. “Тоттенхэм Хотспурдун” жана Англия курамасынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир.
• Премьер-лиганын тарыхында голдорунун саны боюнча 2-орунда.
• “Алтын бутсы” сыйлыгынын 2 жолку ээси (2023-2024 жана 2025-2026-сезон).
• 2026-жылы France Football журналынын версиясы боюнча “Алтын топ” сыйлыгынын ээси. Ал Килиан Мбаппе менен Ламин Ямалды артта калтырды.
• 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун коло байгесин уткан.
Канымжан Усупбекова