Биз социалдык тармакта

2 ИНСУЛЬТ, ӨЛҮМДӨН КОРКУУ СЕЗИМИН ЖЕҢГЕН ЭМИЛИЯ КЛАРК

“Так талашуу оюну” сериалы телеэкранда “бум” жаратканга чейин Эмилия Кларк аттуу актриса тууралуу дүйнө жүзүнүн кабары жок эле. Дейенерис Таргариендин ролу ага болуп көрбөгөндөй атактуулук алып келди. 8 сезонго тартылып, гонорарды “күрөктөп” алган актрисада арман жок болсо керек деп ойлошу мүмкүн анын жашоосун билбегендер. Атактуулукка чейинки жашоосунда актриса күнүмдүк жашоосуна акча жетпеген, карыз сураган мезгилди башынан өткөргөн. Атактуу болгондон кийин акча табуу үчүн эмес, өз өмүрү үчүн күрөшкөнгө туура келген...

 

Толук аты-жөнү: Эмилия Изобель Эуфемия Роуз Кларк

Туулган жери: Улуу Британия, Лондон

Туулган жылы: 1986-жыл, 23-октябрь

Жылдыз белгиси: тараза

Бою: 157 сантиметр

Тартылган белгилүү тасмалары: “Так талашуу оюну”, “Терминатор: Генезис”, “Сага жолукканга чейин”, “Пони”, “Кийинки жашоо” жана башка

 

3 жашынан театрды сүйгөн

Эмилиянын атасы Лондондогу театрлардын биринде үн оператору болуп иштейт эле. Бир күнү 3 жаштагы кызын жумушуна ала барат. Ал жакта сахнада “Сууда сүзгөн театр” мюзикли көрсөтүлүп жаткан. Кичинекей болсо да сахнадагы көрүнүштөн улам көздөрү жайнап, бир орундан жылбай аягына чейин көрүп отурган. Мына ошол күндөн классикалык музыкага, театрга болгон кызыгуусу башталган экен.

Чыгармачылык эшигин ачпай...

Окуп жүргөндө мектеп театрларында ойноп, кошумча спорт менен машыккан (сууда сүзүү, теннис) активдүү кыз болчу. Келечекте чыгармачылыкка кетем деген бекем ою бар болчу. Бирок чыгармачылык ага дароо эле эшигин ачкан эмес. Мектепти аяктагандан кийин Падышалык драмалык искусство академиясына, андан кийин Лондон драмалык искусство жана музыка академиясына, Гилдхолл музыка жана драма окуу жайына тапшырып, үчөөнөн тең жок деген жоопту уккан. Башка окууга тапшыргысы келбеген кыз бир нече жыл жанын багуу үчүн түрдүү жумуштарда иштөөгө аргасыз эле. Жашаган батиринин акчасы, тамак-ашы, кийим-кечеси жана башка керектөөлөрдү жабууга бир топ каражат керек эле. Андыктан официант жана башка тейлөө кызматтарында эмгектенген. 

Акыры окуду

Ооба, Эмилия Кларктын театр жаатында билими бар. Жогорку билим алуу бактысы ага кокусунан буюрган. Лондондогу искусство университетине тапшырып, дагы өтпөй калат. Бирок окууга өткөн бир студент бутун сындырып алып, окуудан кетип, анын ордуна Эмилияны чакырышкан.

Алгачкы актрисалык карьерасы театрда башталды, ал жакта ийгиликтүү ролдорду жаратты жана учурда да жаратып келет десек болот. Театрга салыштырмалуу кино дүйнөсү ийгиликтүү болгон жок. Киного деле студент кезинен аракет кылган, эпизоддук ролдору менен бир нече тасмага да тартылган. Бирок жылдызы “жарк” деп кеткен эмес. 2009-жылы диплому колго тийгенден кийин кино компаниялардын эшигин кагып, роль алууга аракет кылган. Ошол эле мезгилде жанды багыш үчүн бир учурда 6 жумушта иштеген экен.

“Так талашуу оюну”

Бир күнү киноагенти ага телефон чалып, НВО телеканалы “Так талашуу оюну” деген сериалга проба жүрүп жатканын айтат. Кастингде эмне кыларын билбей турган кызга комиссия мүчөлөрүнүн бири тамашалап “бийлеп бер” дейт. Башка бийлер эсине келбей, бала кезде бийлеген “өрдөктөрдүн бийин” жана мультфильмден көргөн жинди роботтун бийин бийлеп берип кастингден өтүп кеткен. Бул бийлер ага жашоосун өзгөрткөн, карьерасына жол ачкан ролду алып келди. Болгондо да сериалдагы башкы ролдордун бири – Дейенерис Таргариендин образын жаратты. Бул ролду алганда 2 апта бою жакындары менен майрамдаганын эскерет актриса.

2011-жылдан 2019-жылга чейин созулган сериалдын 8 сезонунда тең тартылган. Сериалдын популярдуулугу менен катар башкы актрисанын да гонорары өсүп, акыркы сезондордо бир серия үчүн 2 миллион доллар гонорар алган.

Өмүр үчүн күрөш

Атактуулуктун жана байлыктын өз баасы бардай туюлат Эмилия айымга. Анткени ал эми акча үчүн эмес, өмүр үчүн күрөшө баштаган:

2011-жылы, 24 жашында, “Так талашуу оюнунун” 1-сезону тартылып бүтөрү менен актриса ооруканага түшкөн. Диагноз: баш мээдеги кан тамырлардын аневризмасы, натыйжада мээга кан куюлуп, инсультка жеткирген. Операциядан кийин Эмилия сүйлөө жөндөмүнөн эле эмес, эс-тутумунан да ажырап, өз аты ким экенин билбей калган. Калыбына келүү мезгилинен кийин баары өз ордуна келген.

2013-жылы мурдагыдан оор операция жасатууга туура келген. Баш мээдеги экинчи аневризма чоңоюп (кайра инсульт болгон), мээнин трепанация операциясы жасалып, баш сөөгүнө платина пластинасы коюлган. Калыбына келүү процесси оор жана узак эле. Актриса “Так талашуу оюну” долбоорунан чыгарып салышса керек деп чочулаган. Бирок тартуучу топ анын абалын түшүнүү менен кабыл алып, колдоп жана күтүп жүрүп сериалдын аягына чейин Эмилия Кларк тартылган.

Өлүм коркунучу

“Көп убакытка ооруй берсең, ал дарттан айыгасыңбы, жокпу, кайра кайталанабы же жокпу деген суроолорго так жооп жок болсо, адамды коркунуч сезими курчап алат экен. Бул ирет мен өлүмдү алдап кеттим, баары бир ал мага кайтып келет деген өлүмдөн коркуу сезими менен жашап калгам. 2016-жылы атам дүйнөдөн өтүп кетти. Бул мен үчүн чоң жоготуу эле. Өлүм тууралуу коркунуч мурунку көлөмүнөн дагы да чоңоюп кеткендей сезилчү...” Мына ушундай ойлору менен көп жыл жашаган актриса бул жаатта бир топ адистер менен иштешип, психикасын көп убакытта калыпка келтирген. Азыр актриса өлүм коркунучу сезиминин туткунунан чыкканын, жашоого жеңил карап калганын айтат.

Фишкасы – кашы

Режиссёрлор Эмилия Кларктын эмоциясын жакшы ачкан – бул анын кашы дешет. Бирок карьерасында фишкага айланган кашын мектепте шылдыңдашчу экен классташтары. Коюу жана адаттан сырт кыймылга ээ кашын шылдыңдай беришкенине ызаланган кыз бир күнү үйүнө ыйлап келет. Апасы аны угуп “эч качан бирөөнүн сени кемсинткенине маани бербе жана кашыңа тийишпе, ал сага ийгилик алып келет” деп колдоо сөздөрүн айткан. Апасына азыр өзү да, режиссёрлор жана актрисанын күйөрмандары да кашы үчүн рахмат айтышса керек.

Кыскача...

• 157 сантиметр болгон боюна, сулуулук стандартына туура келбеген параметрлерине карабай, 2015-жылы Esquire басылмасынын тандоосу менен "Планетадагы эң сексуалдуу айым" аталган.

• Романтикалык бир нече мамилелери маалым. Бирок актриса али расмий түрдө турмушка чыга элек.

• Мукам үндүн ээси, жакшы ырдайт. Кошумча флейта, пианино жана гитара черткенди билет.

• “50 оттенков серого” тасмасындагы башкы каарман Анастейша Стилдин ролуна чакырылган. Бирок Эмилия эротикалык сценалар көп экен деп баш тарткан.

• “Блондинка” болуу жагат. "Так талашуу оюну" сериалынан улам айрымдар анын чачынын өңү ак-сары деп ойлошу мүмкүн. Бирок чачынын табигый түсү – күрөң. Каарманы Дейенеристин париги абдан жаккан. Сериалдан кийин париги жок көчөгө чыкканда аны күрөң чачы менен эч ким тааныбай койгонун күлүп эскерет.

• Француз, немис, хинди тилдеринде эркин сүйлөйт. Англис тилинин аймакка жараша бир нече акценттерин да мыкты билет.

• Актрисанын 2026-жылдагы эмгектери – шпиондук “Пони” сериалы жана “Кийинки жашоо” аттуу тасма.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1246, 6-12-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан