Биз социалдык тармакта

Жумагүл Раимжан кызы, ырчы: “СЕН МАГА ТИЙИШПЕ, МЕН САГА ТИЙИШПЕЙМ...”

Каарманым сахнада 20 жылдан бери келатат. Бул жөн гана убакыт эмес – бул эмгек, күрөш, ийгилик жана далай сыноо. Ырчылыктан өз жолун тапкан таланттуу инсан Жумагүл Раимжан кызынын сахнадан тышкаркы жашоосу кандай? Элге жаккан жылмаюунун артында кандай тагдыр, кандай ойлор катылган? Ушул жана башка суроолор боюнча ачык-айкын маектештик.   

 

– Саламатсызбы, Жумагүл айым? Жакында “Бишкек Аренанын” ачылышында төрт муундун ырчылары патриоттук ырды аткарышты. Алардын бири сиз. Ушул квартет тууралуу айтып берсеңиз...                

– Саламатчылык. Ооба, бул аткарууну Маданият министрлиги уюштурду. Президент катышкан мамлекеттик чоң иш-чарада, "Бишкек Аренанын" ачылышында ырдоо мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик болду. Мага телефон чалып сунушташканда аябай сүйүндүм. Кыргыз легендасына айланган Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер менен бир сахнада бул аткарууга катышуу сыймык болду. Биз Саламат Садыкова, Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиева, Гүлзинат Суранчиева сыяктуу эжелердин ырлары менен чоңойдук да. Алар менен бир сахнада туруп ырдоо мен үчүн өзгөчө сезимдерди жаратты.                                 

– Маданият өкүлдөрүнө мамлекеттик наамдар тапшырылууда. Наам, сыйлыкка олуттуу маани бересизби?                         

– Мен Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда иштейм. Негизи эле чыгармачылыкка келгенден тартып көптөгөн мамлекеттик мекемелерде иштедим. Аскер кызматында бир нече жыл, кийин Чек ара кызматында солист болуп эмгектендим. Мамлекеттик кызматта иштөөнүн чоң түйшүгү бар. Таң атпай, кар жаайбы, жамгыр төгөбү, майрам күнбү же катардагы күнбү, эч нерсеге карабай иштөө керек болот. Тоюм бар эле, ооруп калдым деген шылтоолор да өтпөйт. Көп эмгекти, чыдамкайлыкты талап кылат. Мамлекет тарабынан берилчү сыйлык, наамдарды ошондой эмгектин кайрымжысы катары кабыл алам. Мен дагы президентибиздин колунан наам алып аябай сүйүнгөм. Ар бир эмгектин үзүрү болушу керек го. Наам алгым келет, бирок наам алуу үчүн гана иштебейм. Өнөр адамдарын шыктандыруу үчүн бул нерсе керек го деп ойлойм.                          

– “Чолпонум” мюзикли Ош шаарын дүңгүрөтүп жаткан учур. Сиз да катыштыңыз ага, кандай болду процесс?                

– Биздин филармонияда баары эле ырчы. Назым Мендебаиров (ред.: актёр, режиссёр) келип, аталган мюзиклди коём дегенде анын канчалык татаал экенин билбеген экенбиз. Бир эле учурда жандуу үндө ырдап, бийлеп, роль аткаруу кыйынчылык жаратты. Репетициялар көп болду, менимче, жакшы эмгек чыгардык деп ойлойм. 60-жылдарды чагылдырып бердик. Мен жакшы бийлей алчу эмесмин, мюзиклдин шылтоосу менен атайы машыктыруучунун жардамы менен бийлегенди үйрөнүп алдым (күлүп). Бала кезимден эле ырдаганды жакшы көрөм, бирок укмуш бийлей алчу эмесмин.               

 – Сахнада жүргөнүңүзгө 20 жылдан ашуун убакыт болуптур, артка кылчайсаңыз эмнелер көрүнөт? Эмнеге ыраазысыз же нааразысыз?                                    

– Убакыт зымырап, тездик менен өтүп жатат. Өнөр адамы катары татаал, бирок ырахаты бар жолдо келе жатам десем болот. Көп нерсеге ыраазымын, өжөрлөнүп жүрүп ийгиликтерди багындырдым. Ак-карасы, ырахаты, түйшүгү жанаша жүргөн жол болду. Бир убакыт болгон, эч нерсе жасагым келбей калган. Чакыруулардан баш тартып, үйдөн чыкпай калган учурлар эле. Азыр ойлосом, ошондо убакыттан уттуруп коюптурмун. 1-2 жылды бош өткөрүп койсоң деле чыгармачылыкка залакасы тиет экен.                           

 – Башка тармакка кызыгып көрдүңүзбү?                  

– Бизнеске же соода-сатыкка эч кызыкпадым. Башкалар социалдык тармактагы баракчаларына оюндарды ойнотуп, катталуучу жыйнай коюшат экен, мен андайды да кылбайм (күлүп). Менин ырдагандан башкага шыгым жок окшойт. Себеби камера алдында сүйлөөдөн сүрдөйм. Ырдаганда ал нерсе такыр жоголуп кетет. Балкып, башкача болуп кетем ырдаганда, бирок сүйлөөгө жокмун. Көптөр ырдаганда “ажарың ачылып, башкача болуп кетесиң” дешет. Ырдап жүрүп эл-жер көрдүм, эл катары үстүмдө үйүм, астымда унаам бар. Атактуулук же байлык деп дегдеген жокмун.                         

– Бул дагы өзгөчөлүк. Руханий жактан сизге эмнелер күч берет?                              

– Ырдап жүргөнүм менен, динге жакынмын. Устаздардын сабактарына көп барам. Кудай мага дин жолун да көргөзүп койгонуна ыраазымын. Ал жак таптакыр башка дүйнө экен.                         

– Жүрөгүңүз бошпу?                                  

 – Жүрөгүм бош, болгону мага ылайык адам кезиге элек окшойт. Бул – адамдын тагдыры го деп калам, сааты чыккан күнү турмушка чыгам. Жашым өтүп баратат деп деле чыйпылыктап жиберчү жан эмесмин. Балким, Кудай мени бир жамандыктан тоскону үчүн убакытты узартып жаткандыр. Жашоодо турмуш жолу жакшы болбой, алтургай кээде күйөөсү өлтүрүп койгон келиндер да болуп жатпайбы. Азыр мага ылайыктуу адам жолуктурбай жатса, демек, Кудайдын мага деген башка планы бардыр деп эле көп кыжалат болбойм. Атамдын көзү өтүп кеткен, апам гана бир аз кыжалат болуп калат.                        

– Негизи чоң сүйүүгө кабылдыңыз беле?                     

– Жок, менимче, мага чоң сүйүү жолуга элек. Баары алдыда.                                  

– Сиз жөнүндө кандай туура эмес маалымат тарап кыжалат кылды эле?                   

– Эл көзүндө жүргөн адамдардын баарын эле адилетсиз сөздөр чырмап жүрөт экен. Мени да бирөөлөргө жармаштырып сөз чыгарып жүрүштү. Бойдок болсоң, ырчы болсоң ар түрдүү сөз ээрчийт тура. Өзүмө “Кудайдын алдында ак болсом болду” дегеним менен, бир тууган, тууган-урук кандай түшүнүп калышат деп кыжалат болдум баары бир. Убакыт өтүп баары ордуна келгенде бир кезде кыжалат болгонумду эстеп күлүп гана койдум.                                                

– Бактылуусузбу?                                     

 – Ооба, ар бир көз ирмемден бакыт тапканга аракет кылам.                              

 – Эмнеден коркосуз?                                 

 – Кудайдан коркпогон адамдардан корком. Анткени алардын колунан бардык нерсе келиши мүмкүн.                                        

– Мүнөзүңүздү өзүңүз кандай сыпаттайт элеңиз?                                               

 – Шайыр-шатман эмесмин. Токтоо, бирок өжөрмүн. Тез эле адамдын ичи-коюнуна кирип кеткендер бар го, андай эмесмин. Эже-сиңди болуп элжирешип кеткендер бар эмеспи, мен андайга көп жокмун. Сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм деп эле сый менен жүрө берем.                       

 – Акыркы жолу качан, эмнеге ыйладыңыз?          

  – Эсимде жок. Болгону 2014-жылы алгачкы жолу концерт бергеним эсимде калган. Ал кезде менеджер, уюштуруучу дегендер жок эле да. Ошого бүт баарына өзүм жооптуу болгом. Баннер, афишаларга чейин өзүм илгем (күлүп). Анан катуу шамал болуп баарын учуруп кетип жатпайбы. Машина айдап бараткам, көзүмдөн жашым “тып-тып” деп агып баратат десеңиз. Эмнегедир азыр ошол ыйлаганым эсиме түштү. Концертим бирок аншлаг менен өткөн. Эгерде ошондой кыйынчылыктар болбосо, мен ырчылыктын ырахатын да сезбей калмакмын деп ойлойм. Акыркы жолу эмнеге ыйлаганым эсимде жок.                    

– Ыйлабаңыз. Көзүңүздүн жашы сүйүнүчтөн гана аксын.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1246, 6-12-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан