Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

 

Убакыт тез өтүп жатты. Деңиз бир жашка чыкты. Бирок анын биринчи туулган күнү ата-энеси күткөндөй шаңдуу өткөн жок. Акыркы айларда Илим менен Арина баласын улам бир дарыгерге көрсөтүп, анализдерди тапшырып, текшерүүлөрдөн өтүп жүрүштү. Дарыгерлердин кабинеттеринде өткөргөн убакыттары үйдөгү бактылуу көз ирмемдерден көбүрөөк болуп кеткен.

Илим уулунун ар бир жылмаюусуна кубанып, ар бир жаңы кыймылын үмүт менен күтчү. Ал үчүн Деңиз бул дүйнөдөгү эң кымбат адамга айланган. Баласынын ден соолугундагы көйгөйлөр аны огобетер жоопкерчиликтүү, мээримдүү ата кылды.

Арина болсо таптакыр башка абалда эле. Ал бай үй-бүлөдө эрке өскөн, жашоодон эч нерседен кем болбогон жалгыз кыз болчу. Кыйынчылыкка туш келгенде эмне кыларын билбей, улам ачууланып, өзүн бул жашоонун курмандыгы катары сезе баштады.

— Мен ушинтип өмүр бою оорукананын эшигин кайтарып өтүшүм керекпи? — деди ал бир күнү.

— Бул биздин балабыз, Арина. Ал бизге муктаж. Азыр биз ага керекпиз — деди Илим.

— Сенин бүт жашооң эми ушул баланын айланасында айлансын! Мен мындай жашоону каалаган эмесмин!

Илим унчуккан жок. Ал аялынын чарчаганын түшүнүүгө аракет кылып жүргөн. Бирок Арина баласынан алыстап баратканын көрүү ага баарынан оор тийди. Бир күнү Арина ажырашуу чечимин айтты.

— Мен кетем, Илим. Мындан ары мындай жашай албайм.

— А менин уулумчу? Деңизчи?

— Кааласаң, өзүң кара. Менин күчүм жетпейт.

Илим аялына көпкө тигилди. Бир кезде өзүн сүйүп, бүт дүйнөсүн арнаган, Тамчыны өлтүрүүгө да даяр аялга окшобой турду.

— Арина, сен менден кетип жатсаң, кармабайм. Бирок Деңизге керексиң!

Арина бир нече күнгө ата-энесинин үйүнө кетти. Ал бул жолу жөн гана эс алып, тынчтануу үчүн эмес, өзүнүн кийинки жашоосу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн барган. Атасы Жусуп кызынын өзгөргөнүн байкады. Бирок ал кызынын абалын терең түшүнүүгө аракет кылган жок. Жусуп үчүн Арина — өмүр бою эркелетип өстүргөн жалгыз кызы. Анын көзүнө жаш алганы, кыйналганы, бир нерсеге нааразы болгону эле жетиштүү. Ал кызынын жашоосундагы кыйынчылыктарды чечүүнү өзүнүн милдети катары көрчү. Кызынын Деңиз менен дарыгерлерге каттап жүргөнүн, Илимдин бүт убактысын балага арнап калганын уккан сайын Жусуптун оюнда бир гана нерсе турду: Арина мындай жашоого ылайыктуу эмес. Бир күнү кечки тамактан кийин экөө өзүнчө калышты.

— Кызым, Илим экөөңөрдүн ортоңордо эмне болуп жатат? — деп сурады.

— Билбейм, ата. Мен аябай чарчадым. Үйгө баргым келбейт. Барсам эле оорукана, врач, дары, анализ... Башка эч нерсе жок.

— Илим кандай мамиле кылып жатат?

— Анын бүт дүйнөсү Деңиз болуп калды. Мени көрбөйт деле. Баласынын жанынан чыкпайт. Башында деле ошондой эле, эми деле ошол.

Жусуп бир аз ойлонуп отурду.

— Кызым, мен сага бир нерсени айтайын. Сен али жашсың. Алдыңда бүтүндөй өмүр турат. Өзүңдү да ойлошуң керек. Жашоо бир эле жолу берилет.

— Анан мен эмне кылышым керек, ата?

— Мен сага муну кыл деп буйрук бербейм. Бирок оорукчан баланын айынан бүт өмүрүңдү ооруканада өткөрүп жиберишиң туурабы? Деңиздин абалы кандай болору азырынча белгисиз. Аны дарылатыш керек, албетте. Бирок сен да жашашың керек да.

— Илим баласын таштабайт. Ал үчүн баарына даяр.

— Анда өзү карасын. Ал ата эмеспи. Сенин да башка жашооң болушу мүмкүн. Сенин жаштыгың, сулуулугуң, келечегиң бар.

Арина атасынын сөздөрүн угуп отуруп, ичинен бир аз жеңилдеп калгандай болду. Ал көптөн бери өзүнүн чечимин бирөөнүн оозунан уккусу келип жүргөн. Өзүнүн акылына жүрөгү каршы чыкчу. Бирок атасынын сөздөрү анын күмөн саноосун азайткандай болду. Жусуп кызына түз эле “ажыраш” деген жок. Бирок анын ар бир сөзүнүн артында бир эле маани жаткан: “оорулуу баланын жоопкерчилигин мойнуңа алып, жашооңду курмандыкка чалба”.

— Ата, мен кетсем, эл эмне дейт?

— Эл сенин ордуңа жашабайт, кызым. Эл бүгүн сүйлөйт, эртең унутат. Сен өзүңдүн жашооңду ойлон.

Жусуп кызынын көз жашын сүртүп койду.

— Мен сени кыйналсын деп чоңойткон эмесмин. 

Бул сөз Аринага өзгөчө таасир берди. Ал атасынын алдында өзүн кайрадан кичинекей кыздай сезди. Кыйынчылыкка кабылганда ар дайым атасына таянчу. Бул жолу да ошол коргоону издеп келген эле. Бирок Жусуп бир нерсени түшүнгөн жок: кызынын жашоосун сактап калам деп жатып, анын эне катары жоопкерчилигинен качуусуна жол ачып берип жаткан. Аринага апасы Элядан да колдоо керек болчу. Бирок апасы кызынын ички дүйнөсүнө терең үңүлө билген аял эмес эле. Ал жашоосун өзүнүн ыңгайына жараша өткөргөндү жакшы көрчү. Кызынын көйгөйү болсо, аны кызы өзү чечиши керек деп эсептечү. Ал үчүн үй-бүлөдөгү оор маселелерге аралашуу, бирөөнүн кайгысын жүрөгүнө жакын кабыл алуу ашыкча түйшүк болчу. Бир күнү Арина апасынын бөлмөсүнө кирди.

— Апа, мен Илимден кетсем кандай болот?

Эля күзгүнүн алдында отуруп, чачын тарап жаткан.

— Эмне болду дагы?

— Мен мындан ары чыдай албайм. Деңиздин абалы, врачтар, оорукана... Кээде өзүмдү жоготуп бараткандай болом.

— Кетсең кет. Атаң белек кылган батириң бар, карьера жаса. Эч ким сени кармап жаткан жок.

— Сен ушунчалык эле оңойдой айтасың да. Бул менин жашоом...

Эля кызына күзгүдөн карады.

— Арина, бул сенин жашооң. Мен башка сага эмне деп айтайын? Каалаганыңды кыл. Турмушка сен чыктың, күйөөңдү өзүң тандадың. Эми чечимди да өзүң кабыл ал.

— Деңизчи?

— Деңиздин атасы бар. Илим өзү карайт да.

Арина апасынын бул сөзүнө эмне дээрин билбей калды.

— Сен неберең жөнүндө да ойлонбойсуңбу?

— Мен эмне кылышым керек? Сен экөөңдүн ортоңордогу маселени мен чече албайм.

Эля кайра күзгүсүнө бурулду. Арина бөлмөдөн чыгып кетти. Жусуп кызынын чечимине таасир берип жатса, Эля анын чечимине таптакыр кайдыгер эле. Экөөнүн тең кызына болгон мамилеси ар башка көрүнгөнү менен, натыйжасы бирдей болду: Арина өзүнүн каалоосун биринчи орунга коюуга дагы бир жолу түрткү алды.

Ошол түнү Арина көпкө чейин уктай алган жок. Ал Деңизди эстеди. Анын кичинекей жүзүн, колун сунуп энесин издегенин, уктап жатканда эриндерин кыбыратып алганын. Кээде баласынын көзүнө тигилгенде жүрөгү бир нерсени сезчү. Бирок ошол сезимди көпкө кармап тура алчу эмес. Анткени баласын ойлогон сайын анын келечегинен коркчу. “Эгер ал өмүр бою ушундай болсо эмне болот? Эгер мен өмүр бою ушул баланын жанында болушум керек болсо, менин жашоом эмне болот?” Бул суроолор анын оюнда улам кайталанды. Ал өзүн жаман эне катары кабыл алгысы келген жок. Өзүн бактысыз, эч ким түшүнбөгөн аял катары көрдү. Эртеси Илимге телефон чалды.

— Сүйлөшүп алышыбыз керек.

— Эмне болду?

— Биз жөнүндө сүйлөшүүбүз керек.

Илим аялынын үнүнөн эле бир нерсе болгонун сезди.

— Кел, сүйлөшөлү. Үйгө кел.

— Мен үйгө кайтпайм, Илим.

— Эмне үчүн?

— Мен ажырашкым келет.

Телефондун ары жагында жымжырттык өкүм сүрдү. Илим бул сөздү күткөн эмес. Акыркы убактарда алардын ортосундагы аралык чоңоюп баратканын сезип жүргөн. Бирок Арина ушунчалык чечкиндүү айтат деп ойлогон эмес.

— Сен азыр эмоция менен сүйлөп жатасың. Шашпайлы. Кел, үйдөн сүйлөшөлү.

— Мен ойлонуп бүттүм.

— Арина, Деңиз бир жашка эми чыкты. Ал сага муктаж.

— Мен билем.

— Анда эмнеге мындай кылып жатасың?

— Мен мындан ары мындай жашай албайм. Мен өзүмдүн жашоомду да жашашым керек.

— Сенин жашооңдо Деңизге орун калбай калдыбы? Чарчадың, билип турам. Бирок бала багуучу алалы. Сени эс алдырайын көбүрөөк... Мен сенден эч качан идеалдуу эне болууну талап кылган эмесмин. Мен сенден болгону балабыздын жанында болушуңду каалайм.

— Сен мени түшүнбөйсүң!

— Балким, түшүнбөй жаткандырмын. Бирок уулубуздун күнөөсү эмне?

Бул суроо Аринанын жүрөгүнө тийди. Бирок ал өз чечиминен кайткан жок.

— Менин чечимим ушул, Илим.

 

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1246, 6-12-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан