Биз социалдык тармакта

ЖОГОРКУ СОТ АЧУУЛАНДЫ

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сот тутуму ичинен тазаланууга тийиш экенин айтты. Ал мындан ары жоопкерчилик күчөтүлөрүн белгиледи.

– Президенттин айткан сөзүн уктуңуздар. Эл аралап жүрүп, адилеттүүлүк жок деген тыянакка келип жатат. Бул деген ар бирибизди башка барскан менен урганга барабар болушу керек. Андыктан биз жоопкерчиликти күчөтөбүз,- деди Сатыев 3-ноябрда сот тутумунун 9 айлык ишмердүүлүгү талкууланган жыйында.

Сатыев президенттин эл менен жолугушуусунда 2000 сом үчүн атасынын камалып кеткенин айткан жигиттин окуясы боюнча түшүндүрмө берди. Ал коррупция боюнча мыйзамдар күчөтүлгөнүн, камактан башка альтернативдүү чечим кабыл алууга мыйзам жол бербестигин айтты.

Эске салсак, өлкө башчыга даттанган жигит атасын жол тескөөчүгө 2000 сом пара сунуштады деген негизде эки жылга камап койгонун айткан.       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1246, 6-12-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан