Биз социалдык тармакта

КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ КАЗАКСТАНГА ЭЛЕКТРОНДУК УРУКСАТ АЛЫП КИРЕ БАШТАШАТ

2027-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстандын жарандары Казакстанга кирүүдө электрондук уруксат алышы керек болот. ТИМдин маалыматына таянсак, ага чейин азыркыдай эле шартта кирип-чыга алышат. Бирок жаңы талап боюнча эскертүүлөр берилет.                        

– Уруксат акысыз берилет. Аны QazETA платформасы аркылуу сапарга чыгуудан кеминде 72 саат мурда алуу керек. Уруксат 180 күнгө чейин жарамдуу болот. Документте 29 категориядагы адамдарды бошотуу каралган. Анын ичинде 16 жашка толо элек, 65 жашка толгон жана андан жогорку курактагы адамдар, Казакстанда убактылуу жашоого уруксаты же жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар, каза болгон адамдардын сөөгүн жерге берүү үчүн коштоп жүргөн адамдар жана башкалар бар,- деп билдирди ТИМ.

Эскерте кетсек, Казакстан чет мамлекеттин жарандары үчүн электрондук уруксат алуу тартибин киргизди. Ал этап-этабы менен ишке ашырылмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1246, 6-12-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан