Биз социалдык тармакта

КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙГА 3 ТҮРДҮҮ ЖЕМИШ ЭКСПОРТТОЙТ

Кыргызстанда өстүрүлгөн малина, карагат жана ежевиканы Кытайга экспорттоого расмий уруксат берилди. Бул тууралуу 4-ноябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн ортосунда 2026-жылдын 31-августунда өсүмдүк карантини жана фитосанитардык талаптар боюнча протоколго кол коюлган. Анын негизинде Кытай 20-октябрда кыргызстандык үч түрдүү мөмө-жемишти импорттоого уруксат берген.              

– Кытайга продукция экспорттоону каалаган дыйкандар жана таңгактоочу ишканалар белгиленген фитосанитардык талаптарга жооп берип, каттоодон өтүшү керек. Ал үчүн тиешелүү департаментке же анын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуу зарыл,- деп айтылат маалыматта.      

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1246, 6-12-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан