Биз социалдык тармакта

Жанета Баялиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЭЛГЕ АЗЫР ШАҢДУУ ЫРЛАР КЕРЕК”

Белгилүү ырчы Жанета Баялиева менен ийгилик сыры, ден соолук, сулуулук, атактуулук темасында пикир алыштык. Ырчы айым “кымбатчылыктан улам маанайы суз элге шаңдуу ырлар керек” деген пикирин айтты. Кызыктуу маекке көз жүгүртүңүз.   

 

– Жанета айым, саламатсызбы? Убагында көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышкансыз. Азербайжандын Эл артисти Полад Бүлбүл оглынын, Орусиянын көрүнүктүү эл өкүлү Валентина Матвиенконун колунан сыйлык алганыңыз эсибизде. Өзүңүздү жолдуу, ийгиликке жакын инсанмын деп эсептейсизби?

– Саламатчылык. Ооба, 2012-жылы КМШ өлкөлөрүнүн арасында Түркмөнстанда өткөрүлгөн фестивалга баргам. Ал жактан менин ырдаганымды жактырышып, Азербайжандын Гянджа шаарында өтүүчү фестивалга чакырышты. Ал фестивалга 15 мамлекеттин алдыңкы ырчылары чакырылганбыз. Сиз айткандай, Азербайжандын Эл артисти Полад Бүлбүл оглы грамота тапшырып, ал окуя мени сыймыктандырган көз ирмемдердин бири болгон. Андан сырткары 2012-жылы Кайрат Примбердиев экөөбүз Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко кол койгон күбөлүккө татыганбыз. Ал күбөлүк бизге маданият жана искусствонун өнүгүүсүнө кошкон салымыбыз үчүн берилген. Мындай сыйлыктардын баары тагдырдын белектери дейт элем. Ушунун өзү менин кесипти туура тандаганымды айтып турат. Албетте, ийгиликке жакынмын. Сыягы, баарыбыз күтүлбөгөн жакшы кереметтерге, сюрприздерге ичибизден даяр турушубуз керек окшойт.

– Импульсивдүү, эмоционалдуу ырларды көп ырдагандай сезилесиз. Ыр тандоодо табитиңиз өзгөрдүбү?   

– Азыр баары эле шаңдуу ырларга басым жасайт. Анткени кымбатчылык, кайда караба кейип, ойлуу, капалуу жүргөн адамдар... Ошондуктан социалдык тармактарда да негатив көп. Ушуларды эске алып, угармандын көңүлүн көтөрө турган шаңдуу, анан сүйүү темасына арналган ырларга басым жасап жатам. Мүмкүн, ушул себептен улам ырларым импульсивдүү, эмоционалдуу сезилип жаткандыр.

– Репертуарыңызда жан дүйнөңүзгө өзгөчө жакын бир ырыңыз барбы?

– Бардык эле ырларым жүрөгүмө жакын, “өзгөчөсү бул” деп бирөөсүн бөлүп айта албайм. Бирок улуу муундагы угармандар “18 жашты” көп суранып ырдатышат. Ал эми тойлордо элди бийлете турган ырларга басым жасайм.

– Байкашымча, кайрымдуулук концерттерине калбай барасыз. Бирөөгө жардам берүүгө шашылуу жакшы сапат...

– Башынан эле “сооп иш кылайын” деп кайрымдуулук концерттерин калтырбай барам. Ырдап, угармандын көңүлүн көтөргөндөн сырткары муктаждарга кийим-кече, азык-түлүк жагынан да жардам кылып турам. Кудай бизге ден соолук берди, алты саныбыз аман, акыл-эсибиз жайында. Ошондуктан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жардам берүү – адамдык парз  деп билем. 

– Кайсы чет өлкөлүк ырчылар менен дуэт ырдагыңыз келет?

– Селин Дион, Мэрайя Кэринин ырларын жактырып ырдайм. Алар диапазону абдан бийик, татаал ырларды ырдашат. Ушул экөө менен дуэт ырдагым келет.

– Азыр клиптердин көбү бири-бирине окшош. Кымбат унаа, сулуу кыз, кооз табият... Мисалы, хоккейчи кыздарды же саймачы жигиттерди клипке тартса эмнеге болбосун?

– Жакшы идея экен. Ылайыктуу ыр болсо, аларды кошуп клип тартууга эмнеге болбосун?! Бирок азыркы тапта клип тарттырып жарыялоодон көрө 1 куплет ырды музыканын коштоосунда ырдап, аны AR-эффект менен шөкөттөп, мисалы, артына табиятты кошуп, башкача айтканда, рилс кылып социалдык тармактарда жүктөө оң. Ыр элге жакса тез эле жайылып кетет.

– Сахнада ырдоо менен актёрдук чеберчиликти мыкты айкалыштыра аласыз. Мындай 2 амплуаны кантип бир толкунда кармайсыз?

– 36 жылдан бери сахнада жүрөм. Ошону үчүн 2 амплуаны айкалыштыруу кыйынчылык деле жаратпайт. Мен Бишкек шаардык мэриясына караштуу Маданият башкармалыгында иштейт эмесминби. Биздин жетекчилер мени жаштарга үлгү катары көрсөтүп, “эл менен иштеше билүүнү, артистизмди Жанетадан үйрөнгүлө” деп турат. Минтип айтышса жүрөгүм жылып калат. Кайсы жакта болсо да элдин көңүлүн бурганга аракет кылам. Ошондуктан ырдаганымда көрүүчүлөр кол чаап кубатташат, айрымдары мага кошулуп алып бийлешет. 

– Келбетиңизди бир калыпта алып жүрүү үчүн кантип кам көрөсүз? 

– Сулуулук салондоруна барам. Убак-убагы менен бетиме, денеме фейс-массаж жасаттырам. Диета кармабайм. Көбүнчө эртең мененки жана түшкү тамакты жебей жүрө берем да, кечки убак табитим ачылып, каалаганымдын баарын жеп алам. Курсагым ачса, түнкү саат 1де деле муздаткычты ачып, шам-шум этип алмайым бар.   

– Сиз үчүн сулуулуктун эталону ким? 

– Азыркы заманда бир гана сырткы келбет эмес, харизма жана интеллектуалдык сулуулук да керек. Мага Мерил Стрип жагат.

– Суук түшүп, оорулар күчөдү. Иммунитетиңиз кандай?

– Организмде витамин, микроэлементтер толук болсун деп жашылча-жемишти, жаңгак түрлөрүн көп жейм. Иммунитетим бекем болушу үчүн көп басам, үйдө жумуш жасайм. Стресстен качам, көп нерсени жүрөккө жакын кабыл албаганга аракет кылам. Азыр баары кымбат, тапканың эч нерсеге жетпейт, ошентсе да позитивдүү жүргөнгө умтулам.

– Сиздин оюңузча, жакшы аял кандай болушу керек?

– Жакшы аял – бул өзүнүн эмне каалаганын так билген, билимдүү аял. Билимдүү аял гана келечекте акылдуу, адептүү, маданияттуу балдарды тарбиялап өстүрө алат деп ойлойм. Окуган, дайыма өзүн өнүктүрүп турган айымдар жашоосунун бардык тармагын өзү эле алып кете алат. Аял болуу – бул жашоону ойлоо эле эмес, аны сезүү. Жакшы аял – балдардын мыкты энеси. Мен ушундай аял боло алдым деп ойлойм.

– Сахнага кийип чыкчу кийимдериңизге 1 жылда канча акча коротосуз?

– Стилисттер менен иштешпейм. Бюджетиме чак, өзүмө жарашкан кийимдерди сатып алам. Абдан кымбаты, укмушу керек деп артынан сая түшүп издебейм деле. Кээде кымбат кийимдер арзандатылган баа менен сатылып калат, андайларды деле алам. Жашоодо үнөмчүл жанмын.

– Азыркы тапта окуу курстары көп. Сизди кайсынысы кызыктырат?

– Өзү эптеп бир курс окуп алып психолог, коуч болумуш этип чоң суммадагы акчага бир нерсе үйрөтүмүш болгондор бар. Бул – алдамчылык. Кыйналып жашаган айрымдар банктан насыя алып, курс сатып алышат экен. Андай коучтардан этият болуш керек.  

– Алдыга кандай пландарды түзүп жатасыз?                                              

– Уулум менен кызымдын пландары бар, мен ошолорду ишке ашырууга жардам беришим керек. Кызым 25ке чыгып калды, жакшы жерге туурга консо деп тилек кылам. Уулум 22де, ага тарбиялуу, нарктуу жердин кызы туш болсо деп Кудайдан тиленем. Өлкөбүз тынч болсо, калганы акырындап өз нугу менен улана берет деп ишенем. 

– Тилегиңизге жетиңиз!

 

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1246, 6-12-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан