Биз социалдык тармакта

ИЧ КУРУЛДАГАНДА ОРГАНИЗМ ЭМНЕДЕН КАБАР БЕРЕТ?

Ич курулдаган процесс дээрлик бардык адамда кездешет. Биринде катуу үн чыкса, биринде дээрлик билинбей курулдайт. “Ич курулдап жатса, демек, адам ачка болду” деген түшүнүк бар. Бирок ичегилердеги курулдаган үн адам ачка болгондо эле эмес, башка себептер менен да чыгат. Ич курулдаганда организм эмнеден кабар бериши мүмкүн, макаладан окуңуз.

 

Курулдаган үн кайдан пайда болот?

Ашказан-ичеги трактында кыймыл токтобойт, бул органдар дайыма кыймылда, дайыма “жумуш” үстүндө болушат. Анткени адам күнү бою жеген тамакты сиңирип, керексизин сыртка чыгарып турушу керек. Аталган органдардын булчуң керегелери жыйрылып, ичиндеги тамак-аш, газ, суюктуктарды алдыга түртөт. Бул иш процессинде ичтен курулдаган, суу аккандай шурулдаган сыяктуу түрдүү үндөр угулат. Бул табигый көрүнүш.

Коопсуз физиологиялык себептери

* Ачка болуу. Ашказандын ичинде эч нерсе жок болгондо нерв системи булчуң керегелерине белги берип, алар жыйрылып, ашказандагы абаны жана суюктукту айдап иштете баштайт. Мындан улам ичтин курулдаган үнү башка учурларга караганда катуу угулат.

* Тамакка ашыкча тоюу. Тамакка тойгондон кийин да ашказан, ичегилер активдүү иштеп, ичиндегилерди сиңирүү үчүн түрдүү ферменттерди бөлүп чыгарып, тамак сиңирүү жумушу аткарылат. Булчуңдар аркылуу тамак-аш калдыктары, суюктуктар, газ түртүлүп, жылып жатканда курулдаган үн чыгат.

 * Айрым тамак-аш түрү. Буурчак түркүмүндөгү өсүмдүктөр (фасоль, төө буурчак, маш, нокот, чечевица), капуста, брокколи, алма, сүт азыктары, газдалган суусундуктар ичегилерге газ толтуруп, натыйжада ич көбөт. Андан сырткары таттууларды көп жегенде да ичегилерге газ толуп, курулдап баштайт.

* Аэрофагия же аба жутуу. Адам тамакты шашып жегенде, сүйлөп жатканда же сагыз чайнаганда кирген аба.

*  Кош бойлуулук. Кош бойлуу айымдарда прогестерон гормону ичегилердин жылмакай булчуңдарын бошотот, мындан улам тамак-аш сиңирүү процесси жайлап, ичегилерде курулдаган үн жаралат.

* 60 жаштан кийин ашказан-ичегилердин иштөөсү, моторикасы жайлайт. Буга кошумча туура эмес тамактануу, аз кыймылдоо жана түрдүү дары-дармектерди ичүү да терс таасирин тийгизет.

Ич курулдаганда эмне жардам берет?

Ич физиологиялык себептер менен курулдап жатса, ден соолукка зыян эмес, тамак-аш сиңирүү органдары иштеп жатат деп түшүнүү керек. Бирок организмге жардам берип, ич курулдагандын алдын алса болот. Кантип:

1. 3-4 маал, бирок аз-аздан тамактануу зарыл.

2. Ашыкча тоюп алуудан жана шашып тамак жегенден кармануу. Басып баратып же шашып тамак жегенде ашказанга ашыкча аба толуп, газ, ич көбүү жаралат.

3. Ич көбүүгө алып келген тамак-аштарды менюдан азайтуу.

4. Тамакты нерв болбой, жакшы маанайда, тынч жана шашпай чайнап жегенге аракет кылуу. Эмоционалдык чыңалуу, ачуулануу, стресс абалы ичегилердин моторикасынын бузулушуна алып келерин да биле жүрүңүз.

5. Тамактан кийин дароо жатып албоо.

6. Күн ичинде жетиштүү өлчөмдө таза суу ичүү.

Кайсы тамак-аштардан баш тартуу керек?

- Рациондон боёк, консервант, зыяндуу майлар кошулган, Е-кошулмалары, стабилизаторлор бар тамак-аштарды алып салуу керек. Алар ичеги керегелерине терс таасир этип, сезгенүүнү жаратат, пайдалуу микрофлораларды “өлтүрөт”.

- Фаст-фуд, жарым фабрикат тамак-аштарда май, туз жана башка кошулмалардын саны көп. Бул кошулмалар ашказан-ичегилерге күч келтирет, дүүлүктүрөт, спазм, ич көбүүнү жаратат.

- Майлуу, туздуу, ачуу, таттуу, ышталган, куурулган, рафинаддалган тамак-аштарды да болушунча азайтуу зарыл.

Кайсы азыктарды жеш керек?

 + Жашыл чөп-чардын бардык түрү

  + Имбирь, чиа, зыгыр уругу

  + Шабдалы, алма, кара өрүк, өрүк, кулпунай, малина, ежевика

 + Бадыраң, помидор, кабакча, баклажан

  + Дарбыз, коон, ашкабак

Кооптуу патологиялык себептери

Эгер ич анда-санда эмес, дайыма курулдаса, катуу угулса, оорутуу же башка дискомфорт жаралса, анда организм туура эмес иштеп жатканынан кабар бериши мүмкүн:

• Ичегилердин туура эмес иштөөсү. Туура эмес тамактануу же стресстин негизинде ичегилердин иштөө моторикасы бузулат. Ич көбөт, ичегилер курулдайт, ич катат же тескерисинче, ич өтүшү мүмкүн.

• Бактериялардын көбөйүү синдрому же дисбактериоз. Ичке ичегиде бактериялардын саны ашыкча болуп кеткенде ачытуу процесси жүрүп баштайт. Ич көбөт, заң суюк болушу ыктымал.

• Тамак-ашты кабыл албоо. Организм өзгөчөлүгүнө жараша кайсы бир тамак-ашты (курамындагы кайсы бир затты) кабыл албай, сиңире албашы мүмкүн. Мисалы, курамында глютен же лактоза, фруктоза же башка ферменттер бар тамак-аштарды организм кабыл албайт.

• Ашказан-ичегилердин сезгенүүсүндө: Крон, ашказан жарасы, гастрит, панкреатит же колит ооруларында да ич курулдайт.

• Өт баштыкчасынын жана өт жолдорунун ооруларында да тамак-аш сиңирүү процессинде көйгөйлөр жаралат.

 

Врачка кайсы учурда кайрылуу керек?

Эгер ичтин курулдашы оорутуу менен коштолсо, спазм болсо, көңүл айланса, ич катуу же ич өтсө, тамакка табит жоголсо, адам арыктап баштаса, бул белгилер 2-3 күн катары менен кайталана берсе – анда адистерге, гастроэнтерологго жана терапевтке кайрылуу зарыл. Врач бейтапты:

– Ички органдардын УЗИси;

– Гастроскопия;

– Ичегилердин микрофлорасынын анализи;

– Заң анализи;

– Кандын жалпы жана биохимиялык, антителаларга анализи;

– Ашказандын же жоон ичегинин эндоскопиялык кароолоруна жөнөтөт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1246, 6-12-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан