Биз социалдык тармакта

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 16-ноябрдан 22-ноябрга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Жумуш, сырткы чөйрө бул апта сизден көп күчтү талап кылат – моралдык да, физикалык да жаатта көп энергия сарптайсыз. Тынчтыкты үйүңүзгө жеткенде гана сезесиз. Каржылык абалыңыз жакшырышы күтүлөт, шейшемби жана бейшемби күндөрү айрыкча финансылык жактан жолдуу болосуз. Бойдоктор сүйлөшкөн адамынан жагымдуу сюрприз алышат. Аптанын экинчи жарымында өзүңүздүн же үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин жакшылыгын майрамдашыңыз мүмкүн.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Жүрөгү бошторду бул аптада сүйүү мамилесинде ийгилик күтөт дешет жылдыздар. Бойдок статусуңуз өзгөрүп, түгөйлүүлөрдүн катарына кошулушуңуз мүмкүн. Достордун жолугушуусунда философиялык ой жүгүртүүлөр менен бөлүшүүңүз ыктымал. Юридикалык маселелер, документ иштери оңой чечилет. Финансылык жаатта билим тармагына же сапарга чыгууга акча коротушуңуз мүмкүн. Таза абада көп жүрүү, активдүү жашоо образы ден соолугуңузга жакшы таасирин берет.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жашоодо эмнеге жеттим? Эмнени өзгөртсөм болот? Ушул сыяктуу ички трансформацияга алып келе турган ойлорго оролуп, суроолорго жооп издейсиз, кайсы бир өзгөрүүлөрдү жасашыңыз ыктымал. Бир катар финансылык маселелерди чечкенге туура келет, карыз, насыя сыяктуу. Үй-бүлөлүк мамилелер бекемделет, колдооңуз күчтүү экенин сезесиз. Ал эми бойдоктор күчтүү сезимдерге кабылышы мүмкүн. Ден соолук жаатында ичке стресс топтобой, бирөө менен бөлүшүү сунушталат.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Жумушта да, жеке жашоодо да жаңы мамиле түзүү, өнөктөштөр менен жигердүү иш алып барууңуз керек болот. Кеңеш айтканга караганда уга билүү жөндөмүңүздү колдонуңуз. Балалуулар балдарынан финансылык колдоо алышат. Түгөйлөрдүн жашоосунда гармония жана бири-бирин түшүнүшүү орун алат. Бойдокторго жаңы таанышууларга ачык жана даяр болуу сунушталат. Апта соңун жүрөгүңүз каалагандай өткөрүңүз, сизге ырахат тартуулаган нерсе менен алек болуу керек. 

АРСТАН
(23.07–23.08)

Бир да мүнөттү текке кетирбегенге аракет кылыңыз. Бул аптада жашооңуздагы маанилүү окуялар, жагымдуу көз ирмемдер орун алышы күтүлөт. Жумушуңуздан колдоо, болгондо да финасылык жардам күтсөңүз болот. Апта ортосунда өзүңүздүн жашоо режимиңизге көңүл буруп, ден соолукту калыпка келтирүүгө аракет кыласыз. Анткени вирустук ооруга кабылуу коркунучу бар. Жеке жашоодо түгөйүңүзгө майда-чүйдө жардам көрсөтүү менен анын ыраазычылыгын аласыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бул аптада бийкечтер планеталардын коргоосунда болот, андыктан авантюралык, афералык иштерге кабылышпайт дешет жылдыздар. Сиз менен сүйлөшкүсү келген адамга жок дебеңиз, аз да болсо убакыт бөлүүңүз керек. Бойдоктордо аптанын башында романтикалык жолугушуулар орун алышы ыктымал. Той-топур, белек берүү же балдардын керектөөсүнө байланыштуу каржылык чыгымдар болушу мүмкүн. Жумушта өзгөрүүлөр күтүлбөйт, бардыгы көнүмүш агымда кетет.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Карызды убагында берип, насыянын пайызын кечиктирбей берүү сыяктуу акчага байланышкан иштерде так болуңуз. Жумушта олуттуу маселелер жаралбайт, алдыңызга коюлган тапшырманы оңой эле аткарасыз. Өзүңүз демилге көтөрүп, жакшы идея жаратсаңыз жетекчиликтин колдоосуна гана ээ болосуз. Сизди бир аз кыжалат кылган каржылык туруксуз абал гана болушу мүмкүн. Бойдоктор конокко чакыруулардан баш тартпашы кажет, ал жактан керектүү адамга жолугушуу толук мүмкүн.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Финансылык абалыңыз турукташат, бул сизге өзүңүзгө болгон ишеним жана тынчтык алып келет. Убактыңыздын басымдуу бөлүгүн жумушка арнай берсеңиз, жеке жашоо аксап калат. Андыктан бул күндөрү үй-бүлөгө, сүйүктүү адамдарга, досторго да көңүл бөлүү керек. Жумушта кызыл тил, чечендик менен көп көйгөйдүн алдын аласыз. Жеке жашоодо да түгөйүңүз менен ой бөлүшүүгө, ар кыл темада сүйлөшүүгө, сырдашууга аракет кылыңыз. Апта аягы транспорт же гаджет оңдотушуңуз мүмкүн.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Эгер бир орунда отурбай, активдүү болсоңуз, анда апта сизге жагымдуу сюрприздерди тартуулайт. Кыйынчылыктар сизден корко турган мезгил. Бир нерсе жасаарда эч нерседен коркпой, ойлонбой кадам таштаңыз. Жумушуңузда чоң катаны сиз байкап жана оңдойсуз. Колуңузга сырткы булактан (касса, шерине) акча тийиши күтүлөт. Жеке жашоодо өзгөрүүлөргө каршы чыкпаңыз, тобокелге барууга даяр туруңуз. Апта аягы өзүңүздү эркелетип массажга барып же сулуулук процедураларын жасатыңыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Күн сиздин жылдыз белгиңизге жылып, өзүңүздү күчтүү, энергиялуу жана эмне кылып жиберсем деген демилгечи болуп чыга келесиз. Сүйүү мамилесинде лидер болосуз, сиздин энергияңыз жана ишенимиңиз түгөйүңүздү дагы бир жолу сизди сүйүп калууга жеткирет. Ал эми бойдоктор эч кимди издебей эле койсо болот, адамдар өздөрү тартылышат. Өзүңүздүн жеке керектөөлөрүңүзгө байланыштуу чыгашалар орун алышы мүмкүн. Ден соолук жаатында олуттуу көйгөйлөр байкалбайт.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Суу куярлар үчүн тынчтыктын убактысы. Тагыраагы, тынчтыкта ойлоруңузду иреттеп, эс алгыңыз келет. Бирок бул канчалык деңгээлде ишке ашары белгисиз. Аптанын башында жаңы иш баштабай, мурункуларын бүтүргөнгө аракет кылыңыз. Жеке жашоодо жеке чек араңызга эч кимди киргизгиңиз келбейт, муну алдын ала үйдөгүлөргө айтып коюңуз, болбосо түшүнбөстүк жаралат. Аз да болсо кайрымдуулук кылганыңыз пайдалуу болот. Уктоо, медитация жасоо ички ресурстарыңызды толуктайт.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Бул аптада көпчүлүк убактыңыз достор, кесиптештер менен жолугушуу сыяктуу иш-чараларга жумшалат. Бойдокторго өмүрлүк жарды достордун же жакшы тааныштардын арасынан издөө сунушталат. Жумушта ийгилик командалык иштин аркасы менен келмекчи. IT, социалдык тармактар менен иштегендердин “ити чөп жейт”. Бейшемби шопингге чыксаңыз, көңүлүңүздөгүнү табасыз. Үйдөгүлөр менен талашып-тартышуудан алыс болуңуз. Апта аягы шаңдуу компанияда өтүшү күтүлөт.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1247, 13-19-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан