Адам канча жашта болсо да, анын жүрөгүнүн эң тереңинде бир дүйнө жашайт. Ал дүйнөнүн аты – эне. "Манас" өнөрүн көкүрөккө сыйдырган Дөөлөт Сыдыков бул жолу залкар өнөрдүн сырын эмес, өзүнүн жан дүйнөсүндөгү эң кымбат адам – апасы тууралуу баяндайт.
“Апамды атам аскердик кызматта жүрүп жактырып калыптыр”
– Апам казактын кызы, Найман уруусунан болот. Аты Майрамкүл, өзү алты бир тууган. Атам менен табышып калган баяны мындай: атам Казакстандын Жезказган деген жерине аскердик кызмат өтөөгө барат, ошол жерден апам экөө таанышып, жактырышып калышкан экен. Апам аскердик комиссариатта иштечү экен. Аскердик кызматы бүткөндө атам колуктусун кошо алып келген экен.
Апамды тубаса математик десем болот. Азыркы математикалык ыкмаларды да, мурункуларды дагы жакшы билет, миллиондук сандарды калькуляторсуз эсептеп чыгарып коёт. Дагы бир өзгөчөлүгү – апам жашыраак кезинде бүт окуяларды алдын ала билип койчу. Мисалы, үйгө конок келерин, канча киши экенин, эмне максат менен келе жатканын билип коёр эле. Азыр болсо боло турган окуя түшүндө аян берет. Көрсө, таенебизде ушундай касиет болгон экен, генинде бар.
“Жыланга тийбегиле дечү”
– Апам быйыл 80 жашка келди, 12 бала төрөп, тарбиялап-өстүрдү. 5 эркек, 7 кыз. Менден кийин эгиз инилерим бар, алар менен менин туулган күнүм бир күндө, үчөөбүз чогуу майрамдайбыз. Апам ак саргыл, нур жүздүү, сулуу аял. Түз сүйлөйт, бирөөнүн дүйнөсүнө көз артпаган алпейим киши. Анан аябай эмгекчил, эс тартканы анын тынч отурганын көрбөдүк. Кичине балдарын жонуна байлап алып картөшкө түптөп, чарбасын карап жүрчү. Атам бошобой калса кой союп, чөп жыйып, эркектин деле ишин жасап, катуусун капшыра, жумшагын жууруй кармаган эмгекчил эле. Бизди бала чактан эмгекке үйрөттү, “атаң келе жатат” деп бир сөз менен эле атамдын сүрүн колдонуп бизди тарбиялап койчу. Дайыма “бирөөнүн буюму жерде жатса да албагыла, өз мээнетиңер менен тапкан нан даамдуу” деп айтар эле. Дагы бир айтканы “балдарым, жыланга кол салбагыла, биздин тукумдун колдоочусу Азиз ата” дечү.
“Манас” айтып калганыма аябай кубанган”
– Санжырага кызыгуу, манасчылык – бул атамдан калган нерсе болсо, тарбиянын башаты апам болду. Бирок менин мүнөзүм да, кебетем да, жүрүш-турушумдун баары атама окшош. Менин "Манас" айтып баштаганыма апам аябай кубанды. Анткени ал кишинин өзгөчө касиети болгонун жогоруда айтып кетпедимби, мени бул жолдо апам аябай жакшы түшүндү. Кайып дүйнөнү да жакшы билер эле. Бир жагынан атам, чоң атам манасчылар болгону менен, апам тараптан да кайсы бир касиеттер мага өттү деп ойлойм. Кээ бир кечтерде малды, тиричиликти жайгарып келип, тамак ичип бүткөндөн кийин апам бизге "Манас" китебин окуп берчү. Тыптынч болуп отуруп укчубуз. Ошол дүйнө менен аралаштырып, эс-тутумубузду машыктырган экен. Эртеси ошол убак качан болот экен эми, апам бизге качан "Манас" айтып баштайт деп чыдамсыздык менен күтчү элем. Окуялар көз алдымдан кетпей, апам кайсы жерден токтосо, ошол жерден баштаса экен деп аңдып турчумун. 7-классымда аян алып "Манас" айта баштадым. Атам да, апам да аябай сүйүнүштү. Кан чыгарып жолумду ачышты. Илгери бекти бек, өнөрпозду өнөрпоз, баатырды баатыр кылып эне тарбиялап бергенин угуп келебиз го, дал ошондой көкүрөгүмө үрөндү таштаган менин энем болду.
“Манасчы Саякбай атаны баалайт”
– Союздун кишилеринин баары ушундай беле же менин эле ата-энем ушундай беле, билбейм, экөө тең китепкөй эле. Жөнөкөй эле айылдык адамдар болчу, бирок жаңы чыккан китептерди сөзсүз алып окушчу. Апам ушуга чейин китеп, гезиттерди калтырбай окуйт. Үйгө "Манастын" бардык вариантын алып коюшкан, апам жатка билчү эле. "Манас" айтчу эмес, бирок окуяларды кайсы китепте кандай вариантта жазылганын билчү. Атам бала кезинде "Манас" айтып, кийин таштап коюптур. Ошентип бир күнү апам телевизорду сайса эле "Манас" айтып жатыптыр. Эски шамандар сыяктуу көбүрүп-жабырып укмуш айтып жатса, апамдын жан дүйнөсүнө аябай жаккан экен. Атам келгенде айтып берсе, ал Шаабай Азиз уулу деген манасчы экенин айтат. Апам “Шаабай бир дайра болсо, Саякбай ата бир дайра” деп экөөнү аябай баа берип угат азыркыга чейин.
“Атамды азыр да ыйлап эстейт”
– Уул бала энесине жакын болот тура. Апам азыр айылда, бирок шаарга тез-тез келип турат. Келгенде баарлашып, тамашалашып, эркелеп, эркелетип калам. Апанын ыйлаганын көрүү аябай оор, мен апамдын ыйлаганын атам каза болгондо көрдүм. Азыр дагы атам тууралуу сөз болсо ыйлап эстейт. Атамдын 2006-жылы көзү өтүп кетти. Жапжаш кезинде атама жолугуп, арзып, аны менен Кыргыз жерине келсе, ошончо жыл ээрчишип жакшы жашашса, анан эстегенде ыйлабай коё албаса керек. Экөө эгиз козудай ээрчишип эле жүрүшчү.
Энебиздин дагы бир таң калычтуу окуясын айтып берейин. Атам жогоруда айткандай, жаш кезинде аскер кызматында жүрүп апамды жакшы көрүп, айланчыктап калбайбы. Апам ошол убактарда түш көрөт, түшүндө өз атасы аны чокчо сакал, бетинде кызылы бар бир атага тапшырып берет. Апамдын атасы да, атамдын атасы да ал кезде каза болуп калышкан экен. Атама түшүндөгү адамды сүрөттөп берсе таң калат, “менин атамды кайдан билесиң?” деп. Түшүндө чоң атам Сыдык апамды арабага салып бир үйгө алып келет. Апам насиби ушул элде экенин сезип, атамды ээрчип келген экен. Айылга келгенде жепирейген там дейт, араба, үйгө кирсе так түшүндө көргөн стол туруптур. Ал стол азыркыга чейин бар. Апам бардар жердин кызы, шаарда чоңойгон кыз атамды ээрчип келет. Таенем “сен бул жерде жашай албайсың го” десе болбой, атам экөө бактылуу жашап, очор-бачар болушкан да. Апам он эки балалуу болорун да турмушка чыга электе эле билгенин айтып калат.
Тилегеним – апам ден соолукта болуп, кылым жашаса экен.
Нуржамал Жийдебаева