Биз социалдык тармакта

ЫСЫК-КӨЛДӨ БАЛЫКТАРДЫН КӨБӨЙҮШҮНӨ ЭМНЕ ТОСКООЛ БОЛУУДА?

Ысык-Көлдүн жээгинде, тереңинде кандай балыктар жана өсүмдүктөр бар экени кызыгуу жаратат. Айрым экологдор балыктардын кээ бир түрлөрү көбөйсө, башка түрлөрү азайып кеткенин айтып коңгуроо кагышууда. Буга эмне себеп жана мындай жагдай көлдүн экологиясына кандай таасир тийгизет?  Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун ихтиология жана гидробиология лабораториясынын илимий кызматкери Искендер Осмонов менен бирге жооп издедик.

 

Балырдын 100дөн ашык түрү кездешет

Ысык-Көлдүн тереңинде азык чынжырчасын фитопланктондор түзөт. Фитопланктон – бул суунун катмарындагы 1 клеткалуу балырлар жана көп клеткалуу көк-жашыл балырлар. Булар бир нече түргө бөлүнөт. Түрүнө жараша айрымдары көлдүн кайсы бир аймактарын байырлап өссө, кээ бирлери сууда калкып өмүр сүрүшөт. Фитопланктондор майда рак сымалдарга жана абдан майда коловраткаларга жем болот. Ал эми майда рак сымалдар жана коловраткалар чоңоюп келе жаткан балыктардын негизги азыгы болуп саналат. Ошондой эле айрым чоң балыктар, мисалы, сиг балыгы алар менен азыктанат. Мына ушундай жол менен көлдө табигый азык чынжыры түзүлөт.

Фитопланктондордун дагы бир кызматы – фотосинтез процессине катышып, кычкылтек бөлүп чыгара тургандыгында. Демек, көлдөгү кычкылтек балансынын сакталышына салым кошот. Алар 50 метрге чейинки тереңдикте көп кездешет. Бирок эң көп өлчөмү 25 метр тереңдикте байкалат. 100-120 метр тереңдикке чейин  саны жана биомассасы кескин азаят, ал эми андан терең жерлерде абдан сейрек кездешет. Тайыз, өзгөчө суусу тузсуз булуңдарда жакшы өсүшөт. Ысык-Көлдө фитопланктондордун жалпы түрү 100дөн ашат. Негизги үч чоң тобун көк-жашыл, диатомдук жана жашыл балырлар түзөт.

 

Көк-жашыл балырлар

Булар Ысык-Көлдүн суусу аз минералдашкан жана суусу тунук аймактарында кездешет. Алардын ичинен жип сымал жана ийри-буйру формадагы лингбия балырлары кеңири тараган. Көлдүн суусунда дээрлик жыл бою кездешет. Мындан тышкары көк-жашыл балырлардын микроцистис, анабена, мерисмопедия, глеокапса жана осциллатория сыяктуу башка түрлөрү да бар.

 

Диатомдук балырлар

Булар суунун температурасы төмөн болгон жаз, күз-кыш мезгилдеринде басымдуулук кылышат. Алардын башкы өзгөчөлүгү – сыртынын кремнийден турган бекем кабыкча менен капталгандыгы. Аталган балырлардын циклотелла, синедра, навикула сыяктуу түрлөрү көп кездешет.

 

Жашыл балырлар

Булардын арасында абдан майда, микроскопиялык түрү, мисалы, ооцистис, сфероцистис жана анкистродесмус сыяктуулар көп болот. Алар жай мезгилинде, айрыкча тайыз жана суусу тузсуз булуңдарда жакшы өсүшөт.

 

Ири балырлар

Ысык-Көлдүн экосистеминде суу түбүндө өсүүчү ири балырлар – макрофиттер да өзгөчө мааниге ээ. Алардын ичинен хара балырлары жана тешиктүү рдест кеңири тараган. Тарак сымал рдест жана уруть сыяктуулары сейрек кездешет. Хара балырлары 10 метр тереңдиктен баштап кездеше баштайт. Ал эми 15-30 метр тереңдикте калың өскөндүктөн “хара шалбаалары” деп атаса болот. Көлдүн түбүн кооздоп турат. Хара балырларынын башкы касиети – көлдүн өзүн-өзү тазалоо процессине катышуусу. Алар суунун курамындагы эриген биогендик элементтерди, өзгөчө азот менен фосфорду өзүнө сиңирип, аларды өзүнүн өсүшү үчүн пайдаланышат. Ошондой эле майда балыктардын жашай турган жери болуп саналат.

 

Балыктын 7 түрү Ысык-Көлдөн башка жакта жок

Ысык-Көлдү гана байырлап, башка жакта кездешпеген эндемик балыктар бар. Алар ысык-көл жылаңач османы, ысык-көл маринкасы, ысык-көл чабагы, ысык-көл майда чабагы, ысык-көл гольяны, ысык-көл кумчулу (пескарь), ысык-көл ит балыгы (губач). Булардан тышкары кадимик сиг жана судак, севан форели, ак амур, карп, чыгыш лещи, күмүш түспөл карась, кытай элеотриси, амур ит чабагы, каңылтыр да бар.

Ысык-Көлдө жалпысынан балыктын 23 түрү жашайт. Өткөн кылымдан тарта Ысык-Көлдүн балык фаунасын реконструкциялоо иши башталган. Көлгө СССРдин Башкы балык чарба башкармалыгы тарабынан 1930-жылы жана 1936-жылы гегаркуни жилингири 2 партия менен коё берилген. Ал көлгө көнүп кетип, өзүн-өзү калыбына келтирүүчү популяцияны түзгөн. Ал жаш балыктарды жеп, ысык-көл османынын популяциясына белгилүү бир деңгээлде терс таасирин тийгизген. Көлдүн чыгыш бөлүгүндө ысык-көл ит балыгынын санын бир аз кыскарткан. Каңылтырлардын популяциясына жилингир олуттуу таасир тийгизген эмес. Анткени жаш каңылтырлар жээк тилкесинде жашап, жырткычтын кысымына кабылган эмес.

Судак коё берилгенден кийин ит балык көлдүн чыгыш бөлүгүндө дээрлик толугу менен жоголуп, азыр түштүк жээктеги Тоңдун Бар-Булак аймагынан жана Ысык-Көлдүн батыш бөлүгүндөгү Балыкчы булуңунда кездешет.

1954-1956-жылдары Ысык-Көлгө чыгыш лещи, 1958-жылы судак, 1964-жылы карп, карась жана линь, 1965-1968-жылдары севан сиги коё берилген. Балыктардын ичинен карп жана кытай элеотриси Ысык-Көлдүн жээк тилкесинде үстөмдүк кылууда. 2005-жылдан тартып көлдө кубулма жилингир (радужная форель) пайда болду, ал ысык-көл ит балыгын жеп, санынын азайышына таасир этти. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, 2024-жылдын май айында урук чачуучу жайлардан ит балык табылган жок.

 

Жип сымал балырдын көбөйүшү балыктарды азайтууда                                        

Акыркы жылдары Ысык-Көлдө жергиликтүү калктын, туристтердин жана эс алуучулардын саны өсүүдө. Мунун натыйжасында көлгө тиричилик саркынды суулары, ошондой эле айыл чарба жерлеринен суу менен кошо жуулуп келген жер семирткичтердин курамындагы азот жана фосфор сыяктуу биогендик заттар көп кошулуп жатат. Алар көлдөгү балырлар жана балыктар тарабынан сиңирилет. Бирок учурда көлдө балыктын саны абдан аз болгондуктан, органикалык булгоочу заттар көлдүн экосистеминде ошол бойдон калып жатат. Биогендик заттар көлдүн суусунда ашыкча топтоло берсе, айрым балырлардын массалык көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн. Жыйынтыгында суунун “гүлдөшү” жүрүп, балырлардын өлүп-чириши күчөйт. Алардын чириши суунун курамындагы кычкылтектин азайышына жана жалпы суунун сапатынын начарлашына алып келиши мүмкүн. Бул болсо туризмдин начарлашына алып келет.

Акыркы жылдары Барскоон жана Каракол аймактарындагы жээк тилкелеринде жип сымал балырлардын массалык көбөйүп, жээктеги таштарды каптап жаткандыгы байкалууда. Демек, көлдүн жээк экосистеминин абалы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Биогендик заттар жана бактериялардан улам балыктардын көбөйүү механизми бузулууда. Анткени балыктардын көпчүлүк түрлөрү икраны жээкке жакын таштуу тилкелерге ташташат. Икрадан балыктар өсүп чыгышы үчүн суу жана жээктер таза болушу керек. Учурда көпчүлүк урук таштоочу жерлер балыр, таштанды менен капталган. Икралар сапролегния грибогунан да жабыркап жатышат. Мындан алардын аман калуу пайызы абдан төмөн.

Ысык-Көлдө фитопланктондон баштап балыктарга чейинки бардык организмдер бири-бири менен тыгыз байланышта. Булардын ар бири көлдүн табигый экосистеминин туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү орунга ээ.

 

Соңку сөз...

Жыйынтыктап айтканда, Ысык-Көл туристтердин агылып келишине гана эмес, экологиялык кам көрүүгө да муктаж. Бүгүн камкордук көрүлүп, көйгөйлөрдүн тамырына эмитен балта чабылбаса, эртең Кыргызстан сыймыктанган тунук көл булгануудан улам экологияга орду толгус зыян алып келиши мүмкүн. Андай шартта туристтердин саны, казынага түшчү акчалар мааниге ээ болбой калары ырас.  

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1247, 13-19-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан