Бул жолу кыргыздын көрүнүктүү уулу, актёр Руслан Курманалиевди эскерип, анын актёрдук, инсандык бейнесине дагы бир ирет токтололу дедик. Руслан мырзанын өмүрлүк жары Гүлгаакы Жунушалиева жолдошунун баскан жолу, үй-бүлөдөгү орду, айтылбай калган сөздөрү жана өзүнүн жүрөктө калган арманы тууралуу кеп кылып берди. “Аттиң, дагы жашаса болмок” дейсиң, бирок тагдырдан ким качып кутулган...
– Саламатсызбы, Гүлгаакы айым? Эл Руслан аганы актёр, өнөр адамы катары тааныды, сиз болсо аны инсан катары жакындан билдиңиз. Жолдошуңуз кандай адам эле?
– Саламатчылык. Ачыгын айтсам, мага Русланды эскерүү абдан оор. Бирок элдин уулу болгону үчүн ал тууралуу айтып беришим керек. Ооба, эл үчүн Руслан сахнанын адамы, таланттуу актёр, мыкты образдарды жараткан чыгармачыл инсан болчу. Ал эми мен үчүн эң оболу үй-бүлөсүнө күйгөн, жүрөгү жумшак, адамгерчиликти бийик койгон, ак көңүл, жароокер адам эле. Сахнада көптөгөн каармандардын тагдырын жашап, ар кандай образдарды жаратса да, турмушта өзүнүн табигый мүнөзүн жоготкон жок. Адамдар менен бат тил табышып, улууну урматтай, кичүүнү ызаттай билчү. Бирөөгө жардам берүүгө шашылып турар эле.
– Чыгармачылыкка да абдан берилүү менен мамиле кылгандай сезилчү...
– Ооба, чыгармачылыкка мамилеси өзгөчө болчу, жумушуна абдан жоопкерчилик менен карачу. Театрда жумуш убактысы бүтсө да, жаңы образдар, идеялар жөнүндө ойлонуп-толгонуп жүргөнүн көп көрчүмүн. Көпчүлүк Русландын сахнадагы даяр образдарын гана көрдү. Мен болсо анын талыкпаган эмгегин, түйшүгүн, кубанычын, кээде ой-санаасын көрдүм.
Руслан үчүн актёрлук жөн гана кесип эмес, анын бүтүндөй жашоосунун маңызы, жүрөгүнүн тандоосу болчу десем жаңылышпайм. Кийинки муун билиши үчүн анын басып өткөн жолун айта кетейин. Ал чыгармачылык жолун жаш кезинде баштаган. Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда билим алып, алгачкы сахналык кадамдарын жасап, андан кийин театр искусствосунун чоң жолуна түшкөн. “Жайсаң” театрынан баштап, “Туңгуч” театрында, андан соң Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында эмгектенип, отуз жылдан ашуун өмүрүн сахнага арнады. Анын театрга болгон сүйүүсү өзгөчө эле. Театр анын экинчи үйү, кесиптештери экинчи үй-бүлөсү сыяктуу сезилчү. Театрда жана кинодо 80ге жакын образ жаратып, ырчылык, алып баруучулук, үн коштоо өнөрүндө да өз жөндөмүн көрсөттү.
2021-2024-жылдары театрдын көркөм жетекчиси катары эмгектенип, жамааттын чыгармачылык өнүгүшүнө да чоң салымын кошту.
– Кесиптештери “мүнөзү аябай жакшы эле” деп эскеришти. Сиз анын кайсы сапаттарын баса белгилейт элеңиз?
– Руслан сахнада да, экранда да токтоо көрүнчү. Үйдө деле ошондой токтоо, сабырдуу болуп, мүнөзүндө жылуулук, тамашакөйлүк, жашоого болгон өзгөчө сүйүү турар эле. Ата катары балдарына жакшы тарбия, туура багыт берүүнү маанилүү деп эсептечү. Адам болуш үчүн биринчи кезекте билим, тарбия, эмгекчилдик жана адамгерчилик керек экенин кайталап турчу. Күйөө катары болсо үй-бүлөнүн ынтымагын, тынчтыгын жогору койгон адам эле. Жумуштан үйгө келгендеги элеси, үнү, сүйлөгөн сөздөрү, жөнөкөй көз ирмемдери бүгүн мен үчүн эң кымбат эскерүүгө айланды. Мындай болот деп күткөн жок элек, жаш кетти, өкүнтүп кетти.
– Театр же кинодогу кайсы ролу ага өзгөчө жагарын айтчу беле?
– Руслан көп кырдуу актёр болгондуктан, анын ар бир образынын өзүнчө орду бар эле. Ал бир ролду аткарып коюу менен чектелбестен, ошол каармандын ички дүйнөсүн түшүнүүгө, анын мүнөзүн ачууга аракет кылчу. Көптөгөн образдары Русландын актёрдук чеберчилигинин ар түрдүү кырларын ачып берди деп ойлойм. “Курманжан датка” тасмасында Маматбайдын, “Той” тасмасында Асектин, “Үй-бүлө окуяларында” Азаматтын, “Талант жана тагдыр” сериалында Ыдырыс Асылбековдун, “Бакыт баасында” Адылдын жана башка көптөгөн образдарды жаратты. Кыргызча “Керемет көч” мультфильминде Актан менен Акылайдын атасынын үнүн аткарып, балдардын сүймөнчүлүгүнө ээ боло алды. Айтор, кайсы ролун өзгөчө жакшы көргөнүн так бир сөз менен айткан эмес. Бирок Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жаралган образдары анын чыгармачылык дүйнөсүндө өзгөчө орунду ээлеген деп ойлойм.
– Жолдошуңуздун чыгармачылык жолунда жубайы катары сиздин ордуңуз кандай болду?
– Жаңы образ алганда пьесаны менин алдыма коюп, “ушул ролго кандай карайсың?” деп кеңешип турар эле. Оюмду, кеп-кеңешимди, сунушумду айтып, мүмкүн болушунча колдогонго аракет кылдым. Мен үчүн жолдошумдун чыгармачылыгына кызыгуу менен мамиле кылуу, колдоо көрсөтүү маанилүү болчу. Спектакль чыкканда кайсы бир образдын ийгиликтүү чыкканын же кайсы бир каармандын мүнөзүн талкуулап калчубуз.
– Актёрдун эмгегин мамлекет канчалык деңгээлде баалай алды деп ойлойсуз?
– Русландын басып өткөн чыгармачылык жолун, Кыргыз театр жана кино искусствосуна кошкон отуз жылдык салымын, жараткан 80ге жакын образын эске алганда, “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти”, алтургай “Эл артисти” наамдарына да толук татыктуу болчу деп эсептейм. Бул менин өмүрлүк жары катары жеке пикирим гана эмес, анын дараметин жана маданиятка кошкон салымын билген адамдардын берген баасы. Русландын эмгеги убагында бааланса болмок деген өкүнүч бар. Руслан бүгүн арабызда болбосо да, анын үнү тасмаларда жаңырып, образдары сахнада жана экранда жашап, эмгеги аркылуу эл менен бирге болуп келет. Мен үчүн анын эң чоң наамы – эл сүймөнчүлүгүнө айланганы, эң кымбат сыйлыгы – артында калган өчпөс изи.
– Жашооңуздардагы кайсы бактылуу көз ирмемдерди көп эстейсиз?
– Адамдын жашоосунда бактылуу күндөр көп болот экен. Алардын баары эле чоң окуялар менен байланыштуу эмес. Кээде эң чоң бакыт – үй-бүлөң менен бир дасторкондо отуруп, балдарыңдын күлкүсүн угуп, жакын адамыңдын жаныңда экенин сезүү. Биздин жашообузда да бактылуу күндөр көп болду. Үй-бүлө курган кез, балдарыбыздын жарык дүйнөгө келген учурлары, алардын алгачкы кадамдары, ийгиликтери – ар бири өзүнчө бакыт! Русландын сахнадагы ийгиликтерин көрүп, сыйлыктарга ээ болуп, элдин алкышына татыган учурларында ага кошо кубанчумун. Анын жүзүндөгү кубанычты көрүү – мен үчүн чоң бакыт болчу. Азыр артка кылчайып карасам, эң бактылуу күндөрүбүз – бирге күлүп, бирге кыялданып, бирге жашаган жөнөкөй күндөр экен. Бакыт деген кээде өз учурунда байкалбаган, кийин жүрөгүңдө эң кымбат эскерүүгө айланган көз ирмемдер турбайбы...
– Жакын адамын жоготуу кимге болсо да оор. Сизди бул сыноодо ким же эмне чыйралтты?
– Жакын адамыңдан айрылуу – сөз менен айтып жеткире алгыс оор сыноо. Айрыкча өмүрлүк жарыңдан, балдарыңдын атасынан, дайыма кеңешип-сырдашып жүргөн жакыныңдан, бирге жашоону пландаган адамыңдан айрылуу адамдын жан дүйнөсүндө чоң боштук калтырат экен. Мындай учурда убакыт да баарын унуттура албайт. Болгону ал адамсыз жашоону үйрөнүүгө туура келет. Мени чыйралткан эң чоң күч – балдарым, жакындарымдын колдоосу жана элдин Русланга болгон урмат-сыйы болду. Анын чыгармачылыгын баалап, эскерип, жакшы сөздөрүн айтып, эмгектерин унутпай жүргөн адамдардын мамилеси мага чоң дем берет. Адамдын көзү өтсө да, анын жакшы аты, жасаган эмгеги, адамдардын жүрөгүндө калган элеси жашай берет экен.
– Балдарыңыз кантип көтөрдү жоготууну?
– Абдан кыйын болду. Анткени Руслан мыкты ата эле. Балдарынын келечегине кайдыгер карабаган, жакшы адам болуп чоңоюшуна, өз жолун табышына тилектеш болгон ата болчу. Руслан чыгармачылыктын адамы болгондуктан, балдары анын искусствого болгон сүйүүсүн, эмгекчилдигин, жоопкерчилигин көрүп чоңоюшту. Үйдө чыгармачылык дүйнөнүн таасири сөзсүз сезилип турчу. “Балдардын ар бири өзүнүн мүнөзүнө, кызыгуусуна, жөндөмүнө жараша жашоодон өз ордун табышы керек” дечү. Эң негизгиси – атасынын басып өткөн жолу, элге кылган кызматы, чыгармачылык мурасы балдары үчүн чоң үлгү. Мен ишенем, балдарыбыз атасынын атын сыймык менен алып жүрүшөт. Русландын эң чоң мурастарынын бири – анын артында калган жакшы аты жана мыкты тарбия алган балдары. Анын орду биз үчүн дайыма билинип турат. Мага берилген эң чоң бакыт – ушундай адам менен бирге өмүр сүрүп, анын сүйүүсүн, мээримин сезип, анын чыгармачылык жолунун күбөсү болгонум. Руслан Курманалиев деген ысым, анын эмгеги жана жаркын элеси элдин эсинде түбөлүк жашай берет деп ишенем!
Нуржамал Жийдебаева