Биз социалдык тармакта

ТҮНКҮ ЖАШООНУ ЖАКТЫРБАГАН ХАКАН ЧЕЛЕБИ

“Брутальный” деген комплимент сөздү көп угат экен бул актёр өз дарегине. Чынында эле сырдуу жана сүрдүү көз карашка, чыныгы мырзанын харизмасына ээ. Түрк киносундагы жаңыдан жылдызы жанып келе жаткан актёр Хакан Челебиге криминалдык, боевик, драмалык жанрдагы ролдор куп жарашкандай сезилет. Кинодогу образдарында көбүнчө кызуу кандуу адамдын ролун аткарган Хакан мырза жашоодо такыр башкача мүнөзгө ээ. Токтоо, жөнөкөй, ызы-чууну жактырбаган, үйүндө тынч отурганды сүйгөн адам экен...

 

Туулган жери: Түркия, Стамбул

Туулган жылы: 1999-жыл, 1-январь

Жылдыз белгиси: текечер

Бою: 180 сантиметр

Кесиби: актёр, модель

Тартылган белгилүү тасмалары: “Жер алды”, “Жапайы-2”, “Хаос анатомиясы”, “Түшүмдүү жер” жана башка

Сүймөнчүк...

Актёрдук чеберчиликти жана билимди Стамбулдагы көптөгөн атактуу актёр-актрисаларды таптап чыгарган Йедитепе университетинен алган. Кино багытына келерден мурун кандай жоопкерчилик жана кыйынчылыктар күтөрүн билген эле. Андыктан жогорку билим алууга олуттуу караган. Студенттик күндөрүндө окууга калбай же кечикпей барып, үлгүлүү жүрүм-туруму менен агартуучулардын эсинде калган экен.

Киного келгенден кийин да бул жүрүм-турумун өзгөрткөн жок. Тасма талаасына кечикпей барат, ар бир кызматкерге сый мамиле кылат, конфликттен качканга же аны жай сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет кылганы менен да тартуучу топ иштешкиси келген саналуу атактуулардын катарына кирет. Ал эми режиссёрлорго бой-келбети, сүрдүү жана өткүр көз карашы, каарманын ачууга кылган аракети, ошондой эле коңур үнү менен да жагат экен.

Алгачкы ролу

Хакан Челеби дебюттук ролу менен экранга 2022-жылы “Жеке сабак” аттуу романтикалык комедияда чыккан. Университетти бүткөндөн кийинки алгачкы профессионалдык долбоору эле. Бул тапшырманы ийгиликтүү аткарган жаш актёрго аттуу-баштуу продюсерлердин көзү түшүп, кийинки, биринчисинен чоң долбоорго чакырышкан. “Жапайы”сериалы 2023-2025-жылдар аралыгында экранга чыкты. Бул жылдар аралыгында жарык көргөн ондогон сериалдардын арасынан суурулуп чыгып, жогорку рейтингге жеткен саналуу долбоорлордун тизмесине илинген. Хакан мырза бул сериалдын 2-сезонунда Адем аттуу каарман болуп чыга келди. Дал ушул Адем ага популярдуулук алып келген жана көп кырдуу талантын көпчүлүккө көргөзгөн роль болду.

“Жер алды” – Паша Ханоглу

Ондогон мамлекетке сатылып, хит сериалдардын катарына кирген “Жер алды” сериалында Хакан Челебинин дагы бир амплуасы ачылды окшойт. Криминалдык картелдин мүчөсү Паша Ханоглунун ролунда болду. Сериалдын башында баш каармандын иниси катары эле чыккан экранга. Бара-бара жогоруда сөз кылган харизмасы, кызуу кандуулугу, үй-бүлөсү үчүн жанын бергенге даяр айкөлдүгү, күчтүү психологиялык мүнөзү менен көрөрманга жагып, анын каарманын сөз кылгандар көбөйдү. Хакандын арты менен Паша Ханоглу дээрлик башкы каарманга айланды десек болот. Аталган сериалдын экинчи сезону экрандан көрсөтүлүп жатат, эгер бул сериалдын көрөрманы болсоңуз Паша Ханоглунун, тагыраагы, Хакан Челебинин актёрдук талантына баа бере кетиңиз.

Эми негизги каарман

Кино дүйнөсүнө аралашканына 4 жыл болду. Айрымдарга бул көп убакыт, айрымдарга аз сезилеттир. Ушул 4 жыл аралыгында Хакан Челеби онго жакын кино долбоордо роль жаратты. Кайсы десеңиз: “Жер алды”, “Жапайы-2”, “Хаос анатомиясы”, “Түшүмдүү жер”, “Жеке сабак”, “Самын” жана башка. Анын карьерасы өзүнүн жашоосундай тартипке салынган тизмекте кетип бараткандай. Айрымдар бир тасма менен эле атактуу болуп кетип, кийин ал атактуулукту кармай албай калышат го. Айрымдар баарын нөлдөн баштап, анан көп жыл эмгектенип отуруп бийиктикке жетишет. Хакан мырза эки варианттын ортосундагы актёрлорго кошулат. Нөлдөн баштаган, ошол эле учурда атактуулук көп күттүргөн жок. Болгондо да экинчи планда жүрүп дүйнөлүк атактуулукту багындыра алды.

Эми ал негизги каарман... 2026-жылдын эсебинен Хакан Челеби биринчи жолу баш каармандын ролуна тартылган “Гүл кармаган кыз” (“Флористка кыз”) аттуу сериал учурда тартылып жатат. Хакандын өнөктөшү, дагы бир таланттуу актриса (“Мени ук” сериалы менен белгилүү болгон) Хелин Кандемир. Эки таланттын кызыктуу тандеминен кызыктуу телебаян күтөбүз.

Жашоодо...

 “Мен түнкү ызы-чуулуу жашоону, түнкү клуб, көп адам чогулган кечелерди жактырбаган адаммын. Керекпи күндүз деле үйдөн көп чыга бербейм...” дейт интроверттик мүнөзүн ачыктаган актёр.

 ЗОЖ-эрежелери. Ден соолугуна олуттуу көңүл бөлөт. “Эзели тамеки чегип көргөн эмесмин, чекпейм дагы” деген актёр алкоголдук ичимдиктерден да түбөлүк баш тартканын айтат. Спорт менен машыгат, муну керилген келбетинен эле байкасаңыз болот го дейм.

 Мындай мырзанын романтикалык жашоосу активдүү болсо керек деп ойлойсуң. Анткени Хакан Челеби али бойдок статусунда жүрөт. Жеке жашоосун болушунча көпчүлүктөн жашырганга аракет кылат. Жалпыга маалымдоо каражаттарына анын өзүнөн 10 жаш кичүү актриса Улькю Хиляль Чифтчи менен жакын мамиледе деген жаңылыктар байма-бай чыгып турат. Улькю Хиляль Чифтчи “Жер алды” сериалында Мелек аттуу Пашага (Хакан Челеби аткарган каарман) ашык кыздын ролун аткарат. Актрисанын атасы Хакан Челебини сотко берген “жашы жете элек кызым менен сүйүү мамилесин курган” деп. Бул кабар чыкканда көпчүлүк шок болгон. Кийинчерээк “эч кандай далил жоктугуна байланыштуу кылмыш иши козголгон жок” деп маалымат тараткан укук коргоо органдары. Буга байланыштуу актёр эч кандай билдирүү тараткан эмес.

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1247, 13-19-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан