Биз социалдык тармакта

Нуртилек Касым уулу, спортчу: “КОЛ КҮРӨШ СПОРТУНА КОКУСТАН АРАЛАШЫП КАЛДЫМ”

Кол күрөш же армрестлинг – билеги күчтүүлөр үчүн спорт түрү. Каарманыбыз Нуртилек Касым уулу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай Азия оюндарынын 2 жолку, Кыргызстандын 2 жолку чемпиону болууга жетишкен. Дүйнөлүк чемпиондукта күмүш медалды  багындырган. Спортко кантип кызыгып калганы, чет элдик кайсы кол күрөшчүлөр менен дос экени, максаттары тууралуу айтып берди.  

 

“Жүлүндөн суу алышканда баспай калгам”                                 

– Ош облусунун Ноокат районунда 1996-жылы 1-мартта туулгам. Бир жашымда катуу ооруп калып, ооруканада жүлүндөн суу алып текшерүүдө нервдерге доо кетиптир. Бул аз келгенсип, дарыгерлер дарылоо учурунда оң жамбашымды чыгарып алышыптыр. Ошондон улам баспай калгам, диагнозум – балдардын шал оорусу. 1-класстан 5-класска чейин мектепке апам көтөрүп барып жүрдү, анткени атам иште болчу. Кийин майыптар арабасы менен классташтарым алып бара башташты. Сабактардан кыргыз тили жана адабиятын жакшы көрүп окудум. Атамдан шашки ойноону үйрөнгөм. 3-декабрь – Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнү. Бул күнү айыл өкмөт бизди райондук спорттук иш-чараларга катыштырчу. Ал жактан шашки мелдештерине, майыптар арабасы менен жарышууга катышчу элем. 8-классымда ошондой араба менен жарышта райондон 1-орунду алып, анан облустук мелдешке катышканым эсимде.                            

 

“Алгачкы беттештен кийин кызыгып калдым”                                               

– Ош облусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коому бар. 2019-жылы 23-февралда ошол коомдогу агалар болуп жүрсөк, Ошто кол күрөш боюнча облустук турнир болуп жатыптыр. Кызыгып, барып катыштык. Кол күрөш боюнча пара-армрестлинг боюнча Республикалык чемпиондукка тандоо жүрүп жатыптыр, көрсө. Ошол кезде салмагым 47 килограмм болчу, тандоо турунда салмак категориялар каралбайт экен. Бирок баарын тең утуп, ошондо өзүмө ишенич пайда болду. 2019-жылдан 2021-жылга чейин машыктыруучум Абдыгапар Бобулов болду. Ал мени кол күрөштүн эрежелери, сырлары менен тааныштырып, чемпиондукка даярдай баштады. Ошентип, 2019-жылы Республикалык пара-армрестлинг чемпиондугуна катыштым. Салмак категория бул спортто 55 килограммдан башталат. Салмагым 47 килограмм экенине карабай 55 килограмм салмактагылар менен күч сынашып көрүүгө туура келди. Мен оң кол менен да, сол кол менен да күрөшө берем. Оң колум менен тирешип 2-орунду, сол колум менен 3-орунду камсыз кылдым. Бул мен үчүн чоң жеңиш болчу, абдан кубандым.                                  

 

“Күчтүү, өжөр экенсиң деп таң калышты”                                          

– Ошол эле 2019-жылы пара-армрестлинг боюнча Азия чемпиондугу өтүп, ага катыштым. Өз салмагымдан 8 килограмм ашыкча салмактагылар менен тирешүү оор болду. Анын үстүнө алар улуу кишилер болгондуктан, күчтүү жана ыкмаларга бай болчу. Ага карабастан намыстанып, күчүмдү жыйнап оң колум менен 1-орунду, сол колум менен 2-орунду ээледим. Ошентип куржунума 1 алтын, 1 күмүш медаль салып келдим. Ошондо спортчу агалар “бизден кичүү, бирок күчтүү, өжөр экенсиң” деп таң калышты. Машыктыруучум, эл, үйдөгүлөр мени абдан колдоп, жакшы сөздөрүн айтышты. 2019-жылдын ноябрында пара-армрестлинг боюнча Дүйнө чемпиондугу Румынияда өттү. Мени менен беттешке Украина, Казакстан жана Тажикстандын спортчулары чыгышты. Бирок энергиям толук болбой, анын үстүнө ал жактын климатына ыңгайлаша албай, 4-орунду алып калдым.


“Күрөштө күч гана эмес, акыл да керек”

– Ошентип, жашоомдо ийгилик тилкелери башталды. Өжөрлөнүп машыгуумду улантып жүрдүм. 2020-жылы пара-армрестлинг боюнча Республикалык чемпиондукта 2-орунга ээ болдум. Ушул эле жылы Казакстанга пара-армрестлинг боюнча Азия оюндарына барып, оң колум менен 2-орунду, сол колум менен 3-орунду багынттым. Бирок өкүнүчтүүсү, ушул жылы өткөн Дүйнөлүк чемпиондукка катыша албай калдым. Даярдыгым жакшы эмес эле, анын үстүнө каржылык жактан да маселе жаралды. Чет өлкөлүктөр менен күч сынашканда алардан өзүбүз билбеген ыкмаларды да үйрөнүп алабыз. Жеңишке жетүүдө күч гана эмес, акыл да керек болот. 2021-жылы Республикалык чемпиондукта 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагындым. “Жылдын мыкты спортчусу” наамы да ыйгарылды.                   

 

“Максатым – дүйнө чемпиону болуу”                                             

– 2022-жылы Өзбекстанга Азия оюндарына барып, 2 жана 3-орундарды ээледим. 2023-жылы Казакстанда өткөн пара-армрестлинг боюнча Азия оюндарында да көрсөткүчүм жаман болгон жок, 2-орунга татыдым. Спорттук коом мага “Ош облусунун мыкты спортчусу” наамын ыйгарышты. Ушул эле жылы Түркияда Дүйнө чемпиондугунда 2-орунга чыктым. 2025-жылдан бери машыктыруучум Мыктыбек Абдырасул уулу. 2025-жылы да маанилүү беттештерде 1-2-орундарды багындырып жаттым. 2026-жылы 65 килограммдык салмак категорияга өттүм. Азия чемпиондугунда 1-2-орундарга жетиштим. Индиянын Дели шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугуна бара алган жокмун. Максатым – дүйнө чемпиондугунда алтын медаль утуу.        

 

“Оңой көрүнгөнү менен, кыйынчылыгы бар”                                  

– Чет элдик пара-армрестлинг спортчулары менен чемпиондуктарга катышып жүрүп, айрымдары менен дос болуп калдым. Алар казакстандык Никита Ермаков, тажикстандык Зиёдулло Баратов. Экөө тең чемпион. Кол күрөш жөнөкөй көрүнгөнү менен, өз эрежелери, кыйынчылыктары бар. Күч сынашууда жок дегенде 1 жамбаш отургучка толук тийип турушу керек. 2 жамбашты тең көтөрсөң фол (эрежени бузуу) болуп эсептелет. Ошондой эле спортчу буйрук бериле электе кыймылдаса же таймаш учурунда чыканагын жаздыкчадан көтөрүп алса, эскертүү берилет. Эки жолу эреже бузган катышуучуга жеңилүү жазылат. Эгер атаандаштын колу ажырап, тайып кетсе, калыс оюнду токтотуп, 30 секунддук тыныгуудан кийин колдорун атайын страптап (ремень) менен байлап кайра баштайт. Бул жол-жобо беттешүүнү бирдей шарттарда аяктоого мүмкүндүк берет жана алсызыраак катышуучуга кармоодон атайылап суурулуп чыгууга жол бербейт. Күч сынашууда колдор жарасы, чийилген, тытылган жерлери жок, таптаза болушу шарт. Тырмак кыска алынат. Ошондуктан турнирлерге жакын колдорубузду этияттап калабыз.                                      

 

“Айылда жашап, мал карайм”                       

– Учурда айылда жашайм, үйдөгүлөрдүн жардамы менен сатып алган жеке автоунаам бар. Таксист болуп да иштеп калдым. Айылда мал багып-сатуу иштери менен алекпиз. Атам оор жүк ташуучу унаа айдайт, апам үй кожойкеси. Бир карындашым бар.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1247, 13-19-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан