Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2026-жылдын январь – август айларында 12 миллиард 17,4 миллион долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,3 пайызга көбөйгөн. 2026-жылы Кыргызстан сыртка эмнелерди сатып, эмнелерди импорттогонуна сарасеп салып көрөлү.
Импортко көз карандылык күчүндө
Статистикага таянсак, 2026-жылы экспорт кескин жогорулады. Буга чейин өткөн жылдардын көлөмүнө жете албай жаткан Кыргызстандын экспортунда байкаларлык өзгөрүүлөр болду. 2026-жылдын январь — август айларынын жыйынтыгы боюнча, чет өлкөлөргө экспорт 19,05 пайызга өстү. Жыйынтыгында экспорттун суммасы 2 миллиард 278,5 миллион долларды түздү.
Анын ичинен Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен товар жүгүртүү 4,3 миллиард долларга жетип, 5,5 пайызга өскөн. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасында эң чоң үлүш Орусияга (64,5 пайыз) жана Казакстанга (32,7 пайыз) туура келген. Жалпылап айтсак, Кыргызстандын экспорт боюнча мыкты өнөктөштөрү Швейцария, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кытай эсептелет.
Импорт 11,9 пайызга өсүп, 9 миллиард 738,9 миллион долларга жетти. Демек, Кыргызстандын импортко көз карандылыгы жогору бойдон калууда. Өлкөгө сырттан алынып келинген товарлардын үлүшү жалпы товар жүгүртүүнүн 81 пайызын түзөт.
Кыргызстан 8 айда эмне экспорттоду?
Экспорт дегенде адегенде эле эске алтын түшөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына карап көрсөк, Кыргызстан 8 айда 770 миллион долларга алтын сатты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 72,5 пайызга көп. Сатып алган негизги өлкө Швейцария болду, 8 айдын ичинде ал жакка 707,6 миллион долларлык 5,18 тонна алтын жөнөтүлгөн. Бул өлкөнүн жалпы алтын экспортунун дээрлик 92 пайызын түзөт.
2-орунда Улуу Британия. Ал жакка 63 миллион долларга 485,9 килограмм алтын жеткирилген. Экспорт өзгөчө жай айларында кескин өстү. Июль жана август айларында эле чет өлкөгө болжол менен 741 миллион долларлык алтын жөнөтүлгөн. Алтындан сырткары Кыргызстан баалуу металлдардын рудаларын жана концентраттарын да экспорттойт. Январь — август айларында бул продукцияны Казакстанга жеткирүү 134,3 миллион долларга, ал эми Кытайга жөнөтүү 105,9 миллион долларга жетти. Ушинтип, Швейцария жылдын алгачкы 8 айында наркы боюнча кыргызстандык товарларды сатып алган эң ири рынокко айланды.
Мотоцикл, мал, дөңгөлөк...
Кыргызстан сыртка дагы эмнелерди сатканын карап көрөлү. Казакстан менен Өзбекстанга 194 баш тирүү ат, эшек, качыр, 30 391 баш ири мүйүздүү мал, 9080 баш үй канаттуулары сатылган. Жаңы уй эти жана тоңдурулган уй эти Орусияга 65,6 тонна жөнөтүлгөн. Тоңдурулган 20 тонна уй эти Беларусь, Казакстан, Орусияга 80,3 миң долларга сатылган. Ошондой эле сыртка азык-түлүктөрдөн балык, сүт, йогурт, сүт сары суусу, сыр, быштак, жумуртка, бал, жашылчалар, буурчак, жүгөрү, күрүч, ун, кара буудай, күн карама даны, кант кызылчасы, колбаса, ун азыктары, жаңгак, как сыяктуулар сатылган. Азык-түлүктөрдүн эң көбү коңшу Казакстанга, Орусияга сатылган. Булардан тышкары мрамор, травертин курулуш материалдары да сыртка чыгарылган. Айрым товарлар, мисалы, минералдык суулар, самын, ири мүйүздүү малдын териси, макулатура Казакстанга, сыра, туз, гипс Тажикстанга, кокс жана битум кийим-кече, оюнчуктар Өзбекстанга, чач Кытайга жиберилген. Таралбаган пахта буласы Иран, Кытайга сатылган. Кызыгы, Кыргызстандан тышка 180 даана мотоцикл экспорттолгон. Мисалы, Казакстанга 100, Кытайга 5, Польшага 25, Орусияга 28, Өзбекстанга 11, Швейцарияга 11 даана.
785 250,9 тонна таш көмүр сыртка чыгарылып, анын 31 527 тоннасын Кытай, 1725 тоннасын Литва, калганын Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан сатып алган. Жаңгактарды сатып алуучулардын ичинде башка өлкөлөр менен катар Азербайжан, Ооганстан, Германия, Грузия, Ирак, Иран, Казакстан, Катар, Румыния да бар. Кургатылган жемиш, жаңгактардын аралашмаларын 20дай өлкө сатып алган. Алардын катарында Корея Республикасы, АКШ, Сербия, ошондой эле өтө аз алган Япония бар.
Ичеги-карын да сатылган
Ичеги-карын 678 тонна чыгарылган. Анын 611 тоннасын Вьетнам, 22 тоннасын Грузия, 45,4 тоннасын Түркия сатып алган. 458,9 тонна жүгөрүнүн көп бөлүгүн (106,7 тонна) Ооганстан сатып алган. Парфюмерияда колдонулуучу өсүмдүктөр 41,6 тонна чыгарылып, Индия, Испания, Кытай, Орусияга жөнөтүлгөн. Дөңгөлөктөр да экспорттон кем калган эмес. Сыртка 50 182 даана чыгарылып, аларды Ооганстан, Беларусь, Казакстан, Кытай, БАЭ, Орусия, Швейцария алган. Ушул эле мезгилде Орусияга 79,7 миллион долларга транспорт каражаттары жана алардын тетиктери, ошондой эле 57 миллион долларга кийим-кече, аксессуарлар жана башкалар экспорттолгон.
850 тонна кофе ташылган
Кыргызстанга 8 айдын ичинде 106 116 жеңил унаа импорттолгон. Көп алынып келинген өлкөлөр: Кытай – 50 260 даана, Түштүк Корея – 36 924, АКШ – 5955, Япония – 3207, Германия – 2926, Канада – 2079, Орусия – 1759, Мексика – 616, Польша – 580, БАЭ – 398, Грузия – 266, Улуу Британия – 114.
Улуттук статистика комитетине таянсак, Кыргызстан уй этин экспорттоп гана чектелбей, импорттойт дагы. Мисалы, 8 айда 83,9 тонна жаңы уй эти Беларустан, ал эми 410 тонна тоңдурулган уй эти Беларусь, Индия, Казакстан, Орусия, Украинадан алынып келген. Тамак-ашка колдонулуучу үй малынын ич эттери Индия, Казакстан, Орусия, Эстониядан алынып келинген. Тоңдурулган балыктар Бразилия, Германия, Дания, Исландия, Казакстан, Кытай, Латвия, Норвегия, Орусия, Фарер аралдарынан (Даниянын автономдуу облусу), Чили, Эстониядан алынып келген. 4146 тонна быштак 9 өлкөдөн, анын ичинде Монголиядан импорттолгон. Картошка бир топ өлкөлөрдөн: Иран, Нидерланд, Монголия, Кытайдан келген. Алжир, Египет, Израил, Иордания, Иран жана башка бир топ өлкөлөр курма, анжир, ананас, авокадо, манго сатышкан. 849,2 тонна кофе импорттолгон: Вьетнам, Колумбия, Кения, Перу, Руанда, Сальвадор, Сингапур, Эфиопия жана башка. 2553,8 тонна чай 18 өлкөдөн алынып келген.
Кытайдан коргошун да келет...
Иштетилбеген 82,6 тонна коргошун Кытай, Орусиядан ташылса, кант Бразилия, Тайвандан бери келген. Дары-дармектер 50 өлкөдөн импорттолгон. Жер семирткич, клей, тиш пасталары, антифриз, силикон, пластмасса тара, кагаз жана картон тара, майлоочу майлардын көп бөлүгү Европадан ташылган. Мык, винт, курулушка керектүү түтүктөр, кир жуучу машина, тиричилик жана ашкана техникасы, телевизор жана башкалар Кытайдан жеткирилген.
Канымжан Усупбекова