Бул аптанын каарманы, ырчы Гүлназ Чыныбек кызы эми продюсер катары да өз күчүн сынап жатат. Жакында дүйнөлүк музыкант Лео Рохас менен дуэт аткарууга да даярданып жатканы анын чыгармачылыктагы жаңы амбициясын айгинелейт. Маек ушул өңүттө болду.
– Кандайсыз, Гүлназ? Руандага барып, жаш күйөрмандарыңызга жолугуп келдиңиз. Сизди алыскы Африкага эмне жетеледи?
– Жакшы, рахмат! Бул саякат менин чыгармачылыгымдагы эң маанилүү окуялардын бири болду. Башында руандалык балдар менин ырыма бийлеп чыгышканда жакшы контент болот деп эле ойлогом. Бир күнү алар мени “апа” деп атап, соцтармакка тарыхча киргизишти. Ошондо жүрөгүм элжиреп кетти, ал жакка барууну ойлоно баштадым. Ал жактан клип да тартып келдик, өмүрүмдө Африкага барып клип тартам деп ойлогон эмесмин. Бул саякатты жашоомдогу чоң белек деп кабыл алдым.
– Ал жактагы жашоо, элдин маанайы сизге кандай таасир калтырды?
– Мени катуу таасирлентти десем болот. Анткени ырыма бийлеп чыккан топ руандалык жакыр үй-бүлөдөн чыккан таланттуу балдардан түзүлүптүр. Жашоонун сыноосуна карабай балдардын көзү жанып турат экен. Эмне жаңылык жаратып жиберсем деп күйүп-жанып турган балдар мени катуу таасирлентти. Анан ал жактагы эл бизге окшоп “ага жетпейт, буга жетпейт” деп наалыбай, шайыр-шатман жүрө беришет экен.
– Сиз айтып жаткан топту Кыргызстанга алып келип, кайра узаттыңыз. Чыгымын ким каржылады?
– Африкага бара элегимде эле ал балдарды Кыргызстанга алып келип, алар менен чогуу концерт койгум келген. Бул сунушум менен Маданият министрлигине кайрылганымда “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келишсин, ошондо жакшы болот. Андан кийин сен концертиңди коё бер” дешти. Колдоо көрсөтүп беришти. Африкага барганыбызда бул тууралуу сүйлөшүп, балдарды алып келдик. Алар үчүн да жакшы болду. Муну менен эле чектелип калбастан, дүйнөлүк музыканттар менен тыгыз байланышайын деп ниет кылып жатам. Көчмөндөр оюндарына келген дүйнөлүк музыкант Лео Розаска дуэт ырдайлы деп сунуш кылсам, макул болду. Ал музыкалык аспап чертип, мен ырдап, жакшы дуэт кылабыз, буюрса...
– Чыгармачылыкта активдүү иштеп келе жатасыз. Өчүп же басаңдап кетпейин деген аракеттен уламбы же башка себеби барбы?
– Так себеби ушул деп айта албайм. Анткени чыгармачылык бир калыпта болбойт экен, кээде өйдөлөп, кээде ылдыйлап дегендей... Жогорудагы окуяларга чейин ооруп калып операция жасаткам. Ошондо бир топ убакытка эс алгам. Ошол эс алуудан кийинки энергиям ушул окшойт деп ойлоп жатам. Анткени ар бир кыйынчылыктын аркасында жеңилдик келет дейт эмеспи. Ошол убакта “эгерде Жараткан мага бул сыноону берсе, сөзсүз артында жакшылык бар” деп ойлогом. Ошентип от алып кетти окшойт.
– Продюсерликке келүүңүзгө эмне түрткү болду, башкалардын талантын ачуу кызыктуураак сезилип жатабы?
– Продюсерлик кылуу оюмда бар эле, бирок азыр эмес деп ойлочумун. Анткени өзүмдүн чыгармачылыгымды жакшы бир деңгээлге чыгарып, андан кийин бир аз эс алгым келгенде бул ишке киришсем деп ойлогом. Буга чейин ата-энелерден “кызымды угуп көрсөң, баламды байкап көрсөң” деген сунуштар болуп турчу. Продюсерликти аябай жоопкерчиликтүү иш деп, баш тартып койчумун. “Биз жолуктук” долбооруна Бейше деген жигит келип калды. Ырдаганын уксак үнү аябай жакшы экен, өзү да харизмалуу жигит, сахнанын адамы экенин байкадым. “Эмнеге сахнага чыкпай жүрөсүң?” деп сурадым. Көрсө, 5-6 жылдан бери Москвада кабактарда ырдап жүрүптүр. Эл аралык сынактарга да катышып жүргөн экен, бирок мен билчү эмесмин. Билген кеңештеримди айтып жаттым, бир күнү өзү сунуш кылып калды “продюсер болуп бериңиз” деп. Ошентип иштешип калдык. Талантына баа бердим, мындай балдар сахнада болуш керек да. Ал бардык жанрда ырдай алат. Чет өлкөгө чыгып элибиздин желегин желбиретип, кыргыздын Димашы боло турган бала. Буюрса, жакшы ниеттер бар.
– Азыр коомдо өмүрлүк түгөйүн таба албай жаткандар көп. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Ооба, түгөйүн таба албай жашы өтүп бараткандар көп болууда. Бул социалдык көп көйгөйлөрдү пайда кылчу маселе. Менимче, мунун көп себеби бар. Анткени азыр жашоо образыбыз башкача болуп баратат, үй-бүлөлүк баалуулуктар өзгөрдү. Социалдык тармактардын таасири болушу мүмкүн. Батыш өлкөлөрүнүн таасири бар, мурун 30га чыкканча турмуш курбай жүргөндөрдү трагедия катары карашчу. Азыр нормалдуу эле көрүнүш болуп калды. Негизи эркекте да, аялда да үй-бүлөдөн алган тарбиясына, тажрыйбасына карап мамиле курулат экен. Айтайын дегеним, бирөөнүн шаблону бирөөгө такыр туура келбей калышы мүмкүн. Эки тарап тең бири-биринен көп нерсе күтүп алат экен да, күткөнүндөй болбой калса көңүл калуу боло берет тура. Ошондуктан көп нерсе күтпөй, сүйүктүүсү кандай болсо ошондой кабыл алганга аракет кылса туура болот го.
– Турмушка чыгам дегендей кылдыңыз эле мурунку интервьюңузда...
– Ниетим бар, тилегим бар турмушка чыгууга. Анткени Кудай бизди жуп-жуп болуп жашоого ыңгайлаштырган да. Төбөң көккө жетсе да баары бир түгөйүң болушу кажет. Болбосо бизди аял-эркек деп айырмалап, бири-бирибизге муктаж кылып жаратпайт эле да. "Мага такыр күйөөнүн кереги жок" дегендерден эмесмин. Насип болгон күнү түгөйлүү болом деп ниет кылып келем.
– Жашооңузда азыр эмнени өзгөрткүңүз келет же баары ордунда калышын каалайсызбы?
– Азыркы турган турпатыма, жашоомо ыраазымын. Ушул курагым аябай жагып жатат өзүмө. Ар бир күндөн, ар бир учурдан ырахат алып жашоону үйрөнүп жатам. Кудайдын дагы мага арнаган жакшы күндөрү көп деп ойлойм.
– Пландарыңыз...
– Чыгармачылыкка аттанганыма эмдиги жылы он жыл болот. Ошонун урматына чоң программада шоу-концерт берсем деп пландап жатам. “Бишкек Аренада” өткөрсөмбү деп ойлоп, кайра ал жакка дух жетпей кетет (күлүп). Айтор, ушул чоң концерт тууралуу ойлонуп жүргөн учурум.
Нуржамал Жийдебаева