Биз социалдык тармакта

Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

 

– Мага го баары бир. Жашооңду жаша, бирок Деңиздин энеси экендигиңди өзгөртө албайсың.Ар ким өз уяты менен жашайт!

Ушинтип айтты, телефонду өчүрдү.  Илим телефонду койгондон кийин көпкө чейин кыймылдабай отурду. Арина кеткенден кийин үйдүн ичи бошоп калды. Бирок Илим үчүн эң оор нерсе аялынын жоктугу эмес эле. Деңиздин апасын издеген көздөрү болчу. Бала кээде эшик тарапты карап, бирөөнү күткөндөй колун сунчу.

Түн ортосу. Деңиз уктап жатат. Илим уулунун керебетинин жанында отурат. Баласынын кичинекей колун алаканына салып, көпкө карап калат.

– Билесиңби, балам, мен да сендей кичинекей кезимде энемди жоготком. Ал мени эки жашымда таштап кеткен экен. Мен ал кезде эч нерсени түшүнчү эмесмин. Кийин чоңойгондо гана анын жоктугун түшүнө баштадым. Кээде энемди эстегенге аракет кылам. Бирок жүзүн элестете албайм. Үнүн эстей албайм. Мени кантип эркелеткенин билбейм. Балким, эркелеткен да эместир...Мен бир кезде энемди аябай издегем. Башкалардын апасын көрүп, өзүмдүкүн ойлочумун. Кээде бир аялдын артынан ээрчип, «апамбы?» деп караган күндөрүм да болгон. Ошол күндөрдү эстесем, жүрөгүм ооруйт. Мен сени эч качан андай абалга калтырбайм деп ойлогом. Эненин мээримин да, атанын мээримин да сезип чоңойсун дегем. Бирок эми сен да менин тагдырымды кайталай тургандайсың...

Илим уулунун чекесинен өптү. Көзүнөн жаш чыкты.

– Мен сага энеңдин ордун толтура аламбы, балам? Билбейм. Бирок мен сени эч качан таштабайм. Сен менин уулумсуң. Мен сени эч нерсеге карабай сүйөм.

Ал уулунун жанында көпкө чейин отурду. Ошол түнү Илим бир нерсени түшүндү: ал өмүр бою энесинин таштап кеткенин жеңүүгө аракет кылып келген экен. Эми болсо уулун ошол эле тагдырдан сактап калуу үчүн күрөшүшү керек эле. Илимдин ичинде Аринага карата таарыныч, түшүнбөстүк бар эле. Бирок ал бул таарынычын баласына билдирбөөгө аракет кылды. Деңиз чоңойгондо апасы жөнүндө жаман сөз укпасын деди.

Ал эми Арина ата-энесинин үйүндө өзүн эркин сезүүгө аракет кылып жатты. Алгач достору менен жолугуп, мурдагы жашоосуна кайтып баргысы келди. Бирок кээде түн ичинде Деңиздин жыты, анын үнү, кичинекей алаканы көз алдына келе калчу. Көз жашы өзүнөн-өзү акчу. «Мен жаман эне эмесмин. Болгону өзүмдү сактап калгым келет. Ар бир адамдын өз жашоосун жашоого укугу бар...» Ушундай күндөр өтүп жатты.

ххх

Илим болсо түнү менен баласын карап, араң көз илинтчү. Бала ачка болуп ыйлаганда шашып сүтүн даярдачу. Кээде сүттүн температурасын текшерип жатып, өзү да уйкулуу көздөрү менен эмне кылып жатканын аңдабай калчу. Деңиз тамакты төгүп, кийимин булгап, кайра-кайра алмаштырууга туура келчү. Эркек болгон үчүн, тажрыйбасы болбогон үчүн кыйын эле алгач күндөрү.

Илим жумушка кечикпеш үчүн баласын шашылыш кийинтчү. Бирок Деңиз кийим кийгиздирбей тыбырчылап, ыйлап, колун атасына сунчу. Аны кучагына алганда гана тынчтанчу. Бир күнү Илим баласын убактылуу баккан аялга калтырып, жумушка кетүүгө аргасыз болду. Эшиктен чыгып баратып, баласынын ыйлаганын угуп, кадамын токтотту. Кайра кирип, уулун кучактады. Деңиз атасынын көйнөгүн бекем кармап, коё бербей жатты.

– Балам, атаң азыр келет. Аз эле убакытка барам,- деди ал.

Албетте, Деңиз анын сөзүн түшүнгөн жок. Болгону атасынын кучагынан ажырагысы келген жок. Илим эшикти араң жаап чыкты. Жумушта көңүлү ордунда болбоду. Телефонун улам карап, баласын ойлой берди. Жумушту да жакшы иштей албай кафедранын башчылыгынан кетип, жөн эле окутуучу болуп калды. Эң оор күндөрү Деңиз ооруканага түшкөндө башталды. Жүрөгүндө бир нече тешик болгондуктан, аны оорутпай караш керек болчу.Бирок алсыздыгынан улам ооруп кала берчү.

Бир түнү баланын дене табы көтөрүлүп, дем алуусу кыйындап, оозу көгөрүп, шалактап калды. Илим аны көтөрүп алып улам чекесин кармап, денесин сүртүп, эмне кыларын билбей калды. Документтерин, кийимдерин, керектүү буюмдарын шашылыш чогултуп, ооруканага жөнөдү. Ооруканада дарыгерлер баланы текшерип жатканда Илим коридордо ары-бери басып жүрдү. Бир маалда дарыгер чыгып:

– Азырынча көзөмөлдө болушу керек. Дарылануу талап кылынат,- деди.

Илимдин жүрөгү түшүп кетти. Ошентип ооруканадан баштары чыкпай калды. Ал Деңиздин жанында түнү бою отурду. Бала улам ойгонуп, ыйлап, атасын издеп колун сунду. Илим аны көтөрүп, көкүрөгүнө кысып терметти. Кээде өзү да көзүн жумуп, отурган жеринде уктап кетчү. Бирок Деңиздин кыймылынан дароо ойгончу. Баласына келгенде өтө сезгич эле. Жакшы болуп үйүнө келишкенде Илим кимден жардам сураарын көпкө ойлонду. Анын кайрылып бара турган адамы жоктой сезилди. Достору бар эле, бирок бир жаштагы баланы күн сайын карап берүү оңой эмес болчу. Акыры көптөн бери байланыша элек апасы Айымды эстеди.

Илим үчүн апасына телефон чалуу оңой болгон жок. Арадан канча жыл өтсө да, бала кезинде жүрөгүнө түшкөн жара толук айыккан эмес.

Ал телефонун колуна алып, көпкө чейин номерди карап отурду. Акыры чалды.

– Алло, апа...

– Илим? Кандайсың, балам?

– Жакшы... Бир нерсе сурайын дегем.

– Айта бер, балам.

Илим бир азга унчукпай калды. Анан араң сүйлөдү.

– Деңиз экөөбүз кыйналып жатабыз. Арина кетип калды… Оорулуу баланы бакпайм деди. Жумушума жетише албай калдым. Баланы караганга киши керек болуп жатат. Мүмкүн болсо... келип, бир аз карап бере аласызбы?

Телефондун ары жагында жымжырттык өкүм сүрдү. Айым уулунун өтүнүчүнөн эмес, анын үнүнөн чочуду. Буулугуп, азыр ыйлап жиберчүдөй эле.

– Барам, балам. Эртең эле барам,- деди Айым акырын.

Илим «рахмат» деп телефонду койду. Бирок ичинде жеңилдөө менен кошо түшүнүксүз оор сезим пайда болду. Ал апасын кечирдиби же жокпу, өзү да билген жок. Болгону Деңизге  анын жардамы керек эле.

Эртеси Айым жүктөрүн көтөрүп, уулунун үйүнө көчүп келди. Көптөн бери көрбөгөн небересин колуна алганда көзүнө жаш тегеренди. Деңиз адегенде чочуп, атасына жабышып алды. Айым аны кучагына алууга аракет кылды, бирок бала чоң апасына эмес, атасына колун созду.

– Келчи, жаным. Чоң энең сени көтөрүп алсынчы,- деп акырын эркелетти.

Деңиз дагы ыйлады. Айым баланы кайра Илимге карматты. Бул кичинекей наристенин чоочуркаганынан өзүнүн өткөн өмүрүн эстеди.

Илим болсо:

– Бир аздан кийин көнүп кетет. Жумуштан кеч келем. Тамагын убагында берип, дарысын карап туруңуз. Керек болсо, телефон чалыңыз,- деп шашылыш чыгып кетти. 

Алгачкы күндөрү Айым небересине көнө албай кыйналды. Деңиз тамак жегиси келбей, кашыкты түртүп, ыйлап, уктаганда да улам ойгонуп жатты. Кээде атасын издеп, эшикти карап отурчу. Айым аны алаксытуу үчүн оюнчук берип, ырдап, терметип көрдү. Бирок бала атасы келгенде гана толук тынчтанчу.Илим жумуштан келгенде Деңизди кучагына алып, бетинен өөп, бир топко чейин жанынан чыкпай калчу. Айым бул көрүнүштү сырттан карап, уулунун баласына болгон мээримин көрүп, ичинен оор үшкүрчү.

Бир күнү кечинде Деңиз уктап калгандан кийин Илим ашканада чай ичип отурду. Айым анын жанына келип, үн катпай карама-каршы отурду.

– Балам, аябай чарчадыңбы?

– Көнүп калдым, апа.

– Жок, көнгөн жоксуң. Көзүңдөн көрүнүп турат.

– Адам баарына көнөт. Жашоомдогу эң оор нерселерди кичинемден жеңгем. Муну да жеңем.

Айым башын ийкеди. Бирок уулунун бул сөзү анын жүрөгүнө катуу тийди. Илим аны урушкан жок, күнөөлөгөн жок. Аны кечирдим да деген жок. Жөн гана апасы катары эмес, небересин карап бере турган адам катары кабыл алгандай болду. Ортолорунда бир дубал бардай эле, ошону менен бирге улуу сүйүү бар экени да сезилчү.

Айым ошол түнү көпкө чейин уктай албай чыкты. Түн ортосунда Деңиз ойгонуп, ыйлап жиберди. Айым ордунан туруп, баланы көтөрүп алды. Деңиз көзүн толук ача элек бойдон атасын издеп, эшик тарапка колун сунду.

– Атаң уктап жатат, жаным. Чоң энең бар,- деп терметти.

Бирок Деңиз тынчыган жок. Айым аны көкүрөгүнө кысып, бөлмөнү аралап басып жүрдү. Баланын кичинекей колу анын кийимин кармалап, тиктеп жатып акыры уктап кетти. Ошол учурда Айымдын көз жашы төгүлдү.

Илим да ушундай наристе болгон. Ушундай кичинекей алакандары бар эле. Бир кезде аны да бирөөнүн кучагына таштап кетүүгө аргасыз болгон. Ошондо өзүн актаганга миңдеген себеп тапкан.

 

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1247, 13-19-ноябрь, 2026-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан