Бырышкан кийимди бир заматта электр үтүгү менен бир нече мүнөттө үтүктөп кийип кете беребиз. Үтүк – күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланган. Электр тогу жок мезгилде адамдар бырышкан кийимдерди кантип үтүктөшкөн, эң биринчи үтүк кандай болгон?
Байыркы заман
Эң алгачкы үтүктүн пайда болуу тарыхы байыркы мезгилдерге барып такалат. Эң биринчи үтүк орточо көлөмдөгү жалпак таш болгон. Ташты кездеменин бырышы жазылгыча үстүнө коюп коюшкан. Бырыш жазылганча канча убакыт кетерин элестеттиңиз да.
Андан кийинки ачылыш байыркы гректерге туура келген. Алар бырыштарды жазуу үчүн ысытылган темирди колдоно башташкан. Жалпак темирди отко салып, кездеменин үстүнө басканда кездеме темирге жабышып же күйүп кете берген. Анан алар бырыш кийимдин үстүнө сууланган чүпүрөк жаап, анан ысык темирди басканда кездеме күйбөй, кошумча бырыштар да жазыларын байкашкан.
Римдиктердин бырышты жазуу ыкмасы такыр башкача болуптур. Атайын кызматчылар бырыш кийимдерди темир балканын жардамы менен тыкылдатып ургулап жазышчу экен.
Өнүгүү
Бара-бара бырыш жазуу ыкмалары көбөйө берген. Айрымдар темир кружкага кайнак суу куюп үтүктөшсө, кээ бирлер жалпак темирдин астына от жагып, кездемени анын үстүнө коюп башка жалпак темир менен бастырып үтүктөгөнгө өтүшкөн.
18-кылымда азыркы үтүктөрдүн алгачкы прототиби жаралган. Темир кутунун ичине күйүп жаткан көмүр салып, ага жыгачтан сап тагып коюшкан. Капталдагы тешиктеринен ысык пар чыгып турган. Бул үтүктүн кемчилиги – оор салмагы болчу, кеминде 10 килограммдык буюм болгон.
Алгачкы механикалык үтүк 20-кылымда Германияда пайда болгон. Ал үтүктүн ичине спирт куюлуп, ички механизмдердин жардамы менен спирт күйүп, темирди ысытып турган.
1882-жылы гана электр тогунун доору келген. Дал ушул жылы америкалык ойлоп табуучу Генри Сили эң алгачкы электр үтүгүн патенттеген.